Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:46

Х.Клинтондун Азиядагы бир апталык сапары башталды


Токио -- АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Ханеда аэропортуна келип түштү.16-февраль 2009-жыл.

Токио -- АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Ханеда аэропортуна келип түштү.16-февраль 2009-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон чет өлкөлүк биринчи сапарын Азиядан баштады. Бир апта ичинде ал Японияда, Индонезияда, Түштүк Кореяда жана Кытайда болот.

АКШнын дипломатиялык мекемесинин жаңы башчылары адатта чет өлкөлүк биринчи сапарын Европадан же Жакынкы Чыгыштан башташчу эле. Бу жолку маршрут атайын тандалып алынганын, анткени Вашингтон Азия-Тынч океан аймагындагы өлкөлөр менен байланышын чыңдаганга өзгөчө маани берип жатканын Хиллари Клинтон өзү ырастады.

Токиодо бүгүн ал орчундуу бир катар маселелердин ичинде экономикалык кризис проблемасын талкуулайт, мындан тышкары америкалык сегиз миңдей аскери контингентти Япониядан Тынч океанындагы Гуам аралдарына которуу маселесине байланышкан келишимге кол коет.

Кытайда Клинтон эки тараптуу кызматташтыктын рамкасын кеңейткенге, сөз боло турган маселелердин чөйрөсүнө финансылык кризистен тартып климаттын өзгөрүшүнө чейинки проблемаларды кошконго аракет кылат. Кытай атмосферага зыяндуу газ калдыктарын чыгаруу жагынан АКШнын өзүн такымдап кууп жетип калды.

Сапар учурундагы бардык сүйлөшүүлөрдө Пхеняндын атомдук программасы козголот. Эгер Түндүк Корея өзүнүн программасын токтотконго жана аны ачык көзөмөлгө койгонго макул болсо,Обаманын администрациясы өз ара мамилелерди нормалдаштырууга,узак мөөнөттүү тынчтык келишимин сунуш кылганга, жергиликтүү калктын энергетика, экономика чөйрөсүндөгү башка керектөөлөрүн чечкенге жардамдашууга даяр экенин Клинтон сапарга аттанар алдында дагы бир жолу эске салды.

Вашингтондогу Мурас фондусунун Азиялык иликтөөлөр борборунун илимий кызматкери Брюс Клинжнер көпчүлүк эксперттер Пхенянды өз пландарынан айнытуу кыйын экенин, бул проблеманы чечүү үчүн дипломатия менен кысым көрсөтүү тактикасын айкалыштырган комплекстүү стратегия же “акылдуу күч” ыкмасы зарыл болорун айтып жатышканын белгиледи.

Вашингтондук экинчи бир эксперт Дан Блюментал мамкатчынын Индонезиядагы эки күндүк визитин жалпы сапардын аңытындагы дагы бир маанилүү пункт катары бөлүп көрсөттү.

Индонезия демократиялык мусулман өлкөсү, мындан тышкары жалпы Азия-Тынч океан аймагында, өзгөчө АКШнын региондогу союздашы Австралия үчүн чоң мааниси бар экенин эске алганда Клинтондун Жакартада болууну чечкени жакшы кадам болду. Индонезия менен кызматташууну кеңейткенге Вашингтондун кызыкдар экенин ырасмий Жакартанын көңүлүнө салуу бардык иштер үчүн жакшы огожо болуп бере алат.
XS
SM
MD
LG