Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:47

Мамкатчы Клинтон Москвада


АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон менен Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвадагы сүйлөшүүлөр башталар алдында.
АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон менен Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвадагы сүйлөшүүлөр башталар алдында.

Москвада АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон орус жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Адегенде орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен эл аралык айрым олуттуу проблемаларды, эки тараптуу мамилелердин негизги маселелерин талкуулады. Андан соң Клинтонду президент Дмитрий Медведев кабыл алды.

АКШ президентинин Россия жана Евразия боюнча кеңешчиси Майкл Макфол мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон жетектеген делегация Москвага эки тараптуу кызматташтыкка байланыштуу бир катар конкреттүү идеялар менен келгенин айткан эле.

Орус министри менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында Клинтон жаңы идеялар жөнүндө эчтеме айткан жок. Болгону эки өлкө ортосундагы президенттик комиссиянын иш тартиби макулдашылганын маалымдады. Бу комиссияга ядролук коопсуздук маселесинен тартып энергетика,илимий-техникалык кызматташтык,экономикалык өнүгүү, атүгүл спортко чейинки чөйрөлөрдөгү практикалык кадамдардын жүзөгө ашырылышына кылдат көз салуу милдети жүктөлөт.

"Россия менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө, анын ичинде президенттер быйыл июлда макулдашкандай жаңы коркунучтарды биргелешип талдап-тактап, өз ара маалымат алмашуу иштерин активдештирүү жагынан борбор түзүүгө өтө кызыкдарбыз,-деп айтты Клинтон. – Мунун баары ракетадан коргонуу системасын орток ишке айлантканга көмөктөшөт".

Вашингтондун бул маселедеги сунуштарын Москва кылдат карап жатканын, эксперттер деңгээлинде өз ара талкуулар уланып жатканын Сергей Лавров маалымдады.

Министрлер ядролук арсеналдарды кыскартуу маселесинде эки тарап "олуттуу прогресске" жетишкенин ырасташты. Клинтон бул иште АКШ менен Россия башкаларга үлгү көрсөтүшү керектигин белгиледи. "Ядролук куралдарды жайылтпоо жагынан да биргелешип иштегенге биз чечкиндүүбүз. Жаңы келишим түзүү ишин 5-декабрга чейин аяктоо башкы максат бойдон калат",-деп ишендирди Клинтон. Муну Лавров да бышыктады.

Иран темасына кайрылып, Клинтон Тегеранга жаңы санкцияларды жарыялоого азырынча убакыт келе элек деген ойго макул болду. Бу маселеде эки тараптын позициясы дал келерин ырастап, Лавров бардык күч-аракет азыр Женевадагы биринчи сүйлөшүүлөрдө башталган процессти улантканга жумшалышы зарыл, опузалоо, күчкө салуу, санкциялар учурдагы кырдаалда тетири натыйжаларды бериши мүмкүн деп көрсөттү.

Министрлер Түндүк Корея менен сүйлөшүүлөрдү жандантуу зарылдыгын да белгилешти.

Мындан тышкары алар эки ортодогу пикир келишпеген маселелер бар экенин моюнга алышты. "Мисалы, биз Грузияга эки башка көз менен карайбыз, бу жагынан пикирибиз бир эмес, АКШ Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныбай турганын так айткан",- деп билдирди Клинтон. Бирок көз караштар төп келген бардык башка чөйрөлөрдө Вашингтон Москва менен ийиндешип иштөөнү уланта берет. Клинтон буга Ооганстанга байланыштуу иштерде кызматташтыктын кыйыры кеңейтилгенин мисалга келтирип, транзит маселесинде Москванын көмөгүн жогору баалады.

Клинтон Россиядагы жарандык коомго,мыйзам үстөмдүгүнө,бейөкмөт уюмдарынын ролуна байланыштуу маселелерди АКШ козгой берерин да кошумчалады.

"Адам укугу үчүн" кыймылынын лидери Лев Пономарев Мамдептин бул темадагы жылдык отчетторун абдан керектүү иш деп атады. Москвадагы Хелсинки тобунун жетекчиси Людмила Алексеева болсо Клинтон менен россиялык укук коргоочулардын абалын талкуулоого ынтызарланып жатканын айткан эле.

Россиялык укук коргоочулар менен өткөргөн жолугушууда Клинтон жаранчыл активисттердин куугунтукка алынып жатканына камтамачылык билдирди, бирок бул чөйрөдө түзүлгөн кырдаалга кескин баа берген жок. Мунун ордуна россиялык мамлекеттик ишмерлер жана жарандык коом менен бирдей өлчөмдө байланыш түзүү АКШга маанилүү экенин белгиледи.

Клинтон ошол эле күнү түштөн кийин орус президент Дмитрий Медведев менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Эртең ал Казанда болот.

XS
SM
MD
LG