Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

Клинтон Пакистандагы сапарын аяктады


Исламабадда АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон жергиликтүү активист аялдар менен жолукту.
Исламабадда АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон жергиликтүү активист аялдар менен жолукту.

Пакистанда АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун үч күндүк ырасмий сапары аяктады. Бул визит менен Вашингтон эки өлкөнүн ортосунда кыйла чиеленип кеткен мамилелердин айрым түйүндөрүн жандырууну, Пакистандагы антиамерикалык маанайдын мизин мокотууну көздөгөн эле.

Хиллари Клинтон үч күндүк сапары маалында жергиликтүү бийликтердин атына жылуу да, кыйгыл да сөз айтты. Адегенде ал ички коркунучтар,айрыкча куралдуу кооп-козголоң менен кармашып жаткан аскери чөйрөнүн өкүлдөрүнө жакшы оройун көрсөттү. Атүгүл аларды террорчулукка жана экстремизмге каршы күрөштө АКШнын ийиндеши жана иркектеши сыпатта мүнөздөдү.

Андан соң чыгыштагы Лахор шаарына келгенде мамкатчынын сөз апазы саал өзгөрүп, укумчул мааниде угулду. Атап айтканда, Клинтон журналисттердин соболдоруна жооп берип жатып "Ал-Каиданын", Усама бин Ладен баштаган анын жетекчилеринин сары изине түшүп куугунтуктоо жагынан чындап чыгынса Пакистандын колунан көп иш келерин белгилеп өттү.

"2002-жылдан бери "Ал-Каида" Пакистанды сыйынт кылып келатат,- деп айтты Клинтон.- Алардын кайда экенинен, кай жерде жашырынып жатканынан өкмөттөгүлөрдүн мүлдө баары ныпым кабары жоктугуна мен анчейин ишене бербейм. Кааласа аларды капкачан эле кармап алышмак. Ушул мааниде алганда, балким, "ал-каидачылардын" башчылары чын эле кармалбас адамдар болушу мүмкүн. Бу жагын айта албайм, бирок алар Пакистанда экенин биз билебиз".

Пакистан армиясы ушу тапта Түштүк Вазирстанда ар кошкон козголоңчул топторго каршы ири масштабдуу операцияларды өткөрүп жатат. Ооганстанга чектеш дал ушул аймакты көбү "Талибан" менен "Ал-Каиданын" күчтөрү, алардын башчылары өздөрүнүн кол тийгис "коругу" кылып алган жердей эсептешет.

Лахордогу жолугушуу маалында студенттердин бири АКШ эмне үчүн Пакистанды өз элине каршы согушканга мажбурлап жатканына кызыкты. Мындан тышкары америкалыктардын Пакистан аймагындагы ракеталык жапырыктарына байланыштуу соболдор коюлду.
Алдыдагы беш жылда Пакистанга 7,5 миллиард доллар өлчөмүндө жардам көрсөтүүнү чечкен АКШнын демилгеси да коомчулукта текши бирдей колдоо тапкан жок.

Исламабадда шаардык соодагерлердин бири "Пакистан АКШнын тукуругу менен өз калкына каршы урушканга аргасыз болуп жатканын, бул америкалыктар таңуулаган согуш экенин" айтып, ошону үчүн "алар пакистандыктарга акча төлөп бергенге милдеттүү" деп билдирди.

Ал эми доктор Усман Балок булардын баарынан өлкөнүн ички проблемаларын, аларды чечүүдө пакистандыктардын өздөрүнүн милдетин" көрөт. "Бул үчүн бийлик институттарын, саясатты өзгөртүшүбүз керек. Армия, эл, жалпы өлкө тыштан келген акчадан же кайыр-садакадан оңолуп кетпейт", - деп айтты ал.

Клинтон бүгүн Исламабадда уруу башчылары, активист аялдар, депутаттар менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Андан соң Абу-Дабиге учуп кетти.

XS
SM
MD
LG