Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:26

Клинтон “АКШ силерди эстен чыгарган жок” деди


Хиллари Клинтон сапарынын аягында Михаил Саакашвили менен жолугушту
Хиллари Клинтон сапарынын аягында Михаил Саакашвили менен жолугушту

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун мурдагы коммунисттик беш өлкөдөгү беш күндүк сапары аяктады. Украина, Польша, Азербайжан, Армения жана Грузияга барган Клинтон айым эң башкысы - Вашингтон Москва менен жакшы мамиледе болуш үчүн силерди садагага чаппайт деп белгиледи.

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон 5 күндө Чыгыш Европа менен Түштүк Кавказдагы 5 өлкөнү кыдырып, “биз силерди унуткан жокпуз” деген маанидеги билдирүүлөр жасады. 2-июль күнү Киевдеги маалымат жыйынында ал: “украин эли өз келечеги көздөй жолду өз алдынча тандашы керек деп эсептейбиз. Ал иште сиздер ар дайым Американын достугу менен колдоосуна ишене аласыздар”, - деген Хиллари Клинтон эки күндөн кийин Бакуда “АКШ эгемен жана демократиялуу Азербайжандын гүлдөп өнүгүшүнө колдон келген жардамын көргөзөт” деп басым жасады.

“Америка ар дайым сиздердин өз алдынча саясат жүргүзүшүңөрдү колдойт” деп кайталаган Клинтон айым андай сөздөрүн Тбилиси, Варшава жана Ереванда да айтты. Орусиянын Грузиянын жикчил Абхазия менен Түштүк Осетиядагы “баскынчылыгын” айыптаган Клинтон айым ага кошумча Польшада ракетадан коргонуу жабдыктарын орнотуу тууралуу келишимге кол коюп, Москванын ачуусун абдан эле келтирди.

Орусиянын тышкы иштер министрлиги Вашингтондун Польшадагы аскердик планы негизсиз иш аракет деп сынга алды. 5-июль күнү Орусиянын премьери Владимир Путин грузин бийликтерин ортодогу маселелерди эки тараптуу чечкендин ордуна четтен жардам издейт деп жемеледи. “Кээ бирлер ал жер басылып алынган деп ойлошот, дагы бирөөлөр ал жер бошотулган деп ишенет. Бул Грузия калкы менен Түштүк Осетиялыктар ортосундагы талаш, аны эки жак башка тараптан жардам издебей өз ара чечкени оң”, - деди Путин.

Армения менен Азербайжанда Хиллари Клинтон оппозиция өкүлдөрү менен жолукпаганы Вашингтон армян жана азербайжан бийликтери менен өтө абайлап алака түзүп, Тоолуу Карабак чатагы тынч жол менен жөнгө салынышына абдан кызыкдар экенин далилдеди дешет эксперттер. Бакудагы Туран маалымат агенттигинин директору Мехман Алиев буларды белгилейт. “АКШ-Азербайжан алакалары мурдале кризиске кабылган. Вашингтон адам укуктары, саясий укуктар жаатында Бакуну катуу сындап келген. Клинтон айымдын келгени кантсе да, Баку бул жаатта бир аз жоопкерчилик алганын айгинелейт”, - деп эсептейт Бакулук эксперт.
Бирок Хиллари Клинтон Азербайжанга барганда ал жактагы адам укуктарынын абалы тууралуу кабатырлыгын айткан жок. “Ар бир коомдогудай маселелер, албетте, бар, бирок Азербайжан бир топ жылыш жасады” деп жымсалдады.
Грузияда АКШнын мамлекеттик катчысы оппозициянын айрым өкүлдөрү менен жолукту. Мурдагы парламент спикери Нино Буржанадзе алардын партиясы тизмеге кирбей калганына нааразы болуп, “Америка Грузиядагы оппозициянын көз карашына кызыкпайт” деген билдирүү таратты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG