Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:13

Н.Дронин: Копенгагенде жаңы келишим болбой калышы мүмкүн


Копенгаген саммитине утурлап коюлган айкелдер, 08.12.2009

Копенгаген саммитине утурлап коюлган айкелдер, 08.12.2009

Копенгаген саммити күтүлбөгөн мүнөздө өтүп, жыйындар залындагы кызуу талкуулар, көчөдөгү жүздөгөн адамдардын митингдери менен коштолууда.

7-декабрдан бери Копенгаген шаарында өтүп жаткан Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү тууралуу жыйыны соңуна чыгаарына эки күн калды. Саммитке 190дон ашуун мамлекеттен өкүлдөр келген. Жыйындын соңку эки күндүк ишине бир катар президенттердин катышуусу күтүлүүдө.

Жалпыга белгилүү болгондой, жыйын башталаар алдында климаттын өзгөрүүсү менен алектенген беделдүү окумуштуулардын интернет каттары кимдир бирөөлөр аркылуу жарыкка чыгып, анда талаштуу маалыматтар табылган. Дүйнөлүк коомчулук болсо ал маалыматтарды кызуу талкуулап, ал тургай “Климатгейт” деген аталышка ээ болду.

Улуттар Уюмунун Айлана чөйрөнү коргоо программасынын адиси, климаттын өзгөрүүсү боюнча эксперт Николай Дронин “Азаттыкка” ушул маселенин айланасында кеңири маек куруп берди.


- Дронин мырза, Копенгагенде өтүп жаткан Улуттар Уюмунун климаттын өзөрүүсү боюнча конференциясынын ишин кандай баалайсыз?

- Менин оюмча, Копенгагенде өтүп жаткан конференция жагымсыз шартта башталып ошол эле маанайда уланып жаткан. Конференциянын уюштуруучулары бир оң найтыжага үмүт кылышканы менен анын жүрүшү таптакыр тескери болууда. Конференияга чейин эле башталган Климаттын өзгөрүүсү боюнча өкмөттөр аралык топтун (IPCC – Intergovernmental Panel on Climate Change. 1988-ж. БУУ жана Дүйнөлүк метеорологиялык уюм тарабынан түзүлгөн. 2007-ж. Нобель Тынчтык Сыйлыгына татыктуу болгон) беделдүү изилдөөчүлөрүнүн бири-бирине жазган каттарынын ачыкка чыкканы, анан конференция учурунда кандайдыр бир документтердин башкалардын колуна тийип калганы кызуу талаш-тартыштарды пайда кылды.

Буга кошумча Копенгагенде климаттын өзгөрүүсү боюнча альтернативдүү көз караштагылардын да отуруму болуп жатса, көчөлөрдө радикалдуу маанайдагылардын антиглобалдык чакырыктар менен коштолгон митингдери өтүп жатат. Мындай көрүнүштөр климаттын өзгөрүү теориясына каршы бир топ күчтөрдүн бириккен аракетиндей көрүнөт. Ал эми конференцияга катышып жаткан өлкөлөрдүн көз карашы ар түрдүү. Мен жаңы эле алган маалыматка караганда, көптү күттүргөн Киото протоколун алмаштыра турган жаңы келишим Копенгагенде жетишилбей калышы толук мүмкүн.


Даниянын полициясы митингдин катышуучуларын тынчытуу аракентинде, 16.12.2009
- Сиз айтып өткөн АйПиСиСинин окумуштууларынын интернет аркылуу жазган каттары ачыкка чыкты жана бул орусиялык интернет каракчылардын колунан келгени маалымдалды. Демек, мындай кара өзгөйлүккө орусиялык окумуштуулардын салымы бар десек болобу?

- Мен мындай дейт элем, бул орусиялык климатты изилдөөчүлөрдүн колунан келиши кыйын. Ал эми климаттын өзгөрүүсү боюнча концепцияны иштеп чыккан лидерлердин бири Чыгыш Англия университетинин интернет сервери бузулуп, андан алынган маалыматтар алгач Томскиде катталган интернет баракчасында пайда болгону ачыкталганы анык.

- Сөзүңүзгө аралжы. Бирок окумуштуулардын каттары илимий мүнөздө боло керек. Эгер сиз айткандай болсо ар ким эле ал каттардын маанисин түшүнө албаса керек?

- Ооба, мен эмне үчүн бул иш орусиялык климатологдордун колунан келген жок дегенимдин себеби ушунда. Анткени, Орусияда климаттын өзгөрүүсүнө каршы пикирдеги окумуштуулардын бириккен бир тобу жок. Ал эми Орусиянын расмий көз карашы – Киото протоколун колдойт. Мен бул атайын заказ деп ойлойм. Эмне үчүн? Чыгыш Англия университетинин интернет сервери 12-декабрда бузулса, беш күндөн кийин компромат материал дүйнөлүк интернет желесине илинген.

Мен дагы интернетке чыккан маалыматтарды карап көрдүм, ал жерде бир миңден ашуун материалдар жайгашкан. Алардын баарын окуп, иликтеп чыгуу көп эмгекти талап кылат. Бул бир кишинин колунан келчү нерсе эмес, жок дегенде үч-төрт киши күндүр-түндүр окуп, анализдеп чыгышы керек. Мына ошолордун ичинен жанагы чуулгандуу каттарды табуу оңойго турбайт да - андай каттар болгоу беш-алты эле.
Киото протоколун алмаштыра турган жаңы келишим Копенгагенде жетишилбей калышы толук мүмкүн.


- Демек, сиздин оюңузча ушундай татаал тапшырманы аткарууга макул болгон орусиялык интертет каракчылар дүйнөдөгү эң мыкты адистерби анда?

- Алардын эң мыкты экенин мен айта албайм. Аларга бирөөлөр заказ бериши ыктымал. Бирок каттар, материалдар адистер тарабынан иликтенгени айдан ачык.

- Анан дагы бардык материалдар англис тилинде болсо керек?

- Ооба, бардыгы англисче. Анан дагы каттарда кимдин ким экени толук жазылбайт. Мисалы, Майкл дегендей болгону ысымдар гана жазылган. Каттарды окугандар, Майкл деген белгилүү окумуштуу, климаттын өзгөрүүсү боюнча адис Майкл Манн (Michael Mann) экенин ажырата алган атайын адистердин гана колунан келген иш.

Бул каттар эмнеге келип такалат? Ал жерде үч нерсе жатат. Биринчи, белгилүү окумуштуулардын өз оппоненттеринин беделине шек келтирген сөздөр менен атаганы. Эми бул жеке каттар, кимди кандай атоо ар кимдин өз эрки дейли. Бирок ошол эле учурда ушундай интеллектуалдуу инсандардын өз каршылаштарына карата ыплас сөздөрдү пайдаланып жатканы, албетте туура эмес.

Ал эми экинчи өтө негиздүү нерсе – АйПиСиСинин белгилүү окумуштуулары өз оппоненттерине рецензияланган – илимий жаткан таанылган журналдарга жарыяланууга мүмкүнчүлүк бербөө тууралуу каттар бар. Бул алардын колунан келе турган нерсе, анткени ошол эле окумуштуулар климаттын өзгөрүүсү боюнча белгилүү илимий басылмалардын редакциялык коллегиясына киришет.

Бул өтө олуттуу негиз – анкени Майкл Манн (Michael Mann), Фил Джонс (Phil Jones), Малколь Хьюз (Malcolm Hughes), Реймонд Брэдли (Raymond Bradley) Англиядагы 2000-жылы кабыл алынган “Маалымат эркиндиги жөнүндөгү” акты бузган болуп эсептелет. Бул мыйзам бузуу жана ал боюнча сотко кайрылса болот. Демек мындан климаттын өзгөрүүсү адамдын таасири менен болууда деген көз карашка кошулбаган окумуштуулар илимий талкуудан куулуп калганы көрүнөт.

Андай окумуштуулар өз макала, көз караштарын интернетте же рецензияланбаган басылмаларда жарыялап келишет. Ал эми АйПиСиСинин окумуштуулары болсо тескерисинче, өз оппоненттерин илимий чөйрөдө таанылбаган басылмаларга эле жарыяланат деп сындашат. Демек, муну менен алар эки жүздүүлүк кылып жатышканы көрүнөт. Муну дагы соттук териштирүүгө боло турган негиз десе болот.

Манндын талаштуу "илме таягы"
Ал эми үчүнчү нерсе- бул АйПиСиСинин окумуштуулары айрым бир көрсөткүчтөрдү тууралап, жалпылап коюшканы айыпталат. Соңку миң жылдагы климаттын өзгөрүүсү тууралуу графикке байланышкан талашты айтып жатам. Илимде белгилүү болгондой, акыркы миң жылдыкта жердин жылуулук даражасы бирдей сакталып келип эле, 1970-жылдары чукул көтөрүлө баштан. Жанагы каттарда дагы ушул тууралуу сөз жүрүп, Майкл Манн соңку 2000 жылдык абанын температурасын өзгөрүүсүнүн графигин (илимде Майкл Манндын “илме таягы” (“hockey stick” graph) деген аталыш менен белгилүү) түзүп жатканда кандайдыр бир көрсөткүчтөрдү жалпылаштырып койгону айыпталат.

Бирок баарыбызга эле белгилүү болгондой, мындай өтө негиздүү эмес, жеңил-желпи жалпылаштырууга илимий ыкмалар жол берет жана бул эч кандай кылмыш эмес. Анан дагы мен жогоруда айткан жердин жылуулук даражасынын “илме таягы” буга чейин эле сындалып келген.

- Дронин мырза, бирок климаттын өзгөрүүсү глобалдык көйгөй катары аныкталап, анын артында өлкөлөр ортосундагы саясий экономикалык талаш-тартыш турат да. Анан ушундай актулдуу маселеге дагы окумуштуулар өз каалагандай мамиле жасап, ал тургай кайсы бир деңгээлде калпыстыктарга жол береби?

- Айтайын дегеним, Климаттын өзгөрүүсү боюнча өкмөттөр аралык топ – АйПиСиСи глобалдык климат тууралуу иликтөө жүргүзгөн жападан жалгыз уюм эмес. Эгер жалгыз уюм болсо, анда бул талкуулай турган маселе болот эле. Климаттын өзгөрүүсү тууралуу конвенцияга кол койгон ар бир мамлекет, (дээрлик бардык өлкөлөр аны жактырган) өзүнүн жылдык улуттук баяндамасын жарыялап турат.

Ар бир өлкөнүн мындай баяндамасынан глобалдык температуранын өсүп баратканы тууралуу ийри сызыкты көрүүгө болот. Анда тигил же бул өлкөнүн метеорологиялык кызматынын акыркы 30-40 жылдык көрсөткүчү алынат дагы, анын негизинде жылуулук даражасынын ийри сызыгы түзүлөт. Бардык өлкөлөр түзгөн ийри сызыктар температуранын өсүп жатканын көрсөтөт.
... кайсы гана өлкөдө болсун жылуулук даражасынын өсүп баратканы – факт


Ал эми АйПиСиСи болсо ошол чогулган маалыматтардын негизинде глобалдык температуранын ийри сызыгын түзөт. Дагы бир жолу айтайын дегеним, кайсы гана өлкөдө болсун жылуулук даражасынын өсүп баратканы – факт.

- Дронин мырза, Копенгаген жыйын эмне менен аяктайт деп ойлойсуз?

- Копенгаген саммити эмне менен аяктаары тууралуу үч жоромол берсе болот. Биринчи, жаңы келишим түзүлүп, анда өнүккөн өлкөлөр менен катар эле өнүгүп келаткан өлкөлөр 1990-жылга салыштырмалуу көмүр кычкыл газын кыскартууга бирдей милдеттеме алышат. Евробиримдиктин дагы көздөгөнү ушул.

Экинчиси, Киото протоколу узартылышы мүмкүн. Тактап атйканда, өнүккөн өлкөлөр абага чыкчу көмүр кычкыл газын азайтууга милдеттеме алышат, ал эми өнүгүп келаткан мамлекеттер болсо андай милдеттен бошотулат.

Киото келишиминин дагы бир өзгөчөлүгү – технологиялык жактан өнүккөн өлкө экономикасы тездик менен өнүгүп келаткан, бирок заманбап технологиясы жок өлкөнүн абага чыгарган көмүр кычкыл газын өзүнө жаздырып кое алат. Мисалы, өнүккөн Дания өз технологиясын Малайзияга сатуу менен анын абаны булгаган үлүшүн өзүнө ала алат. Бул деген иш жүзүндө, Малайзиянын өндүрүшү жаңы технолгиялык жабдууну пайдаланып, көмүр кычкыл газын азайтат дегенди түшүндүрөт.

Ал эми үчүнчү, эч кимди ынандырбаган вариант – жөн эле саясий мазмундагы документ кабыл алынып калышы да мүмкүн. Саясий декларацияда өлкөлөр климаттын өзгөрүшүн актуалдуу маселе катары тааныйт деген сыяктуу расмий кагаз болот. Адистердин баамында, тилекке каршы, ошол үчүнчү жагдай ишке ашчудай болуп турат.

- Айтсаңыз, Киото протоколу эмне берди?

Киото протоколунун майнабы аз болду. Оптимисттер Киото протоколу аз да болсо максатына жетти десе, пессимистер бул эл аралык келишим тап такыр эч нерсе кыла алган жок деп баалашат. Анткени, атмосферага чыккан көмүр кычкыл газын глобалдык деңгээлде азайтуу үчүн койгон максаттарына Киото протоколу жетишкен жок.

Көмүр кычкыл газын көп чыгарган өлкөлөр
Келишим түзүлөөрдө эки жагдай эске алынган: биринчи, эгер абага чыкчу көмүр кычкыл газын азайтуу үчүн эч кандай аракет көрүлбөсө, 1990-жылга салыштырмалуу 2010-жылы абанын курамындагы CO2 44% көбөймөк. Эгер Киото протоколу майнаптуу иштесе, бул көрсөткүч 38%, башкача айтканда 4% төмөндөмөк. Мына ушул көрсөткүчтү камсыз кылуу - Киото келишиминин эң башкы максаты болчу. Ал эми бүгүнкү күндө абага чыгып жаткан CO2 деңгээли 49% түздү. Башкача айтканда күтүлгөн көрсөткүч азаймак турсун, 5% көбөйгөн.

- Демек, Киото келишими өзүнө жүктөлгөн милдетти аткарбастан, тескерисинче саясий аңыздашуунун куралына айландыбы?

- Албетте, биринчиден талкуулардын очогуна айланды. Анткени, келишим түзүлүп жаткан маалда, Кытайдын экономикасы соңку 4-5 жылда ушундай тездик менен өнүгүп кетээрин эч ким баамдай да алган эмес. Жанагы мен айткан 38% ордуна 49% чыгып калганы дагы ошондон, ошол учурда Кытайдын ролун туура баалаган эч ким болгон эмес. Эгерде 90-жылдарды алсак, атмосферадагы көмүр кычкыл газынын жылдык көлөмү 1% болгон. Бул, албетте жакшы көрсөткүч болчу.

2003-жылы болсо бул көрсөткүч күтүлбөгөн жерден 3,6% жеткен. Анын себеби, 2000-жылдагы Кытайдын күтүлбөгөн экономикалык секириги. Анан, буга кошумча, албетте, АКШ бул келишимге кирбей койду. Кытайга болсо эч кандай чектөө коюлган эмес. Анын келишимден жаа бою качкан себеби түшүнүктүү. Кытайлар экономикалык өнүгүүсүн өз колу менен муунтпайт. Менин жеке көз карашым – Киото протоколу оңунан чыкпаган иш болду.
Киото протоколу оңунан чыкпаган иш болду


- Киото протоколунун майнабы жок болсо, Копенгагенде чечкиндүү эч кадам болбосо, анда дүйнөлүк климат эмне болот?

Азыркы саясий чечимдердин бул убакыт тилкесинде алып караганда климатка таасир этчү мааниси аз. Климат өз алдынча инертүү система. Ал эми азыркы эсептөөлөр жүз жыл алдыга жасалып жаткан прогноздор. Эгер абага кошулган көмр кычкыл газынын көлөмү өссө, теориялык жактан алып караганда, климаттын тездик менен ысышы күтүлөт. Иш жүзүндө ал кубулуш байкалууда. Болгондо дагы глобалдык климат болжолдонгондон алда канча жогору даражада жылыганы байкалууда.

Дүйнөлүк абанын орточо жылдык жылуулук даражасы 15 градус деп эсептелсе, климаттын өзгөрүүсүнүн таасири менен 0.74, градуска жылыды. Эгер биз эч кандай аракет кылбасак, бул даража 2100-жылы 4 градустан ашып кетиши мүмкүн. Бул деген өтө чоң көрсөткүч. Анын болчу залалдарын адамзат түшүнөт жана учурдагы Евробиримдиктин койгон шарты – бул көрсөткүчтү 2 градустан ашырбоо. Баарыбыз ошого аракеттениүүбүз керек.

- Рахмат маегиңизге, Дронин мырза!

"Азаттыктын" архивинен: Курчатов шаары — Семей полигонунун борбору

29-август күнү Казакстандын Семей полигонунда советтик эң алгачкы өзөктүк куралдын сыналганына 60 жыл толот. “Азаттыктын” Казак кызматынын кабарчылары Семейге барып, ушул казак тилиндеги тасманы сунушташты. Курчатов ш., 27-август, 2009-жыл.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG