Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Базар-Коргондо чогулган эл соттун чечимин күтүп атышат


Ушул тапта райондун Бишкек-Ош жолунун тушунда Өмүрбек Текебаевдин 100 чакты тарапташтары чогулуп турушат. Ошол эле учурда райондук акимчиликтин алдына тигилген боз үйдө да митингге чыккандар кетпей, отурушат. Алар Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими чыкмайынча тарабай турганын билдиришүүдө.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кармалган күнү эле Базар-Коргондо нааразылык митинги башталган. Анын катышуучулары Текебаевдин камалышын мыйзамсыз деп, аны чыгарууну талап кылышууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG