Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:45

Баш прокуратура мурдагы бийлик тушунда Улуттук банктын катыштыгы менен “Азия универсал банкы” аркылуу 3 миллиард сом уурдалганын билдирген. Биринчи май райсоту бул кылмыш иш негизинде Улуттук банктын мурдагы төрагасы М. Алапаев, АУБдун мурдагы ээси М. Надель баштаган бир катар адамдарга издөө салды.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ушул тапта тергөө амалдарынын натыйжасында 2009-жылдын декабрь айынан тарта 2010-жылдын апрель айына чейин Улуттук банктын катыштыгы менен “Азия универсал банкы” аркылуу 3 миллиард сом (67 миллион АКШ долларына барабар) уурдалганы аныкталды. Маалыматка караганда, мындай операция Орусиянын каржы рыногундагы баалуу кагаздарды сатып алуу аркылуу жасалган.

Бул кылмыш иши боюнча Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту АУБдун директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы М.Надель баштаган айрым жетекчилерине жана Улуттук банктын мурдагы төрагасы М.Алапаев баштаган кээ бир жетекчилерине издөө жарыялады.

Улуттук банктын мурдагы жетекчиси М.Алапаев.
Буга чейин Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү К.Бакиевдердин үй-бүлөсү ошол эле АУБ баштаган айрым банктар аркылуу 7-апрелдин алдында шашылыш түрдө 200 миллион доллардай (9 миллиард сом) каражатты чыгарып кеткенге үлгүрүшкөнүн айтышкан.

Башкы прокурордун маалымат катчысы Кубанычбек Сабыровдун айтымында, 3 миллиард сомго байланыштуу аталган кылмыш иши менен 7-апрелдин алдында чыгарылып кеткен каражаттар боюнча кылмыш иши эки башка. Ал эми аталган 3 миллионго байланыштуу кылмыш иши аяктап калды:

- Бул кылмыш ишинин жүрүшүндө азыркы учурда беш кишиге издөө салынып, аларга карата Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту бөгөт коюу чарасынын камакка алуу түрү тандалган. Алар “Азия универсал банкы” ААКсынын директорлор кеңешинин төрагасы М.Надель, «Central Asian Stock Exchange» жабык акционердик коомунун президенти А.Акжолов, Улуттук банктын мурдагы төрагасы М.Алапаев жана анын орун басары К.Бөкөнтаев, ошондой эле АУБдун директорлор кеңешинин мүчөсү С.Конокбаев бар. Бул бешөө издөөдө. Калгандары бул жерде тергөөгө катышып, көрсөтмөлөрдү берип атышат.

2005-жылы да бийлик алмашкан маалда өлкөнүн каржы рыногунда тынчсыздануулар пайда болуп, кийинки келген бийлик мурдагысынын үстүнөн кылмыш иштерин козгоп, Башкы прокуратура өлкөдөн чыгарылып кеткен каражаттарды издөө максатында бир катар банктарды текшерген болчу. Анда жоголгон каражаттарды издегендердин башында Азимбек Бекназаров турган эле. Быйыл да бийлик алмашкан соң сот, прокуратура тармагын дал ушул фигура көзөмөлдөп, мурдагы бийликке тиешеси бар делген банктар дүрбөлөңгө түшүп калышкан. Алардын эң башкысы Максим Бакиевдин эң жакын өнөктөштөрүнүн бири Михаил Наделге таандык “Азия универсал банкы” болчу.

АУБдун ээси М.Наделге кылмыш иши козголгонуна жана аталган банктын өз милдеттерин аткара албай калганына байланыштуу Улуттук банк ага консервация режимин киргизген болчу. Банктын бардык ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө максатын көздөгөн консервация режиминен кийин, Улуттук банк кыйын абалда калган АУБду куткаруу планын көтөрүп чыккан. Бирок Бишкек шаардык райондор аралык соту бул планды колдобогон чечим чыгарып, АУБ дале ара жолдо турат.

Кызыкчылыктар кагылышы...

Убактылуу өкмөттүн ичинде “Азия универсал банкы” боюнча бир пикир болгон эмес. Бир даары бул банкты сактап калуу планын айтса, башкалары ага каршы чыгып келишкен.

Кыргызстандын Улуттук банкы
“Кыргызпромстройбанкты” мурдагы бийлик тушунда АУБ өзүнө күчтөп сиңирип алганы тууралуу Бишкек шаардык сотунун чечими бар. Эми бул маселени Жогорку Сот ошол боюнча калтыра турган болсо “Кыргызпромстройбанкы” АУБдан бөлүнүп чыгып, АУБ банкрот болушу ыктымал. Бирок Улуттук банк жан далбастап аткан АУБду сактап калып, көптөгөн филиалдары бар гигант банктын скелетинде жаңы банк түптөө ниетинен кайтпай турат.

Экономист Талан Кемеловдун пикиринде, бул жерде кызыкчылыктардын кагылышы болуп атканы көрүнүп турат. Анткени “Кыргызпромстройбанктын” ээлеринин бири болгон Муратбек Мукашев 7-апрелден кийин банкты кайтарып алуу аракетин күчөтүп, сот жана прокуратура тармагын тескеп келген Азимбек Бекназаров менен ымала түзгөнү айтылган.

Бирок президент Роза Отунбаеванын кечээки буйругуна караганда, вице-премьер-министр Азимбек Бекназаровдун тескей турган тармагы чектелип, эми ал Ички иштер министрлиги менен Жаза өтөө мамлекеттик кызматын гана координацияламай болуп калды. Андыктан таасир этчү күчтөр азайып, ачыктык пайда боло түшкөн шартта Жогорку Сот башкача чечим чыгарышы да ыктымал.

Эми бийлик алдында өлкөдөн чыгарылып кеткен каражаттарды кайтаруу маселеси чыкты. 2005-жылы мурдагы президент Аскар Акаевдин үй-бүлөсү чыгарып кеткен каражаттарды кайтаруу аракеттери көрүлүп, ал тургай чет элдик “Либерман” аттуу юридикалык компаниясы жалданган. Ошол кездери вице-премьер-министр болуп турган Данияр Үсөнов кийин “Либерман” компаниясына кызматы үчүн 500 миң долларды өз чөнтөгүнөн бергенин айтып чыккан. 2005-жылдан кийин Башкы прокурор болуп турган Азимбек Бекназаров да катуу аракет көрүмүш болгон. Бирок А.Акаевдердин мүлкүн издөө иштери ошону менен ордунан жылган эмес.

Азыр да К.Бакиевдер чыгарып кеткен каражаттар изделип, анын суммасы ушул кезге чейин такталууда. Өткөн айда Кыргызстанга Европа Биримдигинен делегация келип, анын курамындагы немис парламентинин депутаты Виола фон Крамон айым журналисттердин суроолоруна жооп берип, К.Бакиевдер чыгарып кеткен каражаттарды кайтарууга жардам берерин айткан. Германиялык депутаттын айтымында, мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев башындагы топ 7-апрелдин алдында Кыргызстандан 272 миллион АКШ долларын чыгарып кетишкен. Эми парламенттик системага өтүп, ачыктык пайда болгон шартта жоголгон каражаттар бир жаңсыл болмоюн айтыла берери бышык.
XS
SM
MD
LG