Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Иран АКШны санкцияларды узартпоого чакырды


Иранга каршы санкцияларды 10 жылга узартуу боюнча мыйзам долбоору Сенатта 1-декабрда жактырылган. Президент Хасан Роухани ага кол койбоого президент Барак Обаманы чакырды.

Иран парламентинде 4-декабрда сүйлөгөн сөзүндө президент Роухани санкцияларды узартуу алты ири мамлекет жана Иран жетишкен ядролук келишимге каршы келерин белгиледи. Кошмо Штаттар өз кезегинде санкцияларды узартуу келишимге каршы келбейт деген пикирде болууда.

Кошмо Штаттар Иранга карата санкцияларын сактап турат. Анын мөөнөтү быйыл 31-декабрда аякташ керек эле. Ирандын руханий лидери Али Хаменеи эгерде Кошмо Штаттар санкцияны узартса, Иран ага жооп чараларын кабыл аларын билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG