Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

TRANSPARENCY INTERNATIONAL: КОРРУПЦИЯНЫН ТАМЫРЫН КЫРКУУ КЕРЕК


Коррупцияга каршы күрөш жаатын иликтеген дүйнөдөгү негизги бейөкмөт уюмдардын бири бүгүн (23-сентябрда) өзүнүн жылдык баяндамасын жарыялады. Берлинде жайгашкан Transparency International көз карандысыз агенттиги дүйнөнүн чар тарабындагы мамлекеттик мекемелерде паракорчулуктун канчалык деңгээлде жайылгандыгына байкоо салып келет. Бул жылы жарыяланган баяндама өткөн жылдагыдан эмнеси менен айырмаланат? Коррупциянын араанын ачканы же ооздукталганы тууралуу көрсөткүчтөрдө өзгөрүүлөр бар?

Аткаминерлердин паракордук иш-аракеттери тымызын жүргүзүлгөндүктөн, коррупциянын чыныгы деңгээлин так баалоо өтө кыйын. Бирок баш кеңсеси Берлинде жайгашкан Transparency International көз карандысыз агенттиги жыл сайын улам жаңы усулга таянып, ар тараптуу иликтөөсүн жүргүзүп келет. Аталган агенттик өзү жашаган өлкөдөгү кырдаалды жакшы билген серепчилер жана ишкер адамдар арасында сурамжылоо жүргүзүп, коррупциянын деңгээлине байкоо салат.

Transparency International агенттигинин бул жыл үчүн жарыяланган жаңы баяндамасына ылайык, Евробиримдикке жаңыдан кошулган Румыния, Болгария өңдүү өлкөлөрдө коррупциянын деңгээли анча төмөндөгөн эмес.

Ал эми Балкан жарым аралындагы Евробиримдикке кирүүгө үмүт байлап турган Босния жана Герцеговина, Македония жана Сербия сыяктуу өлкөлөрдө паракорчулук менен күрөшүү багытында алгылыктуу иштер дээрлик жүргүзүлгөн эмес.

“Муну кантип түшүнүүгө болот?” деген суроо менен “Азаттык” үналгысы Transparency International агенттигинин саясат жана иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси Робин Ходесс айымга кайрылганда анын жообу мындай болду:

- Евробиримдикке кошулууну каалаган өлкөлөр үчүн ага кабыл алынуу жараяны бул өлкөлөрдө өтө маанилүү жана олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келчү күчкө тете. Евробиримдик – бул саясий жана экономикалык блок. Transparency International агенттиги Евробиримдикке кирген өлкөлөрдө дагы жогорку талаптар болушу керектигин айтып келет. Албетте, Евробиримдикке мурда кирген өлкөлөрдө дагы коррупция көйгөйү бар экени деле талашсыз.

Transparency International агенттигинин бул жылы жарык көргөн билдирүүсүнө ылайык, мурдагы жылы саал жылыштарды камсыз кылган Кыргызстанда быйыл өткөн жылга салыштырмалуу коррупциянын деңгээли саал жогорулаган. Ал эми Грузияда, тескерисинче, төмөндөгөн.

Эмне үчүн? Робен Ходесс айымдын айткандарын уксак:

- Бул жерде эки нерсе рол ойнойт. Анын бири – “атулдук үн кошуу”. Бул - өзгөрүүлөрдү талап кылган, өзгөрүүнү самаган, саясий лидерликти издеген эл үнү. Бул үн, бирок, чыныгы саясий эрк менен да коштолууга тийиш. Демек, бул теңдеменин эки жагындагылар бири-бири менен жуурулушса, атуулдар өз өкмөтүн добуш берүү аркылуу же атуулдук коомдогу жандуу талкуу аркылуу өз талаптары жөнүндө кабардар кылып турса, дал ошондо кырдаал акыйкаттыкка негизденбей жатканы, коррупция калкка кесепет тийгизип жатканы, алардын бакыбат турмушуна зыян келтирип жатканы таасын айгинеленет. Экинчи жагынан, өкмөт да эл аралык кысымдын болгон-болбогонуна карабастан, коррупцияга каршы өзгөрүүлөргө багыт алып, жаңы системаны калыптандырышы абзел. Маселен, бардыгы үчүн тең иштеген адилет, калыс сот системасы – коррупцияга каршы күрөш жүргүзчү башкы институттардын бири.

Айрым өлкөлөр коррупция менен күрөшүү тууралуу көп сөз айтканы менен, чындыгында, анчалык көп ийгиликтер байкалбады.

Transparency International агенттигинин билдирүүсүнө ылайык, өткөн жылдан бери көрсөткүчтөрүн оңдой албагандардын катарына Борбор Азия өлкөлөрү кирет. Орусия жана Украинада болсо коррупция ого бетер кеңири кулачын жайган.

Ал эми согуштук жаңжалдардын чордонунда калган Ирак менен Ооганстанда коррупция менен күрөшүү экинчи маанидеги маселе бойдон калууда. Transparency International уюмунун өкүлү Робин Ходесс айымдын айткандарын уксак:

- Коррупциядан башка дагы маселелер күн тартибинде турат, ал – экинчи орундагы маселе деп саноо туура эмес. Бул - Transparency International уюмунун өзөккү чакырыгы. Тийешелүү кадамдар жасалбаса, коррупция улам кайтып келе берет жана өлкөнүн буга чейинки саясий, экономикалык абалын оңдоо аракеттерин жокко чыгарат.

Transparency International агенттигинин өкүлү Ходесс айым коррупция менен күрөшүү үчүн ошол өлкөлөрдө мыйзамдык системаны жана саясий эркти калыптандыруу өзгөчө зарыл экенин белгилейт.

Ал эми Transparency International агенттигинин Кыргызстан боюнча берген баасына карата пикирин сурап, “Атуулдук коом” коррупцияга каршы бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаиловага кайрылганыбызда, ал буларга токтолду:

- Бул изилдөө жөндөн-жөн чыккан жок. Анткени бул дүйнөгө белгилүү, эгемендүү көз караш менен жасалган жылдык иш. Ошон үчүн Transparency International агенттигинин айтуусу боюнча бул көп булактуу маалыматтар менен экономикалык жана саясий жактан түзүлөт. Кыргызстандын деңгээли жылдан-жылга түшүп жатканы абдан өкүнүчтүү. Акчасыз Кыргызстанда эч бир иш бүтпөйт. Эң туура баа.

Дүйнөлүк Банк, же болбосо Азия өнүгүү банкынын Кыргызстанга жардамдары жемиштүү болдубу, же кандайдыр бир тоскоолдуктар болуп жатабы ушуга караш керек. Анткени демократиянын эң негизги тепкичи экономикада. Эгемендүү бизнес структуралар кандай өнүксө, ошончолук коом таза болуп, элдин турмушу оңолот. “Doing Business” докладына ылайык, Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн жакшыраак шарттар түзүлгөн экен. Бирок Transparency International агенттигинин отчетуна караганда, ошол бизнес структуралар “Кумтөр” болобу, же башка тоо-кен ишканалар болобу, Кыргызстанда кандай иш жүргүзүп жатат дегенде тоскоолдуктар абдан көп, мүмкүнчүлүктөр аз, ал эми чечимдер элге жарыяланып, таза болбой жатат деп жооп кайтарар элем.

XS
SM
MD
LG