Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

К. АЖИБЕКОВА: КАСТРОДОН КИЙИН ДАГЫ КУБА САЯСИЙ БАГЫТЫН ӨЗГӨРТПӨЙТ


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Кубада Фидель Кастро бийликтен кетти. Анын кетиши менен Кубада өзгөрүүлөр болобу? Дегеле Кубаны 49 жыл башкарган Кастро өлкөнүн тарыхында кандай ролду ойноду? “Азаттык” үналгысынын ушул суроолоруна Коммунисттер партиясынын төрайымы Клара Ажибекова жооп берди.

-Клара айым, Фидель Кастронун бийликтен кетиши боюнча Орусия жана Батыштын саясатчылары да өз пикирлерин билдиришти. Фидель Кастронун бийликтен кетүү чечимин сиз кандай баалап жатасыз?

- Фидель Кастро 20-21- кылымдагы улуу адам, дүйнө жүзүндөгү эл аралык коммунисттик кыймылдын эң көрүнүктүү лидерлеринин бири. Ар бир нерсенин башталышы, өсүп-өнүгүүсү жана бир убакытта ар бир лидердин иштеген ишинин жыйынтыгы болот. Менимче, Фидель Кастро өзү жакшынакай туруп, “ден соолугума байланыштуу” деп кетип жатканы өзүнө критикалык мамиле жасап жаткан позициясы. Мен ойлойм, Кубадагы социалисттик революцияда жана Латын Америкасында Фидель Кастронун ролу күчтүү болду. Андан кийин Чили. Чынын айтканда кийин ал жерде процесс башка болуп калды. Венесуэлладагы революция, Уго Чавес келип, жалгыз эле Латын Америкасы эмес Советтер союзу талкаланып, Чыгыш Европа талкаланып жаткан кезде Фидель Кастронун ролу абдан бийик жана чоң болгон. Көрсө жалгыз эле сан эмес, сапат дагы абдан чоң роль ойнот экен. Кенедей мамлекет, калкы биздин Кыргызстандан 2 эсеге көбүрөөк, бирок аны АКШ өңдөнгөн имериалисттик лагерь муунтуп турат.

-Клара айым, сиз айтып кеттиңиз, Фидель Кастронун Кубада башкарып турушу Кубанын тарыхында чоң ролду ойноду деп. Ал эми дүйнө мамлекеттерине кандай таасирин тийгизди?

- Советтер союзу талкаланып кезде дагы Фидель Кастро, Куба бекем туруштук берип турду. Мына ошондо Кыргызстандын коммунисттерине, бизге ушунчалык чоң жөөлөк жана моралдык күч болуп турду. Бүгүнкү күндө дагы Фидель Кастронун ошол моралдык күчү бийик. Биз ал киши менен сыймыктанабыз. Мен кичинекей кезимде эле Фидель Кастро, Рауль Кастро, Че Гевара деп өсүп, ушуларды туу кылып келгем.

-Батыш саясатчылары Фидель Кастронун бийиликтен кеткени Кубанын жаңыланышына алып келет деп жоромолдошууда. Кастронун кетиши менен Кубанын саясатында өзгөрүүлөр болушу мүмкүнбү?

- Кубанын саясаты социалисттик саясаттан кетпейт деп ишенем. Азыр анын иниси Рауль Кастро турат. Ал беш жашка кичүү. Советтер союзунун, социализмдин көпчүлүк жерлерде талкалангандын негизинде, биздин элдер көрүп жатат социализм жөнөкөй элге кандай бир чоң бийик нерсе болгонун. Ошон үчүн мен Куба социалисттик жолунан кайтпайт деп ишенем. Бүт бардык жерде талкаланып жаткан кезде Фидель Кастро, Рауль Кастро, Че Гевара өңдүү уулдарды өстүргөн Куба өзүнүн социалисттик коомун алып калды. Ошон үчүн мындан кийин дагы Куба социалисттик жолунан кайтпайт деп мен ишенем. Фидель Кастро жана Рауль Кастро эмне үчүн абдан кыйын? Анткени аларды эли колдойт. Анткени Фидель Кастро эли каалаган саясатын жүргүзүп келген.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG