Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:00

Президенттин былтыр жарыяланган жаңылануу багытында негизинен экономикага көбүрөөк басым жасалат. Соңку кездердеги мамлекеттик стратегиялык ишканалардын менчикке кетишин да бийлик өкүлдөрү экономикалык зарылчылык катары көрсөтүшүүдө. Ушундай эле максат менен өкмөт тарифтерди да жогорулаткан. Деги өлкөнүн экономикалык багыты кайда алып барат?

Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси, президенттин кичүү уулу Максим Бакиев Кытайга иш сапары менен барып, Кыргызстан ал өлкөнүн өнүгүү тажрыйбасын үйрөнүүгө дилгир экенин билдирген. Ошол эле өнүктүрүү агенттигине баш ийген бир катар төбөлдөр, “Азия арстандары” деген атка конгон Сингапур, Малайзиянын өнүгүү жолдорун өрнөк кылып жүрүшөт.

Эгер Кыргызстандын башкаруучулары дал ошол багытты тандап алышкан болсо, анда аталган өлкөлөрдө демократия деңгээли кыйла эле төмөн экени көңүл бура турчу нерсе.
Биз алыс барбай эле өзүбүздүн чоң кошунабыз Кытайды карап үйрөнүшүбүз керек. Кытайдагы экономикалык өнүгүү акыркы жыйырма жылдагы чоң секирик.
У.Ормонов

Маселен, “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун тизмесинде парламенттик өлкө болгон Сингапур сөз эркиндиги боюнча өтө эле төмөндө, 140-орунда турат. 1965-жылдан бери бул өлкөнү “Элдик аракет” аттуу бир гана партиянын өкүлдөрү башкарып келатат. Мыйзамдары катаал Сингапурда өлүм жазасы кеңири колдонулат. Экономикалык кылмыштар үчүн да катаал жазалар киргизилген.

Ошентсе да Сингапур абдан эффективдүү рыноктук экономикасын түзүүгө жетишкен өлкө. Сингапур өкмөтүнүн “дүйнөдөгү эң эле таза, коррупциялашпаган өкмөт” деген да атагы бар. “Азия арстандары” аталган мамлекеттердин катарындагы бул өлкө кыска аралыкта зор өнүгүүгө жетишип, ушул тапта дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттердин катарында турат.

Айрым талдоочулардын пикиринде, соңку кездери кыргыз бийлиги да экономиканы ыкчам көтөрүү жолдорун издеп келишет жана жогорудагы өлкөлөрдүн жолун жолдоп демократиялык баалуулуктарга азырынча баш ооруткулары келбегендей.

“Ак жол” фракциясынын төрагасы Улугбек Ормоновдун айтымында, алыс барбай эле Кыргызстан кошуна Кытайдын экономикалык өнүгүүсүнөн көп нерселерди үйрөнсө болот. Бирок ошол эле маалда Кыргызстандын демократиялык баалуулуктарды да чогуу ала жүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар:
Улугбек Ормонов

- Мен ойлойм, биз алыс барбай эле өзүбүздүн чоң кошунабыз Кытайды карап үйрөнүшүбүз керек. Кытайдагы экономикалык өнүгүү акыркы жыйырма жылдагы чоң секирик. Биз ушул жагын карашыбыз керек. Анткени булар биринчиден биздин коңшу мамлекет. Экинчиден, биздин мамилелер абдан тыгыз боло баштабадыбы.

Ошондой эле биз өнүгүүдө өз жолубузду тандап алышыбыз керек. Мына, акыркы жыйырма жылда Швейцарияга да окшошкубуз келди, башка өлкөлөрдү да туурайбыз дедик. Андыктан Кыргызстандын өз жолу болушу керек. Биздин кыргыз элибиз илгертен ачык коом болуп келген.


“OIC” компаниясынын адиси Талант Кемеловдун пикиринде, экономиканын тез өнүгүүсү үчүн Сингапур сыяктуу чечкиндүү экономикалык реформаларды жасап, инвестициялык климатты жакшыртуу, нагыз атаандаштыктын негизиндеги рынокту түзүү жана мамлекеттин бизнеске кийлигишпөөсү керек. Бирок коррупция көнүмүш ишке айланган Кыргызстанда мындайды жасоо кыйынга турмакчы. Анткени, ал өлкөлөрдө коррупциянын деңгээли абдан төмөн жана андай иштерге барган чиновниктер катаал жазаланат. Ал эми Кыргызстандагы абал тескерисинче.

Ал эми “Ата мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, бүгүнкү бийликтегилер өздөрү баш болуп баары-жогун менчиктеп, сатып аткан шартта коррупциялашпаган экономикалык системаны куруу мүмкүн эмес. Анын айтымында Өнүктүрүү агенттиги, Өнүктүрүү фонду, “MGN Group” компаниясы, “АзияУниверсалБанк” сыяктуу бири-бирине чиркелишкен схема боюнча акча агымы азганекей топтун чөнтөгүнө агып атканы буга айгине:
Ө.Текебаев

- Булар Кыргызстандын мамлекеттик менчиктеринин дагы арзан баада, дүңүнөн жана майдалап четинен сатып атышат. Бул – алтын кендери, башка стратегиялык тармактар... Мына жакында эле “Кыргызтелеком” менен “Түндүкэлектро” сатылып кетти. Менимче бул кадимки эле примитивдүү рейдерчилик.

“Түндүкэлектрону” сатып алган “Чакан ГЭС” Бишкек-Чүй каналындагы эскилиги жетип, иштебей турган бир нече ГЭСтен турат. Алардын финансылык абалы мышык ыйлай тургандай. Мамлекет эптей албаган “Түндүкэлектрону”, чакан эмес чоң ГЭСтер эптей албаган “Түндүкэлектрону” ошол “Чакан ГЭС” эптей алмак беле. “Чакан ГЭСтин” артында үй-бүлө мүчөлөрүнүн кулагы көрүнүп турат. Андыктан бийликтин экономикалык реформалары өлкөнү сазга батырууда.

Бийликтин теоретиктери элдин башын айлантып атышат. “Мына Малайзияда, Чилиде, Сингапурда диктатура, бирок экономикасы өсүп кетти” деп атышат. А эмне үчүн бизде 18 жылдан бери үй-бүлөлүк башкаруу, диктатура, өзүм билемдик болуп келатат, бирок өнүгүп-өскөн жокпуз? Демек биз башкаруунун башкача, демократиялык формасына өтө турчу убагыбыз келди деп эсептейм...

“Мына Малайзияда, Чилиде, Сингапурда диктатура, бирок экономикасы өсүп кетти” деп атышат. А эмне үчүн бизде 18 жылдан бери үй-бүлөлүк башкаруу, диктатура, өзүм билемдик болуп келатат, бирок өнүгүп-өскөн жокпуз?
Өмүрбек Текебаев

Ошентсе да айрым экономисттер бүгүнкү бийлик экономиканы оңдобосо жашоосу кыйындаарын түшүнүп турганын, андыктан чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө шарттарды түзүүдөн башка жолу жок экенин белгилешет. Президент Курманбек Бакиев да ишкерликке ыңгайлуу шарттарды түзүү - өлкөнүн негизги милдети экендигин байма-бай айтып келатат.

Президенттин “Жаңылануу багытында” да мамлекет бизнести колбала катары санабасы жана анын ишине кийлигишпей тургандыгы баса айтылат. Бирок ал жакта демократиялык негизги баалуулуктар болгон сөз эркиндиги, саясий эркиндиктер, адам укуктары тууралуу азыноолак гана айтылат. Маселен, “адам укуктарын тутуу мыйзам алкагында болуп, башка адамдардын, коомдун же жаратылыштын укуктарын чектебеши керек” деп жазылат. Ал эми укук коргоочулар болсо, бийликтегилер башка адамдардын укуктары бузулуп атат деген шылтоо менен жарандардын тынч, куралсыз митинг-пикеттериди өткөрүү укуктарын чектеп коюшканын айтып келишет.

Оппозиция өкүлдөрүнүн ырасташынча - бийликтеги бир үй-бүлө бүтүндөй өлкөнүн байлыгын ачык эле тоноп атышат жана “Түндүкэлектро”, “Кыргызтелеком” сыяктуу ишканалар да бийликтеги бир эле топтун кызыкчылыгы үчүн сатылып кетти. Өз кезегинде өкмөт тарап, “мамлекеттин карамагындагы ири ишканаларды сатуу учурдун талабы, бул ишканалар менчик колго өткөндө гана пайдага иштей башташат” деген жоопторду берип келатышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG