Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

ЕККУ байкоочулары: Кыргызстан демократия курууга даяр экенин көрсөттү


ЕККУ байкоочулар миссиясынын өкүлү Катарина Неведалова парламенттик шайлоо Кыргызстандын эли тарыхтын жаңы барагын ачып, стабилдүү жана натыйжалуу демократия курууга даяр экенин көрсөттү деп билдирди журналисттерге. Ал эми миссиянын башчысы Мортен Хоглунд активдүү жана плюралисттик парламент демократиянын турукташына негиз болду деп билдирип, өзү Кыргызстандагы саясий плюрализм, жарандык жоопкерчилик жана элдин маанайына таң калганын жашырбады.

Ал кечээки шайлоо буга чейинки шайлоолордон айырмаланып, шайлоочулардын каалоосун чагылдырды, бул жерде бийликтин да эркин, шайлоону демократиялык жол менен өткөрүүгө жасаган аракетинин натыйжасы болду деп айтты. ЕККУнун байкоочулар миссиясы шайлоо учурунда айрым техникалык мүчүлүштүктөр, тизмеге көп жарандардын кирбей калышына байланыштуу кемчиликтер болгондугун билдиришти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG