Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:15

Словак жана чех партиялары өкмөттү кантип түздү?


Чехия. СДПнын лидери Петр Нечас (солдо) жана оппозициячыл ЖДПнын лидери Иржи Парубектин (оңдо) сүрөтү түшүрүлгөн шайлоо плакаты. Острава шаары. 26-май, 2010
Чехия. СДПнын лидери Петр Нечас (солдо) жана оппозициячыл ЖДПнын лидери Иржи Парубектин (оңдо) сүрөтү түшүрүлгөн шайлоо плакаты. Острава шаары. 26-май, 2010

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча жаңы кыргыз өкмөтүн 5-6 партия өз ара мунаса менен түзүүгө тийиш. Ушундай жагдай быйыл жайда Чехия менен Словакия да болду.

Кыргызстандай эле 5 миллион калктуу Словакияда 12-июнда болгон парламенттик шайлоодо беш проценттик чекти алты партия аттаган. Премьер-министр Роберт Фиц башындагы “Багыт-Социал демократия” партия 35 процент добуш менен 150 орундуу парламентте 62 мандатты алды. Бирок өкмөткө кирбей калды жана оппозицияга ооду. Анткени алды 15 процент, арты 8 процент добуш алган төрт орточул-оңчул партия биригип, биз өкмөт курабыз деп чыгышты. Бул төрт партияга парламентте 79 орун таандык. Бул партияларды Словакия парламентинин Конституция жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин мүчөсү Андрей Достал мындай сыпаттады:

- Парламентке кирген төрт партия тең шайлоого чейин Роберт Фицтин өкмөтүн сындап, оппозицияда жүрдү. Алар ошондо эле бийликтеги өкмөт менен коалиция түзбөсүн айтып жатышкан. Шайлоонун жыйынтыгында оппозиция парламенттеги көпчүлүк орунду жеңди. Ошон үчүн алар жаңы коалицияны түздү.

Андрей Достал венгр азчылыгынын кызыкчылыгын коргогон “Most-Hid” партиясынын мүчөсү. Ошентип Словакияда консерваторлор, либералдар, христиан-демократтар жана венгр партиясы ынтымакка барып, коалициялык өкмөттү курду. Премьер-министрлик портфель Ивета Рогучовага тийди. 53 жаштагы профессор-айым жетектеген Словак демократтык жана христиандар союзу шайлоодо экинчи келип, 28 мандат алган. Андрей Досталдын түшүндүрүшүнчө, төрт партиянын программалары окшош болгондуктан алар 15 күнгө жетпей өкмөттүн курамын макулдаша алган:

- Коалиция тез түзүлгөн себеби алардын программаларынын мазмуну көп жагынан жакын болчу жана алар мурдатан эле бийликтеги партияга альтернатива түзүүнү каалашкан. Өкмөттүн курамы боюнча сүйлөшүүдө кыйынчылыктар болду деп айта албайм. Албетте сүйлөшүү өкмөттүн программасы, министрлик орундар жөнүндө болду. Анткени партиялардын өлкөдөгү проблемарды жөндөө боюнча көз караштары ар башка эле. Ага карабай беш партия жалпы бир платформага тез жетишти.

Словакия парламенти жыйынга мүчөлөрүнүн теңинен көбү же 76 депутат катышкан учурда спикерди, анын орун басарын шайлашат, өкмөткө, министрлерге ишеним көрсөтпөө маселесин колго салышат. Мыйзамдарды кабыл алуу үчүн жөнөкөй көпчүлүктүн же 39 депутаттын добушу зарыл. Конституцияны өзгөртүү кеминде 90 депутаттын макулдугу керек.

10 миллион калктуу Чехияда 27-28-майда болгон парламенттик шайлоо өкмөттү алмак-салмак башкарып келаткан эки чоң партиядан элдин көңүлү калганын айкын көрсөттү. Социал-демократтар - ЧСДПны шайлоочулардын 22 проценти жана Жарандык демократтык партия - ЖДПны 20 проценти колдоду. Анткен менен бул эки башкаруучу партия 2006-жылкы шайлоодогудан 1,5 миллион добуш аз алды.

Натыйжада, ЧСДП парламенте 56, ЖДП 53 орунга ээ болду. Бирок Иржи Парубек башындагы социал-демократтар башка партиялар менен тил табыша албай, өкмөткө такыр кирбей калды. Анын жүйөөсүн “Cesky Rosglas-6” радиосунун саясый талдоочусу Даниел Раус мындай түшүндүрдү:

- Парламенттик шайлоодо жеңген эң чоң партия - СДП башка партиялар менен келишип, өкмөт түзө албай койду. Себеби парламентке кирген партиялардын көпчүлүгү социал-демократтар менен иштешпейбиз деп коюшту. Буга СДПнын лидери Иржи Парубектин иш стили негиз берди. Ал мурда башка партиялар менен ашыкча көп жөөлөшүп жүргөн. Ошон үчүн СДП парламентте көпчүлүк мандатка ээ болсо да азыр оппозицияда.

Чехиядагы шайлоонун экинчи күтүүсүз жагы жаңы партиялардын: былтыр негизделген европачыл Top-09 17 процент менен, Коомдук иштер партиясынын 11 процент добуш алып, тийиштүү түрдө 41 жана 24 мандат утканы болду. Беш проценттик чекти багындырган коммунисттер парламентте 26 орунга жетти.

Словакиялык коллегаларынан айырмаланып, Чехиянын парламенттик партиялары өкмөттү 1,5 айда араң түзүштү. Портфелдер үчүн күрөш кандай жүргөнүн Даниел Раустан мындай мүнөздөдү:

- Жаңы өкмөттө министрлик орундар үчүн, өзгөчө Тышкы иштер жана Финансы министрликтери үчүн күрөш өтө катуу жүрдү. Бул эки портфелди эки чоң партия СДП менен ЖДПы аябай талашты. Top-09 партиясы да биз парламентте силерден кем эмес күчкө ээ болушубуз керек деп чыкты. Талаш чоң болду. Себеби СДПга тышкы иштер министри жана финансы миистри болууну каалаган эки күчтүү лидери бар. Акыр аягында СДП өз талабынан тайды.

Ошентип кызуу сооданын аягында маарага экинчи келген Жарандык-демократтык партиянын лидери Петр Нечас премьер-министр, Тор-09дун эки лидери Карел Шварценберг вице-премьер жана тышкы иштер министри, ал эми Мирослав Калушек финансы министри болуп калды.

Чех партиялары эмне үчүн Тышкы иштер жана Финансы министрликтерине мынчалык чоң маани берет? Анын жайын Даниел Раус мындай түшүндүрөт:

- Менимче, бул эң алды Чехиянын батышчыл саясатчыларына байланыштуу. Алар Чехия күчтүү өлкө болгонго катар тышкы саясатта эч кимге ыктабай өз алдынча болушуна умтулушат. Ошон үчүн ар бир партия тышы иштер министри менен финансы министри өзүнөн болсун дейт. Ким акча маселесин чечсе, ал көп саясый проблемаларды жөндөй алат. Ушинтип тышкы саясатта Тышкы иштер министрлиги, өлкө ичинде Финансы министрлиги баарынан маанилүү. Андыктан парламенттик шайлоонун жеңүүчүлөрү дайыма премьер-министр плюс финансы министринин же премьер-министр плюс тышкы иштер министринин орду үчүн күрөшөт. Бул - Чех Республикасынын саясаты.

Чехиянын парламенттик партиялары бир жарым ай тартышып жатып, жаңы өкмөттү түзгөндө ал баарынан да мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздап, коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшөт деп макулдашты. Андан тышкары Петр Нечас башындагы курама өкмөт бюджеттик тартыштыкты 2013-жылга эки эсеге кыскартып, ички дүң жыйымдын үч процентине түшүрүп, пенсия жана саламаттыкты сактоо системасын реформалоого, ошондой эле университеттерде окууну акылуу кылууга тийиш.

XS
SM
MD
LG