Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Чех сенатору: кыргыздар парламентаризмге татыктуу


Кыргызстанда өткөөл өкмөт парламенттик демократия орнотууну көздөп жатат. Бирок демократиялык салттар терең тамыр жайбаган коомдо кандай да идеалдуу түзүлүш болбосун, ал тоталитардык системага ооп кетиши оңой эле. Ушул жаатта Чехиянын Сенатынын төрагасы Премысл Соботка "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

Чехия 1918-жылдан Нацисттик Германия басып алган 1939-жылга чейин парламенттик демократия болгон. 1989-жылы коммунизм кыйрагандан кийин өлкө парламентаризмге кайра кайтып келди. Ушул аптанын соңундагы парламенттик шайлоодо оңчул ОДС же Жарандык Демократтия партиясынын тизмесинде ат салышып жаткан Сенаттын төрагасы Премысл Соботка Чехословакияда Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин коммунисттер бийлеп тургандагы мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн мындайча эскерди:

- Ар бир тоталитардык система бийликке келээри менен эле парламентти таркатат же анын ишин кескин чектеп коет. Коммунисттердин убагында бизде да парламент бийликтин кол баласы болгон. Депутаттардын алтургай Прагада кеңселери болгон эмес, алар жер-жерлерден келишип, Чехословак Компартиясынын Борбордук комитети чечкен маселелер боюнча жапырт кол көтөрүп, кайра кетип калышчу.

1993-жылы экиге бөлүнүп кеткен Чехословакияда коммунисттер 1946-жылы парламенттик демократиянын шартында, жалпы элдик шайлоодо жеңип алып бийликке келишкен. Соботка Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин жумурият ал кезде Сталин башкарып турган Советтер Союзунун таасир чөйрөсүндө калгандыктан, жана согуштун айынан партиялар жабылып, же өз ишин алгылыктуу жүргүзө албай калган татаар шартта коммунисттер шайланып калганын белгилейт.

Согушка чейинки Германияда да Адольф Гитлердин нацисттик партиясы 1933-жылы парламенттик шайлоодо жеңип алгандыгы маалым. Бирок маектешибиздин ишениминде, бүгүн Чехияда, жалпы эле Европада бир партия билгениндей бийлеп калат деген коркунуч жок, себеби шайлоодо бир гана партия жеңген күндө да, демократиялык институттар кабелтең келип, эркиндик тууралуу түшүнүк элдин аң сезимине терең сиңгендиктен, Батышта демократиянын кылын кыйшайтуу дээрлик мүмкүн эмес:

- Шайлоонун эркин жана акыйкат өтүшү жана көз карандысыз парламенттин болушу демократиянын башкы шарты. Мунун мааниси зор. Мен ар бир өлкө ушундай мүмкүнчүлүккө ээ болсо деп тилейт элем. Бүгүн Батышта – Англияда, Америкада, Чыгышта Түштүк Корея сыяктуу демократия терең тамыр жайган өлкөлөрдө парламенттик система татынакай иштеп жатканын көрүп жатабыз.

Премысл Соботка 2003-жылы чех делегациясынын курамында Кыргызстанда болгон. Сенат төрагасынын айтымында, ал кездеги кыргыз бийликтери делегаттарды элге жолуктурбай, алардын ар бир кадамын көзөмөлдөп турган.

Кыргызстанда учурдагы бийлик сунуш эткен Конституциянын долбооруна парламенттеги мандаттардын басымдуу көпчүлүгүн, 120 орундун 65тен ашыгын эч ким ала албайт деген шарт киргизилүүдө. Чех парламентине жергиликтүү партиядан талапкер болуп жаткан Сенаттын төрагасы мындай шартка абдан таң калганын жашырган жок. Саясатчы шайлоочулардын добушун мындайча чектөө демократияга жатпай калаарын белгилеп, Кыргызстандын эли бул кыйынчылыктан жол таап чыга алат деген үмүтүн кошумчалады:

Премысл Соботка Жаңыл Жусубжан менен өз кабинетиндеги маек учурунда, Прага, 25-май, 2010-жыл.

- Мен мындайды түшүнбөйм, бул мен үчүн эркин шайлоо эмес. Албетте кандай партиялар катышып жаткандыгына, алардын программасына, демократияга карата мамилесине да караш керек. Кыргыздар эркиндиктерди чектеп кое турган партиялардан коркушу мүмкүн. Парламенттик демократия дароо эле жаралып калбайт, анын белгилүү каада-салты болушу керек. Мен бул системага терең ишенем. Мен Кыргызстанда болгом жана кыргыз жарандары мындай системаны кура алат деп үмүттөнөм.

Чех Жумуриятында мыйзамгерлерди шайлоо 28-29-май күндөрү өтүүдө. Анда солчул багыттагы социал-демократтар, алардан бөлүнүп кеткен Жарандардын Укуктары деген жаңы партия, коммунисттер, оңчулдардан Соботка мүчө болгон ОДСтен тышкары жаңы түптөлгөн Топ-09, ОДСтен эбак өзүнчө кеткен КДУ-ЧСЛ, "Жашылдар" өңдөнгөн ар кыл саясий партиялар ат салышууда. Былтыр катоодон өткөн, сөз эркиндиги жана адам укуктары үчүн күрөшкөн Чехиянын Каракчылар жана ашкере оңчул Социалдык Адилеттик Жумушчу партиялары да 5 пайыздык чекти алса, мыйзам чыгаруу жараянына кошулуп калат.

Чехияда партия түзүү үчүн бир миң кишинин кол тамгасы жетиштүү, аз бирок саз демекчи, өлкөдө 12 гана партия бар. Алардын ортосунда атаандаштык бүгүн конкреттүү маселелердин арасында жүрүп жатканы байкалат. Мисалы, азыр эң популярдуу саналган социал демократтар өлкөнүн эң ири электр компаниясынын кирешесинен пенсионерлерге 13 пенсия төлөп берүүгө жетишебиз деп сөз берсе, ОДС партиясы дарыгерге барганда ар бир жолу бир жарым доллар кириш акысын төлөөнү сактап калууну туура көрөт. Топ-09 партиясынын «оорулуу акча үнөмдөөнү эмес, ден соолугун бекемдөөнү каалайт» деген жарнамасына караганда, ОДСтен бөлүнүп кеткени менен, бул партия да мындай төлөмдөрдү сактап калууну жактаарын билинет.

Чехияда демократиянын анын байдубалы бекем болгон менен, кемчиликтер жок эмес. Мисалы, партиялар бир биринин быкыйын чукуган, кимдир бирөөлөр партия лидерлерине жумуртка жаадырып, же мас кишилер мушташ чыгарган учурлар жок эмес, партиялар бири бирин каралаган жарнамалар айрыкча быйыл көп илинүүдө. Бул жааттагы кемчиликтерди Премысл Соботка да моюнга алды:

ОДСтин СДПга каршы жарнамасы, жарнама ээси кимиси экени айтпаса да түшүнүктүү. 25-май, 2010-ж.

- Эң туурасы (шайлоо өнөктүгүндө) программаларды талкуулашыбыз керек эле. Бирок бизде жеке адамга асылуу көп болуп атат. Бир жери мындай өнөкөттү биздин партия баштаган эмес, муну социалисттер баштаган. Бул жакшы жөрөлгө эмес. Анын кесепетинен элдер өйдө жактагылар баары ыплас деп айтышат, бирок чынында андай эмес.

Мындай кемчиликтерге карабастан, Чехияда аталган партиялар ар бир шайлоодон кийин жетиштүү добуш ала албай, башка партиялар менен сөз табышып, коалиция түзүүгө мажбур болушат.

Парламенттик системада ар кыл күчтөр мамлекеттин кызыкчылыгын эске алуу менен өз ара келишип, ынтымакташууга мажбур болушат. Анын кесепетинен чечимдерди кабыл алуу кээде өтө эле узакка созулуп кетиши мүмкүн. Андан көрө бийлик президенттин колунда болсо, балким элдин үмүтү көбүрөөк акталмактыр? Соботка президенттик системанын коркунучу бир кишинин бийлигине оңой эле ооп кетиши мүмкүн экендигинде дейт:

-Чехияда президенттин милдеттери кайсы экени, өкмөттүн курамын аныктоодогу укуктары Конституцияда так айтылган. Ал мыйзамдарга вето кое алат. Азыр президентти парламент шайлайт. Эгер Конституция президентти жалпы эл шайлай турган болуп өзгөрсө, менин жеке көз карашымда, анын ыйгарым укуктары да кеңейиши керек болот. Бирок бүгүнкү күндө бизге эки палаталуу парламент эле жетиштүү.

XS
SM
MD
LG