Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

Далай Лама: Кытай бийлиги Тибетти «тозокко» айлантты


Тибетти Кытайдын басып алганынын 50-жылдыгы күнү тибеттиктер Жаңы Делиде демонстрацияга чыгышты, 10-март 2009
Тибетти Кытайдын басып алганынын 50-жылдыгы күнү тибеттиктер Жаңы Делиде демонстрацияга чыгышты, 10-март 2009

Тибеттиктердин сүргүндөгү руханий жолбашчысы Далай Лама бүгүн антикытайлык көтөрүлүшкө байланыштуу сүйлөп, Кытай өкмөтүн тибеттиктердин көөнө маданиятын жок кылууда деп сындады.

Далай Лама 10-марттагы сөзүндө тибеттиктердин 1959-жылкы Кытай баскынчылыгына каршы ишке ашпаган көтөрүлүшүнүн 50-жылдыгына байланыштуу сөзүндө, Кытай өкмөтү Тибетти «тозоктун жерине» айлантты деди.

Бозгундагы тибеттиктердин мааракелик жыйыны Индиянын Дармасала шаарында өттү.

Жарым кылым мурдакы улуттук боштондук көтөрүлүштөн соң мекенинен качкан Дамай Лама тибеттиктер көптөгөн саясый өнөктүктөрдөн, анын ичинде Мао Цзедун жүргүзгөн Маданий ыңкылаптан «аябагандай запкы жешкенин» белгиледи.

Бирок, миңдеген адамдардын өлүмүнө карабай, Кытай бийлиги тибеттиктердин рухун сындыра албайт, деди Далай Лама:

«Менин оюмча, коммунисттер түрдүү методдорду колдонот: мээни айлантат, жалган маалымат таратат, (тибеттиктерди) жактоого алат, ошондой эле абакка салат, кыйнайт, зулумдук кылат. Бирок тибеттиктердин рухун эч качан майтара алышпайт».

73 жаштагы Далай Лама коммунисттик Кытай жетекчилигин айоосуз сындаганы менен, Кытай бийлиги менен өз ара иштешүүгө макул экенин, ал үчүн Тибетке чыныгы автономия берилиши зарыл экенин билдирди:

«Биз келечекке саресеп таштап жана эки тараптын пайдасын ойлоп иштешибиз керек. биз, тибеттиктер, мыйзам чегиндеги нукура автономияны каалайбыз. Мындай келишим тибеттиктердин Кытай Элдик Республикасынын алкагында жашоосуна мүмкүндүк түзөт».

Тибеттик бутпараз кечилдер былтыр борбор шаар Лхазада уюштурган тынч демонстрация төрт күндөн кийин антикыйталык ири тополоңго айланып, Кытайдын батышындагы тибет калктуу башка аймактарга да жайылып кеткен.

Козголоң Кытай коопсуздук күчтөрү тарабынан айоосуз басылып, качкын тибеттиктердин ырасташынча, 200дөн ашуун адам набыт болгон.

Расмий Бээжин 21 адам өлгөнүн айтып, алардын өлүмү үчүн күнөөнү козголоңчу «бейбаштарга» жүктөгөн.

Быйыл Кытай бийликтери Тибетке жана ага ынапташ үч процинцияга кошумча аскер жайгаштырып, коопсуздук чараларын күчөттү. Бул аймактагы тогуз жолдун тоомдорун жана почтаканаларды куралдуу черүү кайтарууда.

Кытайдын тышкы иштер министрлиги Далай Ламанын мааракелик сөзүн «куру жалган» деп сыпаттап, коммунисттик бийлик Тибеттеги орто кылымдык диний феодалдык кулчулук түзүлүштү жойгонун билдирди.

Ошондой эле АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасын Тибеттеги куугунтуктуулорго тынчсыздануусун билдирген резолюцияны бекитпөөгө чакырды.

Кытайдагы улуттук азчылыктар бул жылы дагы бир зор тарыхый окуянын мааракесин - Чыгыш Түркстан мамлекетинин коммунисттик Кытай тарабынан талкаланышынын 60 жылдыгын белгилешет.

Тарыхый Чыгыш Түркстандагы (азыркы Шинжаң-Уйгур автоном районундагы) беш жыл өкүм сүргөн бул мамлекеттин коргоо министри - кыргыз уулу, генерал Ысакбек Монуев болгон.

XS
SM
MD
LG