Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:59

АКШ Конгресси Пентагонго Орусия менен кызматташууга тыюу салды


Вашингтондогу капитолий, АКШ
Вашингтондогу капитолий, АКШ

АКШ Конгрессинин палата өкүлдөрү 2017-жылдын аскердик бюджетин бекитти. Аталган документ Конгресстин расмий сайтына жарыяланды. Анда Орусия менен эки тараптуу аскердик кызматташууну каржылоого тыюу салынды.

Москва менен кызматташтык аннексияланган Крымды Украинага кайтарып, Донбасстагы жикчилдерди колдоону токтотконго чейин үзүлөт. Документте аскердик кызматташтыкты калыбына келтирүү үчүн Москва Минск келишимин ишке ашыруусу зарыл экени жазылды.

Орусия Крымды 2014-жылы аннексиялап алган. Кийинчерээк Донбасста чатак башталган. Украина жана эл аралык коомчулук Кремлди жикчилдерге куралдуу колдоо көрсөтүп жатканы үчүн айыптоодо. Өз кезегинде Москва Орусиянын армиясы Украинадагы конфликтке кийлигишкен жок деп ишендирип келет. (SDz)

XS
SM
MD
LG