Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:14

Жалал-Абад шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө коркутуу жүрүүдө


Шайлоо учуру
Шайлоо учуру

Жалал-Абад шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө карата коркутуу күчөдү. Атын атабоону өтүнгөн Жалал-Абад Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү 2-декабрда КСДП партиясына карата чыгарган чечимден кийин, төрайым баш болгон жергиликтүү жетекчилер, УКМК кызматкерлери тарабынан куугунтук-коркутуу жүрүп жатканын билдирди.

2-декабрда “Ата Мекен”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата-Журт” партияларынын арызынын негизинде Жалал-Абад АШКсы кезексиз жыйынга чогулган. Арызда КСДП партиясынын тизмеги гендердик баланс сакталбастан куралып, айрым талапкерлердин документтери толук эмес экени аныкталган. Жыйын жүрүшүндө Жалал-Абад шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Бактыкан Нуралиева кетирилген кемчиликтерди өз моюнуна алган. Натыйжада жыйындагы комиссиянын бардык мүчөсү КСДП партиясынын шайлоо тизмесин жокко чыгарган токтом кабыл алып, БШКга жөнөткөн.

Көп өтпөй Боршайком КСДП партиясынын шайлоо тизмегиндеги мыйзам бузуучулук, партия каттоого алгангандан 24 сааттын ичинде АШК тарабынан каралышы керек болчу деп, мөөнөт өтүп кеткендигине байланыштуу КСДПнын шайлоого катышуу укугун күчүндө калтырды. (SDz)

XS
SM
MD
LG