Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:26

Ушул аптада дүйнөнүн чар тарабы британдык табият таануучу Чарльз Дарвиндин 200 жылдыгы менен анын «Түрлөрдүн жаралышы» аттуу китебинин 150 жылдыгын белгилөөдө.

Көптөгөн өлкөлөрдө Дарвиндин эволюция жана биологиялык ар түрдүүлүк боюнча илимий ачылыштары заманбап биологиянын өзөккү ачылышы катары эсептелсе, Иран жана Ооганстан сыяктуу айрым мусулман өлкөлөрүндө Дарвиндин окуусун мектептерде окутууга тыйуу салынып келет.

Абдан көп сандаган адамдар үчүн 19-кылымдагы британдык окумуштуу Чарльз Дарвин (Charles Darwin) - салттуу түшүнүктөрдү бузган эволюция жана табигый тандоо теориясы аркылуу алардын дүйнө таанымын түп тамырынан өзгөрткөн илимпоз. Дарвиндин теориясы боюнча, жашоонун бардык түрлөрү эң байыркы доорлордогу орток башаттык өзөктөн табигый тандоонун натыйжасында өнүгүп чыгышкан.

Мындан эки жүз жыл илгери 12-февралда жарык дүйнөгө келген англис окумуштуу Дарвин эл ортону элүүгө келгенде жазган илимий чыгарма бүркөлгөн асмандагы булут арасынан чыга келген күндөй болгон. Секулярдык өлкөлөрдө, анын ичинде пост-советтик мамлекеттерде Дарвиндин окуусу орто мектептерде да, жогорку окуу жайларында да дүйнө таанымынын башкы теориясы катары окутулуп келет.

Бирок алигиче анын илимий окуусу эскичил диниятчылардын каарына калып жатканын, ал түгүл бир катар өлкөлөрдө бул теорияга тыйуу салынганын бардык эле ала-тоолуктар билишпесе керек.

Маселен, Ооганстан менен Иранды алалык. Иран бийлиги Дарвиндин теориясын исламдагы адамдын жаралышы тууралуу жобого каршы келгени үчүн мектептердин окуу китептеринен дээрлик алып салган.

Ал эми бүгүнкү Ооганстанда Дарвиндин теориясы өзгөчө талаштуу маселе катары каралып, эгерде аны мектептерде окутуу далаалаты жасала турган болсо, абдан катуу айыптоолорго кабылышы, кала берсе, чоң чатак чыгышы да мүмкүн.

Германияда билим алган оогандык биолог Мухаммад Сабир мырза - Ооганстандын Билим берүү министрлиги тарабынан өлкө мектептерине улуттук окуу планын даярдоо үчүн түзүлгөн адистик топтун мүчөсү. Анын айтымында, Дарвиндин теориясын Ооганстандын окутуу программаларына киргизбей коюу – негизинен саясий чечим болгон.

- Ооганстан диний мамлекет. Адамзаттын келип чыгышы тууралуу Дарвиндикинен башка да бир катар теориялар бар. Учурдагы кырдаалды эске алуу менен мектептерде Дарвиндин теориясынын окутулбаганы оогандыктарга эле пайдалуу болот деген чечим болгон. Анткени аны киргизчү болсок, саясий атаандаштардын козголоңдук отуна май тамызганга тете болмок.

Көптөгөн оогандыктар өлкөдөгү коомчулуктун абдан эскичил жана караңгы бөлүгү Дарвиндин кишинин жан-жаныбарлардан өөрчүп-өсүп чыккандыгы тууралуу жобосун тыңдоого да даяр эмес деп санашат.

Мухаммад Сабирдин айтымында, ооган мектептери адамзатты Кудай жараткан жана эч кандай эволюция деген сыяктуу жараян жок деп окутушат. Бул жобого кайчы келген башка окуулардын бардыгы ислам динине каршы иш катары эсептелиши мүмкүн. Ошол себептүү Ооганстандын Билим берүү министрлиги Дарвинди окуу планына киргизүү калайыкта бийликке каршы өтө олуттуу оппозицияны жаратып, элдин бийликке болгон кыжырлануусун күчөтөт деп чочулайт жана мындай этият жана астейдил мамиле жөн жеринен чыккан эмес.

Эгерде Ооганстандын окуу пландары Дарвиндин теориясын таптакыр өзүнө жуутпай жатса, ал эми Ирандын окуу китептеринде англис окумуштуусунун эмгектери көптөгөн жаралуу теорияларынын бири катары үстүртөн гана эскерилип өтөт.

Тегеран университетинин студенти Ширин Хосейни айымдын айтымында, Дарвин жана анын илимий эмгектери тууралуу көбүрөөк билгиси келгендер үчүн китепканаларда кененирээк материалдар жок эмес. Бирок алар жергиликтүү китепканалардын корундагы мындай китептерди өз алдынча издөөгө мажбур.

- Дарвин тууралуу окугандарымдын баарын мен өз ыктыярым менен издеп окудум. Иранда негизи Дарвиндин ысымы, ал адамдын жаралышын изилдегендиги тууралуу учкай гана эскерилет. Бирок исламдык диний окутуулар Дарвиндин теориясына үстөмдүк кылып, алгачкы киши оболу Адам Ата катары жаралганын, адамзат андан тараганын айтат. Бул жакта жаралуу жараяны так ушундайча сыпатталат.

Ошентип, Иранда Дарвиндин эмгектерин табуу кыйынга туруп, коомчулугу деле аны ачык талкуулоого анчейин ашыкпай турган чакта, ага коңшу Ооганстанда расмий бийлик британдык залкар илимпоздун теориясын окутуу аркылуу коомдо дүрбөлөң пайда кылып албайлы деп чочулап келет.

Кыргызстанда да соңку жылдары Дарвиндин теориясына каршы сын пикир билдиргендер акырындап баш көтөрө баштады, бирок өлкөдөгү секулярдык окуу системасы Дарвиндин окуусуна негизденип, тарых сабагында динчилердин башка пикири бар экендиги тууралуу учкай гана эскерилип өтөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG