Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

Жолу татаал легитимизация...


Бийликтен четтетилген Курманбек Бакиев ыйгарым укуктарын таштабай турганын, өзүн дале президент деп эсептээрин айтууда. Убактылуу өкмөт өзүнүн коллегиялык чечимин (декрет) чыгарып, негизги жетекчилик кызматтардын баарын алмаштырган. Бийликти толук легитимдештирүүгө дагы алты ай бар. Ага чейин Убактылуу өкмөт өлкөнү кандай башкарат?

Убактылуу өкмөт мыйзамдык жактан абдан татаал абалда турат. Бийликтен четтетилген президент Курманбек Бакиев ыйгарым укуктарын таштабай турганын, өзүн күнөөлүү деп сезбесин айтууда. Өкмөттү башкарып келген Данияр Үсөнов арыз жазууга аргасыз болуп, өкмөт таркады. Дээрлик басымдуу бөлүгү К.Бакиевдин “Ак жолунан” турган парламентти жаңы бийлик Декрет кабыл алып, жоюп жиберди. Он төрт адамдан турган Убактылуу өкмөт ушул тапта Жогорку Кеңештин, өкмөттүн, президенттин да ыйгарым
Баш мыйзамдын долбоорун талкууну мүмкүн болушунча ачык жүргүзгөнгө аракет кылабыз.
Өмүрбек Текебаев
укуктарын аткарып калды. Сексен ашуун адамдын өмүрүн жеген окуядан соң бардык бийликти колго кармап турган он төрт адам алты ай ичинде убада кылынып аткан олуттуу реформаларды жасай алышабы? Ага чейин өлкө кандай башкарылат?

Толук легитимдүү жолго түшүү үчүн Убактылуу өкмөт жаңы баш мыйзам кабыл алып, алты ай аралыгында жаңы шайлоолорду өткөрүшү керек. Убактылуу өкмөттө Конституциялык реформа багытын жетектеген Өмүрбек Текебаевдин айтымында, эми үч ай аралыгында Убактылуу өкмөттүн чечими менен элдик референдум жарыяланып, баш мыйзам кабыл алынат. Андан соң шайлоолор белгиленет. Ага чейин баш мыйзамдын долбоору ачык тулкууга коюлмакчы:

- Эми демократиялык, саясий атаандаштыкка жол берген, экономикадагы эркиндикти камсыз кылган, массалык маалымат каражаттарынын эркиндигин камсыздаган баш мыйзам болот.

Баш мыйзамдын долбоорун талкууну мүмкүн болушунча ачык жүргүзгөнгө аракет кылабыз. Бириккен улуттар уюмунун, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, Европа кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушканда биз ушул маселелер жаатында жардам берүүлөрүн сурандык. Алар каржылык жактан дагы, эксперттик кеңеш жагынан дагы, талкууну уюштуруп, жалпы элге чыгарып аны жыйноо жагынан дагы бизге жардам беришерин бизге убада кылышты.


Мындай легитимдешүү процесстери бүткөнгө чейин жалпы бийликти он төрт адамдан турган Убактылуу өкмөт жүргүзөт. Убактылуу өкмөттүн Декретине ылайык, жаңы баш мыйзам кабыл алынганга чейин 2007-жылдын 21-октябрында К.Бакиев элдик референдум аркылуу өткөрүп алган баш мыйзам юридикалык күчүн сактап турат.

Президенттик Институтка кирген Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги, президенттин аппараты, катчылыгы, Коопсуздук жана коргонуу боюнча президенттин мамлекеттик кеңешчисинин кызматы, Президенттик кеңешме жана Өнүктүрүү кеңеши жоюлду. Андан тышкары Мамлекеттик тышкы иштер министри деген кызмат орду да жоюлду.
Мен өзүмдү күнөөлүү сезбейм. Менин күнөөм - ошол кан төгүлүп канчалаган балдар каза болду, ошону алдын-ала билбегенимде...
К.Бакиев

Ал эми калган бардык мамлекеттик түзүмдөрдү Убактылуу өкмөт түз тескеп, жетекчилерди бекитүү жана алуу эрежелери өкмөттүн декреттери (Убактылуу өкмөттүн жардыгы) аркылуу жүргүзүлөт.

Жаңы өкмөттүн кадрдык баш-аламандыгы жана кеткиси келбеген К.Бакиев

Бирок дал ошол жетекчилерди алуу жана бекитүү маселеси талаштуу болушу ыктымал. Анткени алты ай аралыгында маанилүү чоң кызматтарга Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ар кимиси өз кишисин коюп калууга жан үрөп, ич-ара чыр-чатак ырбашы мүмкүн дешет. Маселен, 8-апрелден бери Бажы кызматынын жетекчиси үч жолу алмашканы буга мисал дешет.

8-апрелде Т.Сариев Бажы кызматынын жетекчилигине Дмитрий Феодоровду коюп кеткен. 9-апрелде А.Бекназаров барып Эрнис Акматовду койгон. Бүгүн А.Атамбаев Бажы кызматына барып, жетекчиликке Кубаныч Кулматовду дайындады. “Мындай баш аламандыкка Бажы кызматынын өздүк курамы нааразы”,- дейт А.Молдобаев.

Ошентсе да Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Алмазбек Атамбаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип атып, өлкөдөгү оор кырдаалга байланыштуу кадр маселесинде башында аз-маз түшүнбөстүктөр болуп кеткенин, учурда жаңы дайындоолор бардык өкмөт мүчөлөрүнүн жана өкмөт жетекчисинин макулдугу менен жүргүзүлүп атканын, кадрдык маселелерде талаш-тартыш жок экенин билдирди:

- Кичине башында баш-аламандык болуп атты. Кырдаал ошондой болчу. Мен да Москвада жүрүп аттым. А болбосо бардык маселелер өкмөттүн ичинде, бир пикирге келип туруп, төрайымдын макулдугу менен чечип атабыз.

Ал арада бийликтен четтетилген президент Курманбек Бакиев “Азаттыкка” берген маегинде, аны 77 пайыз эл былтыркы шайлоодо колдогонун, жакында эле өткөн Ынтымак курултайы да анын реформалык багыттарын кубаттаганын, бийликти куралчан төңкөрүшчүлөр басып алганын, ыйгарым укуктарын таштабасын белгиледи:

- Бир 10-15 киши эле төңкөрүштү уюштуруп, кан төгүп... Эми мен кетсем өзүмдү күнөөлүү сезишим керек. Мен өзүмдү күнөөлүү сезбейм. Менин күнөөм - ошол кан төгүлүп канчалаган балдар каза болду, ошону алдын-ала билбегенимде...

Ал эми Баш прокурордун милдетин аткарып аткан Байтемир Ибраев бүгүн журналисттерге маалымат берип, ушул тапта өкмөт К.Бакиевди кармоо боюнча декрет чыгарууга камынып атканын, тиешелүү чечим чыккан соң К.Бакиевдин кол тийбестиги күчүн жоготуп, аны кармоо операциясы жүргүзүлөөрүн билдирди. Өз кезегинде К.Бакиев жаңы бийлик менен сүйлөшүүгө даяр экенин, аны кармоого аракеттер жасалса дагы кан төгүлүп кетерин эскертүүдө. Ушундай шартта өлкөнүн толук легитимдүү багытка бурулушуна дагы алты ай бар.

XS
SM
MD
LG