Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:44

Орусия-Түркия: Кызматташтыктын жаңы деңгээли


Түркия президент Абдуллах Гүл жана Орусия президенти Д. Медведев. Анкара. 12-май 2010-жыл
Түркия президент Абдуллах Гүл жана Орусия президенти Д. Медведев. Анкара. 12-май 2010-жыл

Орусиянын президенти Дмитри Медведевдин Түркияга болгон сапары учурунда эки өлкөнүн мамилелерин жаңы деңгээлге көтөргөн бир катар маанилүү келишимдер түзүлдү.


Президент Д. Медведевдин жуманын башында бул өлкөгө болгон эки күндүк сапары, алмустактан бери кээде жоолашып, кээде достошуп келген бул эки кошуна мамлекеттин байланыштарында жаңы бир баракты ачкандай көрүнөт. Кансыз согуштун жылдарына мүнөздүү тирешүүлөрдү, Борбор Азия жана Кавказ чөлкөмүндө таасирдүүлүк үчүн болгон эрегишүүнү таштап, эки өлкө шаршемби күнү 20 мииллиард доллардык атом станциясын куруу келишимине, баш-аягы 20 чакты келишимге кол коюшту.

Эки кошуна өлкөнүн экономика жана соода тармагында мамилелерин чындоо, тынчтык максатта колдонулуучу өзөктүк энергетиканы өндүрүү боюнча кызматташтыкка жол коюлушу, баарынан мурда эки өлкөнүн ортосунда бир айлык мөөнөткө болсо дагы визанын алынып салынышы, бул эки кошуна өлкөнүн мындан ары өз-ара жакындашуусуна, бирин-бири өз-ара түшүнүүсүнө жаңыча шарттарды жаратып береринде күмөн жок дешет адистер.

Медведев менен конок ээси Түркиянын президенти Абдуллах Гүлдүн эки өлкөнүн өз ара соодасынын көлөмүн алдыдагы беш жылга 100 миллиард долларга көтөрүү жөнүндөгү билдирүүлөрү, мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине алып чыгууга умтулуулары эки өлкөнүн саясий чечкиндүүлүгүнөн кабар берип олтурат.

“Кийинки жылдардын ичинде биздин мамилелелрибиз радикалдуу өзгөрдү жана бүгүнкү күндө биз, бул байланыштар стратегиялык, көп кырдуу жана биздин жашоо турмушубуздун бардык чөйрөсүн камтыган мүнөздөргө ээ болгонун айта алабыз
”,- деди Россия президенти Д. Медведев.

Түрк президент Абдуллах Гүл болсо:
“ Түркия менен Россиянын байланыштары ар бир чөйрөдө өнүгүп жатат. Биздин бул жердеги сүйлөшүүлөрүбүздө байланыштарды көздөн өткөрүүгө мүмкүнчүлүк таптык жана биз аймактык жана эл аралык маселелерде көз караштарыбыз бир жерден чыкканына абдан кубандык. Биз регионалдык проблемаларды диалог аркылуу чечиш үчүн бирге иштөө тууралуу келиштик”,- деп билдирди.

Басма сөз жыйынында Медведев Армения менен Түркиянын байланыштарын нормалдаштыруу жараянына да колдоо билдирди.

Мамилелердин нормалдашуусу аймактык туруктуулукка салым кошуп, экономикалык байланыштарды өнүктүрөт жана турмуш жашоо шарттарын жакшыртат. Биз бул жараянды колдойбуз. Биз колдогу бардык күч кубатты жумшоого даярбыз, бирок акыркы чечимди тийиштүү тараптар гана чыгара алышат”, деп баса белгиледи Д. Медведев.

XS
SM
MD
LG