Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

ЖАЛАЛАБАТ: Д.САДЫРБАЕВДИ ЖЕРДЕШТЕРИ ЭСКЕРҮҮДӨ


Таанымал саясатчы, үлкөн маданий ишмер Дооронбек Садырбаевдин көз жумганы тууралуу кабарды анын Ноокен районундагы жердештери терең кайгыруу менен кабыл алышты. Ал өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүнө чоң салым кошуп, эски жана азыркы бийликтин кемчиликтерин ачык-таасын сындап, адал иштеп, ак жашаган. Бүгүн (30-майда) сөөгү Аларча көрүстөнүнө коюла турган Эл артисти Дооронбек Садырбаевдин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/05/781A1E3D-6F5F-4C7B-93F8-11047E5CFF23.asp өмүрү жана чыгармачыл жолуна ушундай бааларын берген анын классташ, мектептеш, тууган адамдары жана шакирттери менен Ырысбай Абдыраимов баарлашкан.

Райондун Ноокен айылынын жашоочусу Ташболот Жоробаев сейрек таланттуу, коомдук жана маданий ишмер Дооронбек Садырбаев менен Ленинжол орто мектебинде бир класста окуган. Парламенттин өкүлү болуп, Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышындагы сессияларда курч маселени көтөрүп, райондун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө жакшы салым кошкон, деп айтты ал:

- Биз Дооронбек менен 1956-1957-жылдары 9-10-класстарда бирге окуганбыз. Бирге окуп, бирге жүргөнбүз, ал жакшы окуган. Депутат болгондон кийин да келгенде учурашып жүрдүк. Союздаш республикаларда болду, Түркияда иштеп келди. Депутат болгондо бизге көп жакшылыктарды кылды.

Кыргыз адабияты менен искусствосуна сиңирген эмгегиндей эле Садырбаевдин саясаттагы орду да бөтөнчө. Кыргыз коомчулугу анын жүрөгү сокпой калгандан бери оппозиция, бийлик деп экиге бөлүнбөй, мамлекеттик комиссия башында туруп, сөөгүн ардактап жерге коюунун камын көрүүдө. Экс эл депутаты менен ага-инилеш болуп, саясаттагы тазалыкты андан үйрөнгөн райондун мурдагы акими жана коомдук парламенттин облустагы өкүлү Советали Сеитбеков үчүн Дооронбек Садырбаев кайсы доордо болбосун, бийликке сатылбаганы, адам укугу, демократиялык өнүгүүгө кошкон үлүшү менен эсте калды:

- Мындай саясатчылар жүз жылда бир туулат. Бул ушунчалык таза адам болгон. Анын артынан жүрүп биз да ошого көнүп калдык. Мындай таза жүргөн кишини көрбөдүм. Саясатчы, патриот катары Кыргызстандын демократиялык өнүгүшүнө, чындыкка деп акыркы күнгө чейин чыркырап кетти деп эсептейм. Бул киши бир принцибинен кайткан жок. Акаев бар маалда деле бир эле принципте турду. Бакиев маалында да бийликтин катачылыктарын бетине айтып турду. Бул кишиге көп нерсе сунушталган, бирок бир дагы кызматка барбай койгон. Акаевсиз эле, Бакиевсиз эле бул кишинин атак-даңкы дүйнөгө чыккан. Бул киши өлгөн жок деп эсептейм.

Дооронбек Садырбаев депутат кезинде шайлоочулары менен бат-бат жолугушуп, элдин көйгөйлүү маселесин бийлик алдына коюп, анын чечилишине көмөктөшүп турган. Анын окуучулук курагы райондун ардагер дарыгери Жаңыбай Эсенбаев окуган мектепте өткөн:

- Биз бир мектепте чогуу окуганбыз. Кийин ал Медицина институтуна кирип 2-3 жыл окугандан кийин искусство жагына көңүл буруп, кинематографияга өтүп кеткен. Кийинки 15 жылда үч жолку чакырылышта биздин райондон ал Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Ал кайсы убакта келбесин дайыма эл менен жолугушуп, болгон көйгөйлөрүн угуп, жасап аткан иштерин айтып, элге абдан жакшы жардамдарын берип турган. Сессияларда абдан туура маселелерди көтөрчү. Анын айткан ой-пикирлери, чындыкты, убагында айткан сөздөрүнүн негизинде көп нерселер убагында оң жакка бурулду.

Ноокен айыл өкмөтүндө жашаган Бактыкан Төлөшова Дооронбек Садырбаевдин дүйнөдөн өтүшү менен Кыргызстан залкар адамынан ажырады деп эсептейт. Экөөнүн чоң энелери бир тууган:

- Дооронбек Садырбаев менен эки эненин неберелерибиз. Бир эле мен эмес, Кыргызстан эли боюнча оор жоготууга учурап отурабыз. Ал киши оппозиционерлердин атасы эле десем да болот. Чоңдорго туура сөзү менен жага берчү эмес. Кайра кайрылып мындай киши жаралабы, жаралбайбы аны Кудай билет. Биз залкар адамдан ажырап отурабыз.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG