Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Еврошаркет да "AFPAK" стратегиясын түзөт


Швеция -- Британ тышкы иштер министри Дэвид Милибанд менен Евросоюздун тышкы саясий жетекчиси Хавер Солана жолугушуу башталар алдында.
Швеция -- Британ тышкы иштер министри Дэвид Милибанд менен Евросоюздун тышкы саясий жетекчиси Хавер Солана жолугушуу башталар алдында.

Швециянын борборунда Евросоюздун тышкы иштер министрлери эки күндүк жыйынга чогулушту. Ооганстан,Иран жана Жакынкы Чыгыш темалары күн тартибиндеги башкы маселелерден болот.

Еврошаркет да АКШнын соңунан өзүнүн Ооган-Пакистан (AfPak) стратегиясын аныктаганы жатат. Брюсселде даярдалган бул документтин долбоору Стокгольмда ишемби күнү талкууга алынат.

Стратегиянын долбоорунда Ооганстандагы аскерий проблемалар АКШнын региондогу "үстөмдүк ролуна" берилип,саясий милдеттерди чечүүгө жардамдашуу жагын Еврошаркет өзүнө алат.

" Бул – аскерий каражаттар аркылуу жеңишке жете турган жаңжал эмес. Бул - саясий күрөш, анда саясий каражаттар – мыйзам бийлигин чыңдоо, адилетүү башкаруу, экономикалык өнүгүү, маңбизнесине жана фундаментализмге каршы күрөшүү - аркылуу утуп чыкканга болот. Ушул күрөштүн жүрүшүндө биз Ооганстанга саясий жана экономикалык жактан көмөк көрсөтүшүбүз керек",-деп айтты ушу тапта Евросоюзга төрагалык кылып жаткан Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт жыйын башталар алдында.

Еврошаркеттин стратегиясындагы башкы багыттар катары ооган жеринде сот тармагын реформалоо, өкмөттүк,жаранчыл институттарды калыптандыруу, өлкөнү көп партиялуу системага айлантып,күчтүү парламент түзүү жана башка милдеттер аталган.

Еврошаркет Ооганстан менен Пакистан ортосундагы "Дюранд сызыгы" деп аталган чек ара тилкесинин таанылышын жактайт. Аймактагы пуштундарды эки бөлүп салган колониялык доордон калган бул "сызык" азырга чейин көп араздардын тамызгысы болуп келатат.

Жыйындын биринчи күнү иран темасы талкуулардын башкы маселеси болду. Министрлер Тегеранды сүйлөшүүгө көндүрүүнүн жолдорун карап чыгышты. Иранга каршы пландалып жаткан кошумча санкциялар тууралуу да сөз болду.

Ал эми Жакынкы Чыгыштагы жагдай жыйындагы кычыктуу тема болчудай. Быйыл жазда швед министри Билдт Палестинада "Хамас",Израилде премьер Нетаняху турганда аймакта тынчтык болору күмөн экенин айтып, жөөт өкмөтүнүн жаалына тийген эле. Еврошаркет көптөн бери эле Израилден арап жерлеринде жаңы конуштарды куруу ишин токтотууну талап кылып келатат. Ушу маселеден улам Евросоюз менен Израилдин ортосундагы келишимди жаңылоо планы үзгүлтүккө учурады.

"Газадагы согуштан кийин баары токтоп калды,-деп айтты Билдт аймактагы жагдайга кайрылып. – Ага чейин байкалган анча-мынча саясий өзгөрүштөр ого бетер тааталданып, чиеленип кетти. Ошентсе да тынчтык процессин кайра жандантуу үчүн дипломатиялык жүйүр аракеттер көрүлүп жатат. Алар оңунан чыгабы-жокпу,аны көрө жатарбыз,бирок бу маселеде азыр биз АКШ өкмөтү менен тыгыз кызматташып жатабыз".

XS
SM
MD
LG