Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

Келгиндер Европанын эсин оодара баштады


Франция -- Мыйзамсыз келгиндердин "айылы".
Франция -- Мыйзамсыз келгиндердин "айылы".

Европаны мыйзамсыз келгиндердин кезектеги сели каптай баштады. Бирок проблеманы жөнгө салууда баштагыдай эле бирдиктүү саясат жок. Муну Брюсселдеги жыйынга катышкандар белгилешти.

Ар жылы жайда Евросоюз өлкөлөрүн маяналуу жумуш,мартабалуу турмуш издеп келгендер кара таандай каптап кетишет. Алардын канчасы өз жерине кайтып,канчасы коноктоп келген өлкөдө калып калганын эч ким так айта албайт.

Акыркы жылдары Европаны түштүктөн – Африкадан чыккан келгиндер агымы өзгөчө түйшүккө сала баштады. Аларды кала берсе ортодогу табигый тоскоол – Жер ортолук деңизи да токтото албай жатат. Былтыр эле 37 миң "кемечен келгиндер" Италиянын жээктерине келип түштү. Быйыл бийликтер сегиз ирет атайын операция өткөрүп, 700дөй кишини орто жолдон аркы жээкке кайтарышты.

Дүйшөмбү күнү Брюсселде атайын жыйынга чогулган ички иштер жана юстиция министрлери иммиграциянын өзүн эмес,анын экинчи өңүтүн – келгиндердин укуктарын карап чыгышты.

Эл аралык бир катар уюмдар,алардын ичинде Human Rights Watch Евросоюз өлкөлөрүн келгиндерге байланышкан конвенцияларды одоно бузуп жатканы үчүн айыпташкан эле.

Италия,маселен,Сахаранын аркы тарабынан чыккан келгиндерди тартып келаткан кемени Ливияга мажбурлап киргизип,алардын көбүн камап,каракташкан,уруп-сабашкан,адам чыдагыс абалда кармап,мазакташкан.

Сомали, Судандагы Дарфур өңдүү аймактардан куралдуу кагылыштардан,зобун-зомбулуктан улам жер оодарып келгендер Евросоюз өлкөлөрүндө сыйынт алганга укуктуу. Бирок көпчүлүк учурда аларга мындай мүмкүнчүлүк берилбейт.

Евросоюздун юстиция иштери боюнча комиссарынын өкүлү Жак Барро ушу тапта укук коргоочу уюмдарга жооп даярдалып жатканына ишендирди. "Өз жеринде коркунучка туш келчү мигранттарды артка кайтарууга болбой турганын Италиянын бийликтерине эскерттик. Мындай иштердин себептерин четтетип,проблеманы чечкени жатабыз",-деп айтты еврокомиссардын өкүлү.

Бирок Италияны бир катар өлкөлөр,өзгөчө Грециянын,Мальтанын, Кипрдин, Испаниянын өкүлдөрү коргоп чыгышты. Франциянын иммиграция министри Эрик Бессон атүгүл мыйзамсыз келгиндерге каршы күрөштө италиялыктардын тажрыйбасына өтүүнү сунуш кылды.

Евросоюздун азыркы төрагасы Швециянын иммиграция министри Тобиас Билстром проблеманы кыска мөөнөттүү чаралар менен узак мөөнөттүү чечимдерди айкалыштыруу аркылуу жөнгө салуу зарылдыгын белгиледи. Кеп чек ара контролун күчөтүү тууралуу эле эмес, өткөөл өлкөлөр менен кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө болуп жатат.

Бул маселе мындан он жыл илгери эле коюлуп,бирок алиге чейин натыйжа бере элек. Өткөөл делинген өлкөлөр, мисалы, Түркия, Ливия, Тунис, Мавритания өздөрүнө алган милдеттенмелерин аткарбай келатат.Анысы аз келгенсип Евросоюз өлкөлөрүнүн өзүндө бу жагынан бирдиктүү саясат түптөлүп бүтө элек. Андыктан шаркеттин министрлери сунуш кылган долбоорлор жакын арада жүзөгө ашып кетерине эч ким деле ишенбейт.

XS
SM
MD
LG