Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

Евробиримдик-Минск: "кош кадамдуу" алака


Минск -- "Тилектештик" кыймылынын кезектеги акциясы.
Минск -- "Тилектештик" кыймылынын кезектеги акциясы.

Белоруссияга киргизген "кош кадам" санкциясын Евросоюз дагы бир жылга сактап калмай болду. Шаркеттин бул чечими бүгүн Брюсселде жарыяланат.

Евробиримдик 2006-жылы мартта Белоруссиядагы президенттик шайлоодон кийин минскилик жогорку даражалуу чиновниктердин шаркеттин өлкөлөрүнө келишине тыюу салган. Былтыр октябрда бул чечимди күчүндө калтырып, бирок аны быйылкы жылдын октябрына чейин колдонбой турган болгон.

Орус-грузин урушунан улам шаркеттегилер Белоруссия биротоло Россиянын таасирине тартылып кетет деп чочулап, ушундай чечимге барышкан. Брюсселде муну "кош кадамдуу" прагматикалык саясат деп аташат. Быйыл апрелде Белоруссия шаркеттин Чыгыштагы коңшулук программасына кошулганга чакырык алды.

Дүйшөмбү күнү Брюсселде шаркеттин тышкы иштер министрлери кезектеги жыйынга чогулуп, бир катар маселелерди кароого киришти. Алардын ичинде мөөнөтү бүткөн ушул санкцияга байланыштуу таңашып-тартышып, министрлер "кош кадам" саясатын дагы бир жылга узартмай болушту. Алардын бул чечими бүгүн Брюсселде жарыя кылынат.

Атайын даярдалган декларацияда Белоруссияда саясий айыптар менен камалган айрым адамдар бошотулганы белгиленет, бирок жарандык эркиндиктер чөйрөсүндө баштагыдай эле жылыштар жок экени, шайлоо усулу реформаланбагандыгы айтылат.

Оппозициялык маанайдагы партияларды, жарандык уюмдарды кысмактоо, маалымат каражаттарын толук көзөмөлдөө улантылууда. Дайынсыз жоголгон кишилердин тууган-уруктары чогулуп, бийликтерге талап койгону жакында эле митингге чыгышты эле, полиция аларды ур-токмокко алып, кууп таркатты,айрымдарын камакка отургузду.

Комиссар Бенита Ферреро-Валднер белорус бийликтери Евросоюздун жакшы санаалуу бул жолку ишаарасын туура кабыл алып, реформа пландарын ишке ашырат, демократия алга жылат деген үмүтүн билдирди.

Шаркеттеги бир катар өлкөлөр Минск менен жылымтык мамилелерге өтүүнү колдошорун, бирок айрымдары буга каршы болуп жатканын да комиссар жашырбады. Калгандары "унчукпас" позицияда турушат. Алардын ичинде белорустардын коңшусу Полша да бар.
Европарламенттин Полшадан шайланган депутаты Яцек Протасевич санкцияларды алып салганга али эртелик кыларын айтып, ошол эле учурда аларды колдонуудан да карманып туруу керектигин билдирди.

"Айрым бир өзгөрүштөргө, реформаларга үмүт кылганга, Евросоюз менен Белоруссиянын кызматташтыгын жакшыртканга негиз бар",- деп айтты ал. Өзгөчө карым-катнаш жагына калганда карапайым калк көп кыйналууда. Шенген визасы үчүн белорустар молдовандарга, украиндерге, орустарга караганда эки эсе көп акы төлөп жатканын ал "адилетсиздик" деп баалады.

XS
SM
MD
LG