Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:41

Европарламенттин тышкы иштер боюнча комитетинде шаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлүнүн кызматына Кэтрин Эштонду бекитүү маселеси каралды. Мындай кызмат Евробиримдиктин башкаруу структураларын реформалоо боюнча Лиссабон келишимине ылайык биринчи ирээт киргизилип олтурат. Евробиримдиктеги жаңы кызмат ээси тышкы саясатта кандай максаттарды көздөйт, Борбор Азия аймагы үчүн өтө актуалдуу адам укуктары маселелерин көтөрүүдө кандай ыкмага артыкчылык берет?

“Эркин Европа жана Азаттык” радиосунун Брюсселдеги кабарчысы маалымдагандай, Европарламенттин депутаттар менен үч саатка созулган суроо жооп учурунда тышкы саясатта анчалык тажрыйбага ээ эмес Кэтрин Эштон айым кыйын-кычыктуу жана талаштуу маселелердин баарына эле кайрылган жок.

Теги боюнча британиялык, мурда Евробиримдиктин соода комиссары катары иштеп келген Эштондун былтыр ноябрда тышкы саясат боюнча жогорку өкүлдүн кызматына дайындалуусу күтүүсүздөн болгон эле. Бир катар байкоочулар менен баяндамачылар бул дайындоону Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин Лиссабон келишимине ылайык түзүлгөн жаңы эки кызмат үчүн мунаса талапкер издөөсүнүн натыйжасы катары баалашкан. Ошондой эле тышкы саясатта тажрыйбасы жок адамдын аталган кызматка келишин сынга алгандар да чыккан.

Көп тараптуулук

Парламентарийлер алдындагы сөзүндө Кэштон Евробиримдиктин тышкы саясаттагы максаттарына токтолгондо, биримдиктин буга чейин эле жакшы белгилүү турумдарын айта кетти. Атап айтканда АКШ менен эффективдүү өнөктөштүк, Орусия менен күчтүү мамиле орнотууга чакырды. Жакынкы Чыгыш же тактап айтканда жөөт - палестин чатагы эки мамлекет жолу менен чечүү зарылдыгын белгиледи.

Иран анын өзөктүк программасына эл аралык байкоо жүргүзүү жөнүндөгү сунуштарды четке какканына өкүнүч билдирди, биримдик Ооганстандагы иштерге көбүрөөк аралашарын убада кылды. Эштондун айтымында, анын тышкы саясат боюнча жогорку өкүл катары күндөлүк ишинин маңызы Евробиримдиктин көп тараптуулук доктринасын практика жүзүнө ашыруу болот. Көп тараптуулук эл аралык аренадагы турумун буга чейин эле бекемдеген жана кубаты жаңыдан өсүп келе жаткан дүйнөлүк дежавалар менен бирдей жана тикелей байланыш түзүүнү карайт:

-Биз маанилүү оюнчулардын баары, анын ичинде АКШ, Кытай жана Орусия эле эмес, Түркия, Жапония, Канада, Индия, Бразилия, Түштүк Африка, Улуттар уюму, Африка союзу жана башкалар менен эффективдүү өнөктөштүккө муктажбыз. Бул өнөктөштүктү өрчүтүү менин күндөлүк ишимдин башкы багыты болот.

Кэтрин Эштон буга катар парламентарийлерге четке алгачкы сапарларын АКШ, Кытай жана Орусияга жасаарын билдирди.

Адам укуктары кантет?

“Эркин Европа жана Азаттык” радиосунун Брюсселдеги кабарчысы Ахто Лобякс маалымдагандай, Европарламенттин тышкы иштер боюнча комитетиндеги угуу учурунда айрым депутаттар тышкы иштер боюнча жогорку өкүлдүн Евробиримдикке кирбеген ар башка өлкөлөрдөгү адам укуктары менен байланышкан проблемаларга ар башкача мамиле кылары жөнүндөгү көз карашынын тууралыгынан күмөн санашканда, Кэтрин Эштон маданияттагы жана салт-санаадагы айырмачылыктар түрдүү мамилени талап кылган күндө да адам укуктары универсалдуу маселе экенин моюнга алды. Бирок тышкы саясат боюнча жогорку өкүлдүн ырастоосунда, Евробиримдик үчүн мындагы башкы максат жыйынтыкка жетишүүдө турат:

-Бул - маселелерди көтөрүүнүн ылайыктуу жолун табуу, биз каалаган жыйынтыкка жетише алгыдай ылайыктуу механизмдерди табуу. Мен мына ушул нерсеге көңүл бурууну көздөйм.

Борбор Азиянын адам укуктарын бузган өкмөттөрүн жазалабастан алар менен бул маселени диалог жүргүзүү, мамиле түзүү аркылуу талкуулоо жагы Евробиримдиктин аймак боюнча мындан эки жылча мурун Германия төрага кезинде кабыл алынган стратегиясында да каралган эле. Бирок Борбор азиялык айрым укук коргоочулардын пикиринде, мындай ыкмадан азырынча олуттуу жыйынтык чыга элек, мурда аймактын эркинирээк өлкөсү эсептелген Кыргызстан болсо коңшуларынын жолоюна түштү. Түркмөнстандык укук коргоочу Фарид Тохбатулин мындай дейт:

-Мен ал (Борбор Азия боюнча стратегия) пайдасыз деп эсептебейм. Кээде адилетсиз соттолгон бирөөнү ошого таянуу менен түрмөдөн чыгарып алууга же абдан эле кичинекей натыйжага жетүүгө мүмкүнчүлүк болуп жатат. Бирок муну прогресс деп атоо жарабайт. Белгилүү бир адамдар менен гана байланышкан жеке учурлар. Ал эми жалпы кырдаал мурдагы эле абалында. Мен мындай турум менен Борбор Азиядагы жагдай али узакка өзгөрбөй турганына ишенем.

Жаңы жылдан тартып, Евробиримдиктеги төрагалык Испанияга өттү. Мадриддеги FRIDE уюмунун иликтөөчүсү, Евробиримдиктин Борбор Азияга байкоо ( EUCAM) долбоорунун жетекчилеринин бири Жос Бунстранын пикиринде, өз төрагалыгы учурунда Испания да Борбор Азиядагы адам укугун бузууларды сынга алгандын ордуна, эки тараптуу алаканы чыңдоого жана диалогко көңүл бурчудай:

-Албетте, адам укуктары Испания үчүн маанилүү. Бирок Испания адам укугун бузууларга катуу көңүл буруп, сынга алуусу күтүлбөйт. Менимче Испаниянын саясаты - бул өкмөттөр менен диалог жүргүзүүгө, сүйлөшүүгө, ушул жол аркылуу мамилени чыңдоого аракеттенүү. Ал өз кезегинде адам укуктарына оң таасир тийгизиши мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG