Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:08

Европа Биримдиги Борбор Азия менен энерго-алака түзүүдө


Европа комиссиясынын башчысы Хозе Мануэл Бароссо Набукко газ планы боюнча келишимге кол коюлгандан кийин Азербайжандын президенти Илхам Алиев (ортодо) менен Түркиянын мамлекет башчысы Абдулла Гүлгө (оңдо) документтерди көсөтүп жатат, Прага, 8-май, 2009-жы

Европа комиссиясынын башчысы Хозе Мануэл Бароссо Набукко газ планы боюнча келишимге кол коюлгандан кийин Азербайжандын президенти Илхам Алиев (ортодо) менен Түркиянын мамлекет башчысы Абдулла Гүлгө (оңдо) документтерди көсөтүп жатат, Прага, 8-май, 2009-жы

Европа Биримдиги бүгүн Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыштагы сегиз өлкө менен узак мезгилдүү энергетикалык жана унаа байланышын түзүү багытында сүйлөшүү өткөрүүдө. Биримдик биринчи кезекте Орусиядан көз карандылыгын азайтуунун далалатында болуп жатат.

Евробиримдиктин учурдагы төрагасы болгон Чех Жумуриятынын баш калаасы Прагадагы саммити «Түштүк коридору» деп аталды. Ага Евробиримдиктин 27 мүчөсү менен катар Азербайжандын, Грузия, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстандын, ошондой эле Египет менен Ирактын президент, премьерлери жана министрлери чакырылган.

Бул өлкөлөр жаратылыш газын экспорттошот, же алардын аймагы аркылуу ташуу жолдору өтөт.

"Азаттыктын" Брюсселдеги кабарчысы Ахто Лобякастын айтымында, Европа биримдиги биринчи жолу Түркмөнстандан Азербайжанга чейин Каспий деңизинин түбү менен жаткырылуучу газ кууруна ачык колдоо берип жатат:

- Каспийге түз чыгуучу жолдун курулушуна байланыштуу, Евросоюз алгачкы жолу Борбор Азия, Түштүк Кавказ өлкөлөрүнө саясий, экономикалык, финансылык ресурстар менен колдоого даярдыгын расмий билдирип отурат. Кеп албетте биринчи кезекте жаратылыш газы тууралуу болуп жатат, бирок мында мунай экспорту жана унаа маселеси да камтылган.

Орус газынан болгон көз карандылыгын азайтуу үчүн Европа Биримдиги учурда Каспийден жана Ирактан үч башка куурдун курулушун колдоодо. Биринчиси - «Набукко» Түркиядан Австрияга чейин келет. «Ак агым» Грузиядан Кара деңиз аркылуу Румынияга жетет. Ал эми «Интерконнектор» Түркиядан башталып, Греция, Италияга дейре барат.

Бул үч жол курулуп бүтсө 2020-жылга чейин Европа Биримдиги газга болгон талабынын 10 пайызын камсыздай алат. Бул 60 миллиард куб. метрди билдирет. Орусия учурда биримдикке жылына 150 миллиард куб. метр газ берет.

Прага самитинде Евробиримдик катышуучулардан мунай-газ ташуунун, анын көлөмүнүн, транзит акысынын жана кирешени бөлүшүүнүн эрежелерин караган келишимдин долбоорунун үстүнөн иш баштоону суранууда.

Сөз кайрадан Лобякаста:

- Жыйындын алдында Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү Борбор Азия өлкөлөрүнөн жыл сайын канча көлөмдө жаратылыш газын бере алаарын тактап берет деп күтүп жатышкандыгын айтышкан.


Самиттин жыйынтыктоочу билдирүүсүнүн долбоорунда айтылгандай, Европа Биримдиги өз кезегинде газ импорту боюнча өзүнө конкреттүү милдеттенме алып, ошондой эле «мындай сооданын тунуктугун, баанын акыйкат бычылышын, узак мезгилге пландоо мүмкүнчүлүгүн жана стабилдүү көзөмөл шарттарын камсыздоого убада берет.

Биримдик ошондой эле өз шериктерине алардын өздүк энергетика системасын жаңылоого технология жана инвестиция сунуш этет.

Лобякастын айтымында, акыры барып баары саясатка көз каранды болот, анткени Борбор Азия өлкөлөрү Орусияга кирбеген газ куурларына Москванын каршылыгынан коркпой тургандай болушу керек:

- Эгер Европа Биримдиги өз сөзүнө турса, эгер ири мүчө өлкөлөр айтканынан кайтпаса, Каспий кууру курулса, Борбор Азия өлкөлөрү келечекте газ ташууда Орусиянын көзүн карабай калат. Албетте Орусия алардын турмушунан жок болуп кетпейт, бирок бул өлкөлөрдүн саясий-экономикалык чечимдерди кабыл алуудагы өз алдынчалыгы кыйла бекемделет.

Самиттин күн тартибинде орусиялык куур долбоору камтылган эмес.
XS
SM
MD
LG