Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:48

Евробиримдик - Борбор Азия: Алака алга жылуудабы?


Евробиримдик - Борбор Азия жыйынынан бир көрүнүш. Брюссель, 15-сентябрь, 2009-ж.

Евробиримдик - Борбор Азия жыйынынан бир көрүнүш. Брюссель, 15-сентябрь, 2009-ж.

Брюсселде Евробиримдик – Борбор Азия жыйыны өттү. Министрлер деңгээлинде экинчи ирет өткөн жыйында талкууланган маселелер арасында аймакка коңшу Ооганстандагы кырдаал үстөмдүк кылган.

“Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун Брюсселдеги кабарчысы Ахто Лобякстын билдиргенине караганда, бул жолку жыйында эки тарап тең ортодогу пикир келишпестиктерин азайтуунун жолдорун издөөдө маанайында болушту. Евробиримдик тарап энергияга бай стратегиялык аймактагы өлкөлөрдүн өкмөттөрү Брюссель менен мамилеге олуттуу көңүл бурарына канааттанса, Борбор Азиянын өкүлдөрү шаркет тарабынан адаттан тыш сыйлуу жыйынга чакырылганына, эки тараптуу алкалардагы азыркы абалга курсант экенин билдиришти.

Брюсселге Кыргызстан,Тажикстан, Өзбекстандан тышкы иштер министрлери, ал эми Казактан менен Түркмөнстандан министр орун басарлары барган эле. Алардын ичинен түркмөн тышкы иштер министринин орун басары ашхабаддык чиновниктердин маркум Ниязовдун доорунан берки салтын сактап, маалымат жыйынына катышкан жок.

Бул жолку айрымачылык

2005-жылкы Анжиян окуясынан кийин Евробиримдик менен араздаша түшкөн Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовдун Брюсселдеги маалымат жыйында айтканына караганда, борбор азиялык министрлер арасында биринчи ирээт биримдик аймактын көйгөйлөрүн жакшыраак түшүндү деген таасир калды:

-Мен кесиптештериме кошулам жана белгилеп кетким келет. Швециянын төрагалыгы анын өзү үчүн эле эмес, биз үчүн да маанилүү болду. Себеби бул швециялык тарапка Борбор Азиянын проблемаларын, Борбор Азиянын келечегин көбүрөөк түшүнүүгө мүмкүндүк берди. Анткени эки ортодогу аралык абдан эле чоң.

Өзбек тышкы иштер министри ошондой эле былтыр декабрда Парижде өткөн жыйынга салыштырмалуу бул ирет реалдуу талкуу жүргөнүн жана окшош мамилеге жетишүү аракети жасалганын кошумчалады. Ал белгилегендей, Борбор Азия өлкөлөрү эми “мындай жолугушуулардан пайда табаарына ишене алат”.

Борбор азиялык министрлер менен сүйлөшүү үчүн сарпталган убакыт текке кетпегенине Брюсселдеги басма сөз жыйында биримдиктин учурдагы төрагасы – Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт да токтолду:

-Менимче, мен Евробиримдиктин көз карашынан айта алам. Биз жетишкен диалог кызыктуу, конструктивдүү жана жемиштүү болуш үчүн Евробиримдиктин ар бир төрагасы тарабынан тереңдетилет.

Швед тышкы иштер министри кошумчалагандай, биримдиктин жаңы жылдан кийинки төрагасы – Испания да Борбор Азия өлкөлөрү менен тыгыз иштешүүнү улантууну убада кылган.

Жыйында болсо Евробиримдиктин эсебинде, Ооганстан маселеси үстөмдүк кылды. Али толук жыйынтыгы чыкпай жаткан президенттик шайлоодон кийинки чыңалган кырдаал сөз болду. Мындан сырткары кесепетин Борбор Азия өлкөлөрү да тарткан глобалдык экономикалык кризис да талкууланды.

Ал эми Еврошаркетти кызыктырган эң башкы маселе – энергия. Бирок эки тарапты түз туташтырган куурдун жоктугунан конкреттүү кызматташтык азырынча өнүгө элек. Биримдиктин аймак боюнча атайын өкүлү Пьерр Морелдин айтымында, аларда Казакстан жана Түркмөнстан менен “өз ара түшүнүшүү” меморандуму бар.

Өзбекстан менен да бул жаатта активдүү байланыштар жүрүүдө. Евробиримдиктин көз карашында, бул үч өлкө бери дегенде беш –жети жылда ишке киришет деп эсептелген Набукко кууру үчүн газ бере алат. Набукко - Каспий менен Борбор Азиянын көгүлтүр отун Европага Орусиянын аймагына кирбестен жеткирүүнү караган долбоор.

Биримдик ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн суу боюнча пикир- келишпестиктерин Европанын Дунай дарыясынын боюндагы мамлекеттеринин тажрыйбасын пайдалануу менен жөнгө салууга жардамдашууга ынтызаар. Бирок өзбек тышкы иштер министри Владимир Норовдун ишара кылганына караганда, анын өлкөсү эл аралык сууну пайдалануу боюнча БУУнун конвенциясына артыкылык берет.

Брюсселдеги жыйында айлана-чөйрөнү коргоо, уюшкан кылмыштуулукка, наркоаткезчиликке каршы күрөш маселеси да сөз болду. Борбр Азия тарап диний экстремизм маселесин көтөрсө, биримдик аймактын өлкөлөрүн адам укуктарын сактоого жана мыйзам үстөмдүгүнө умтулууга чакырды.

Чечүүчү учурлар

Евробримдик менен Борбор Азия ортосундагы жаңы диалог 2007 –жылдын июнунан тарта башталды. Анда биримдик Борбор Азия боюнча өзүнүн туңгуч стратегиясын кабыл алган эле. Баяндамачылар стратегия кабыл алынаар алдында жана андан кийин эки тараптын мамилесине таасир тийгизген үч чечүүчү учурду аташат.

Биринчиси, 2006-жылдын декабрында Түркмөнстандын автократ лидери Сапармурад Ниязовдун дүйнөдөн өтүүсү. Экинчиси, Евробиримдик Өзбекстанга каршы Анжиян окуясынан киргизген санкцияларынын башкыларын 2007-жылдын декабрында токтотуусу. Үчүнчүсү, Казакстандын келерки жылы ЕККУда төрагалык кылуу мүдөөсүн Евробиримдиктин колдогону.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG