Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Европа “ыймандуу капитализмге” ынтызар


Берлин - Франциянын президенти Николя Саркози жана Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркел.
Берлин - Франциянын президенти Николя Саркози жана Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркел.

Европанын көч баштаган өлкөлөрү Берлинде экономикалык кризистен чыгуунун жолдорун талкуулашты. Бул маселе апрелде Лондондо боло турган дүйнөлүк “жыйырманын” саммитинде башкы тема болмокчу.

Лондондогу жыйынга Евросоюз өлкөлөрү бирдиктүү пикир менен баргысы келишет.Ошондуктан немец канцлери Ангела Меркелдин демилгеси менен Берлинге чогулуп, ички позицияларын тактап,таңашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып,Меркел макулдашылган кадамдардын негизги багыттарын атады. Атап айтканда, бардык финансы рыноктору,алардын операторлору, ошондой эле бүткүл финансы продуктылары “ар тараптан контролго алынууга” тийиш.
Өзгөчө жалпы эрежелер менен жөндөлбөй,өңчөй капчыгы калың инвесторлор үчүн түзүлүп жүргөн хедж-фонддор бекем көзөмөлдө болушу керек. Азыркы кризистин түпкү себебин көп адистер дал ушул инвестициялык бирикмелердин ачкөздүгүнөн жана чайкоочулугунан көрүп жатышат.

Мындан тышкары салык төлөөдөн качкандарга бейиштегидей шарт түзүп берген оффшордук өлкөлөр менен аймактарга кысым көрсөтүү, зарыл болсо санкциялар жарыялоо сунуш кылынат.

Жыйынга катышкандар ушундай чаралар финансы рынокторуна элдин ишенимин кайтарат жана дүйнөнү экономикалык жаңы кыйырсындардан сактай алат деп ишенет.

“Бирок буга Евросоюздун жана башка өлкөлөрдүн биргелешкен күч-аракеттери аркасында гана жетишүүгө болорун” эскертип, Меркел “глобалдык жаңы финансы архитектурасын түзүү” жагынан Лондондогу “саммитте сөзсүз ийгилик болушу керектигин” да белгиледи.

“Бул биздин акыркы мүмкүнчүлүгүбүз болот,-деп кошумча киргизди буга француз президенти Николя Саркози. – Анткени биз жаңы тарыйкага өтүүгө тийишпиз”.

Саркози андан бир күн мурда азыркы “кризис өтө олуттуу экенин жана терең өзгөрүүлөрдү талап кыларын” кайталап, “капитализмди кайра баштан түзүп чыгуу, аны ыймандуу кылуу” зарылдыгын айткан эле.

Мындай идеяга британ премьери Гордон Браун да кошулган болчу. Берлинде ал европалык өлкөлөрдү эл аралык валюта фондусуна төлөй турган акысын эки эсе көбөйтүүгө чакырды. Анын бул демилгеси колдоого алынды.

Британ премьери мунун зарылдыгын борбор жана чыгыш Европадан чет элдик көптөгөн банктар чыгып кеткени,натыйжада бул жерде кыйын абал түзүлгөнү, аларга көмөк көрсөтүү үчүн эл аралык финансы институттардан жардам керек болуп жатканы менен түшүндүрдү.

“Эл аралык валюта фондусуна биз 500 миллиард доллар акча бөлгөнгө убада беребиз. Бул аталган институтка кризис менен күрөшкөнгө,алардын алдын алганга өбөлгө болот”,-деп айтты Браун.

Берлинде макулдашылган чаралар толугу менен маалым кылынган жок. Документ союздун жыйынга катыша албаган мүчөлөрү таанышып чыккан соң толугу менен жарыяланат.

Жыйынга Британия,Германия,Франция,Италия, Испания, Нидерландия, Люксембург өңдүү өлкөлөрдүн, ошондой эле Евросоюздун ушу туштагы төрагасы Чехиянын мамлекет жана өкмөт башчылары, Европа комиссиясынын төрагасы, Европа борбордук банкы менен Англия банкынын жетекчилери катышты.

XS
SM
MD
LG