Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:57

Европада рецессия күчөдү


Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдөгү рецессия, же жөнөкөй сөз менен айтканда, экономикалык көрсөткүчтөрдүн туруктуу төмөндөөсү, мурдараак күтүлгөндөн эки эсе күчтүү болмокчу. Тактап айтканда, мурдараак Еврокомиссиянын билермандары Шериктештиктеги экономикалык төмөндөө быйыл 2%га айланат деп айтышса, эми рецессия 4%га барат деп эсептеп чыгышты.

Еврокомиссиянын эксперттери быйыл жыл аягына чейин экономидагы төмөндөө 4%ды түзөт деп мурдагы маалыматтарын эки эсе жогоруталып оңдоп чыгышты. Мурдагы маалыматтар мындан 4 ай гана мурдараак жарыяланганын эске алганда, Евробиримдик аймагындагы экономикалык кырдаал кыска убакыт ичинде кыйла начарлай түшкөнүн баамдай алабыз. 4-май күнү Брюсселде өткөн маалымат жыйынында Еврокомиссиянын экономика жана валюта иштери боюнча комиссары Хоакин Алмуния Европада жакын арада жумушсуздук өсөөрүнө басым жасады.

- Евробиримдикке мүчө 27 өлкөдө эмдиги жылы жумушсуздук 11%га айланса, улуттук валютасын еврого алмаштырган 16 мамлекетте андан бир аз жогорураак болоору күтүлүүдө.

Брюсселдик комиссардын бул айткандары – Европа Биримдиги аймагында 2010-жылы жумушсуздардын саны 8 жарым миллион адамдан ашат дегенди түшүндүрөт. Алмуния тереңдеп бараткан рецессиянын дагы бир катуу соккусу экспортко тийээрин эскертти.

Мунун баары акыры келип дүйнөлүк рецессиянын кесепетинен келип чыккан көрүнүштөр, деп белгиледи Евробиримдиктин экономика боюнча комиссары Хоакин Алмуния андан ары.

- Эл аралык финансылык кризистин ыкчамдашы, дүйнөлүк соодадагы айрым чектөөлөр акыры барып Европанын экономикасын 2-дүйнөлүк согуштан кийинки эң терең, кеңири рецессияга алып барып такады.

Ошентсе да, тарыхта боло жүргөн рецессия да аяктайт, келээрки жылы экономикада турукташуу жараяны башталып, андан ары акырындап оңолуп кетиш үчүн банк секторун чайпалтпай тезирээк бутуна тургузуу керек деп эскертти Брюсселдин өкүлү.

Ага чейин Евробиримдикке кирген Чехия, мисалы, ишсиз калган чет элдик мигранттарды мекенине кайтаруу программасын кабыл алды. Ал программадан пайдаланып, соңку бир ай ичинде чех өкмөтү берген 500 еврого билет сатып алып, үйүнө кайткан өзбекстандыктардын саны 151 адам болуптур. Биз менен көчөдө маектешкен 30 жаштагы Өктөмбек да Чехияда ишсиз жүргөндөн көрө туулган жерге кайтып барып, бакыт издөөнү туура көрөөрүн айтат.

- Ишсиз калдык, эч жерде иш жок. Анан паспортумду алып, полицияга барып, өз ыктыярым менен каттоодон өттүм. Атайын мөөрүн басып коюшту, буюрса эртең канчасында Ташкенге кетээримди айтышат, билет алып берип, самолетко чейин коштоп барып отургузуп коюшат экен. Бул жакта көчө таптап жүргөндөн көрө мекенге кайтып барган туура деп эсептейм.

Тасмада: Өзбек мигранттары мекенине кайтууда

Өзбек мигранттары мекенине кайтууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG