Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:48

Еврошаркет кеңейди,бирок жакшырдыбы?


Белгия -- Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу жана тышкы байланыштар боюнча комиссар Бенита Ферреро-Валднер маалымат жыйыны маалында.
Белгия -- Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу жана тышкы байланыштар боюнча комиссар Бенита Ферреро-Валднер маалымат жыйыны маалында.

Еврошаркетке беш жыл илгери он өлкө кошулуп,ал тарыхый окуя катары бааланган. Азыр анын мүчөлөрү 27ге жетти,жакынкы жылдары 30га барганы турат.Бирок мындан биримдиктин ташы дамамат эле өргө кулап бараткан жок, анын ишинде жаңы проблемалар да пайда болду.

Чехиянын вице-премьери Александр Вондра Прагадагы форумда соңку беш жылда биримдикке он эки өлкөнүн кошулганы европалык ички рынокко оң таасир көрсөткөнүн, ички дүң продукция союздун эски мүчөлөрүндө - 0,5, ал эми жаңыларында -1,7 процент өнүм алганын белгилеп, муну шаркетти кеңейтүүнүн башкы аргумент катары атады. Чехтердин тышкы иштер министри Карл Шварценберг болсо "Евросоюз эркиндик маселелерине, жарандык коомдун, көз карандысыз маалымат каражаттарынын жана сот системасынын ишине чоң маани берерин" анын дагы бир артыкчылыгы таризде бөлүп көрсөттү.

Мүнөздүү пикир

Ал эми союзду кеңейтүү ишин тескеген комиссар Олли Рэн Германиялык "Die Welt" гезитинде беш жыл мурда башталган процесс континентке "чоң стабилдүүлүк алып келгенин жана экономикалык жактан бардык тарапка пайда-батасы тийгенин" бышыктап, ошол эле учурда эми алар "бирин-бири жакшы билип,терең түшүнүшү керектигин" да кошумчалады.

"Азаттыктын" баяндамачысы Ахто Лобякас еврокомиссардын бул комментариясын Еврошаркетти али бүкүлү, бир бүтүн түшүнүк түрүндө кабылдап бүтө элек коомдук аң-сезимдин бир бүркүмүнө чегерди.

Союздун эски мүчөлөрү "кеңейүү" идеясынан чаалыгып-чарчай баштагансыды,бери эле дегенде батыш европалык шайлоочулар арасында бул планга эбедейи эзилип тургандар жок. Өзгөчө Франция, Нидерландия жана Ирландия элдик референдумда шаркеттин жаңы конституциясын электен өткөрбөй, жыдытып салышты.

Быша элек идея

Байкоочулар, айрыкча илимпоздор менен философтор да биримдиктин түпкү идеясын түзгөн "европалык коом концепциясы" азырынча көп жагынан шарттуу мүнөздө,негизинен мамлекеттер аралык деңгээлде гана көрүнүп жатканын белгилеп келатышат. Рыноктун жалпы эрежелерине,айталы,салык,финансы маселелерине келгенде деле биримдиктин мүчөлөрү дале болсо "улуттук суверенитетке" кылчактап турушат. Атүгүл орток валюта - евро, мыйзамдардын окшоштугу, Шенген зонасы өңдүү механизмдер деле "эски" жана "жаңы" европалыктардын аң-сезиминдеги айрымачылыктарды данакерлеп сала алган жок. Чехиянын президенти Вацлав Клаус евроинтеграцияны "быша элек" идея деп атап жүрөт.

Америкалык илимпоз Ларри Шидентоп Евросоюз жакынкы келечекте федерализмдин жайкын өрүшүнө чыга аларынан күдүктөнөт. Мунун башкы себебин ал шаркетте орток тилдин жоктугунан көрөт.Маданий чөйрөдөгү өзгөчөлүктөр эски жараларды кайра ырбатып, шаркеттин келечегине кедергисин тийгизип коерун ал жокко чыгарбайт.

Азыркы замандагы "Ыйык Рим империясы"

Жакында The Financial Times гезитинин Брюселлдеги бюросунун шеф-редактору Тони Барбер Евросоюздун дагы бир талылуу проблемасына кайрылып,биримдикке нөөмөттөшүп алты айдан төрагалык кылуу тарыйкасы өзгөрбөсө, шаркет дүйнө алдында күлкү болорун эскертти.

Евросоюздун структуралары чоң,орто жана чакан өлкөлөр ортосундагы бийлик теңдемин камсыз кылып турганын Барбер шаркеттин алгылыктуу жагына кошот."Бир караганда Евросоюз азыркы замандагы Ыйык Рим империясына түспөлдөшүп кетет.Бирок жадакалса Ыйык Рим империянын тушунда деле императорлор ар бир алты айда бир-бирине ордун бошотуп берип турган эмес",-деп жазат Барбер.

Европада көч баштаган өлкөлөрдүн бири Франциянын былтыркы жылдын экинчи жарымындагы төрагалыгын автор жигердүү жана майнаптуу болду деп баалап,эми ага мындай озуйпа 2022-жылы гана айланып кайра келерин эске салат.

Барбер союздун жаңы мүчөлөрү мындай милдетти жөндөп аткара албай жатканын айтып, буга дадил кылып Чехиянын быйылкы төрагалыгы кризис кычап турган маалда протекционизм маселесинде Франция менен кер-мур айтышуу менен белгиленгенин мисалга келтирет. Жакынкы Чыгышта тутанган жаңжалга алы жетпей,акыры ага кайра эле Франция, Германия жана Британия кийлигишти. Чех өкмөтү керектүү документтерди ийине жеткире иштеп чыгып,өз маалында даярдап чыкканга да жетише албады.

Ушу себептерден улам Барбер Евросоюзга Лиссабон келишиминде каралган туруктуу президент керектигин көрсөтүп, бу кызматка шаркеттин өзүндө эле эмес,көңкү дүйнөдө да кадыр-баркы бар саясатчыны дайындоону сунуш кылат.Ошондой саясатчынын бири деп ал немец канцлери Ангела Меркелди атаган.

XS
SM
MD
LG