Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

Штефан Фуле Евробиримдикти Балкандын эсебинен кеңейтет


Европа Биримдигинин картасы
Европа Биримдигинин картасы

Европарламенттин Тышкы иштер комитети 12-январда Штефан Фулени Евробиримдиктин кеңейүү жана коңшулашуу саясаты боюнча комиссары кылып бекитти.

Чех Фуле Түркиянын тарабын алды

Европарламенттин Тышкы иштер комитетиндеги үч саатка созулган талкуу учурунда мурдакы чех дипломаты Балкан өлкөлөрүнүн Биримдикке тез өтүүсү боюнча саясатчылар менен жигердүү иштешээрин айтты. Штефан Фуле Евробиримдиктин тышкы саясатындагы маанилүү кызматты жетектеген биринчи Чыгыш европалык болот.

Штефан Фуле Түркияны уюмга толук укуктуу мүчө болуусун жактады.



Штефан Фуле
Штефан Фуленин сөзүнчө, Биримдиктин кеңейүүсү тарыхый жактан өзүн актайт. Анткени талапкер өлкөлөрдү саясый-экономикалык реформага түртөт. Сөзүнө далил иретинде Фуле өз мекени Чехияны мисалга тутту:

- Мен үчүн Евробиримдиктин кеңейүүсү министрликтин саясатынан да үлкөн нерсе. Кеңейүү өлкөмдү жана менин өзүмдү өзгөрттү. Ал бүтүндөй Европаны өзгөрттү. Ал миллиондогон адамдардын үмүтүн актап, алар ариет намыстуу жашоого өтүштү. Ушун үчүн дагы биригүүнү жактайм.

Евробиримдикте уюмдун болочокку чек арасы али аныктала элек болгондуктан Батыш Балкан өлкөлөрү гана уюмга кабыл алыныш керек деген пикир күчтүү. Ал эми Түркиянын Биримдикке кошулуу ыкласына Франция менен Германия көп ынанбай турат. Бирок Фуле кээ бирөөлөр сунуш кылгандай Анкара менен “артыкчылыктуу кызматташуу” мүмкүндүгүн четке кагып, Түркияны уюмга толук укуктуу мүчө болуусун жактады.

Батыш Балкан өлкөлөрүн Евробиримдик суукка калтырбайт

Фуле келерки беш жылда Хорватия, Македония, Сербия, Босния, Албания жана Косовонун Биримдикке өтүүсү боюнча саясатчылар
Балкандын саясый картасы
менен ургаалдуу иштеше турганын, Батыш Балкан өлкөлөрүнүн уюмга өтүүсү Биримдиктин стабилдүүлүгү үчүн маанилүү экенине токтолду:

- Бул менин Балкандагы жакынкы жылдарда көздөгөнүм. Батыш Балкандын бир да өлкөсү сыртта суукта калбасына ишенгендей болушу керек.

Евробиримдиктин кеңейүү боюнча мурдакы комиссары, фин Олли Рехн да ушундай саясатты жүргүзгөн.

Штефан Фуле Евробиримдиктин коңшулары менен кызматташуунун стратегиясы уюмдун жаңы Тышкы иштер министри Кэтрин Эштондун жетеги астында аныкталарын белгилей кетти. Ал “Евробиримдиктин негизги жоболоруна ылайык, Украина, Беларус, Молдова жана экс-советттик Кавказ республикаларын Европа мамлекети деп атаса болобу?” деген суроого бул өлкөлөр менен “кенен диалог мүмкүн” деп, алар менен байланышты “бекемдейм” деп убада кылды. Россия болсо, Фуленин пикиринче, Биримдиктин конструктивдүү өнөктөшү болуш керек.

Эштон айым да береги алты экс-советтик өлкөнүн келечекте Биримдикке өтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө ооз ачкан эмес. Ошондуктан, Брюссел Украинага мүчөлүктү эч качан убада кылбаса да Биримдиктин мартабалуу ырасмий адамдары Фуленин жообун Киевдин “үмүтүнө суу себүү” сыягы сыпатташты.

XS
SM
MD
LG