Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:36

Германия газды эмне үчүн Орусия аркылуу алгысы келет?


Набукко долбоорун ишке ашыруу маселеси соңку ирээт Венгриядагы жыйында кызуу талкууланган. Будапешт, 28-январь, 2009-ж.

Набукко долбоорун ишке ашыруу маселеси соңку ирээт Венгриядагы жыйында кызуу талкууланган. Будапешт, 28-январь, 2009-ж.

Евробиримдиктин энергия боюнча саммити келерки айда Чехияда өтөт. Бирок Борбор Азиянын газын Европага Орусиянын аймагасыз алып келүүнү көздөгөн Набукко долбоору мурда күтүлгөндөй анда башкы эмес, башка долбоорлордун катарында эле талкууланмакчы.Талдоочулар мунун себебин Германия өкмөтүнүн өнөктөштөрдү эмес, өзүн көбүрөөк ойлогон энергия саясатынан көрүшөт.

Евробиримдиктин энергия боюнча улам өсүп бара жаткан муктаждыгын камсыз кылуучу булактар менен жолдорду диверсификациялоонун же ар түрдүү кылуунун зарылдыгына уюмга мүчө өлкөлөрдүн баары эле макул. Бирок ажырым конкретүү кайсыл долбоорго артыкчылык берүү маселесине келгенде чыгууда.

Быйыл январда Орусия менен Украинанын ортосундагы талаштан улам Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Европанын айрым өлкөлөрүнө көгүлтүр от жетпей калгандан кийин Набукко долбоорунун маани-маңызы кайрадан артка түшкөн болчу.

Багы ачылбай жаткан Набукко
Набукко газ кууру Орусияны айланып өтөт


Набукко -Каспий, Борбор Азия чөлкөмүнөн: Азербайжан, Түркмөнстан, Казакстандын жана Жакынкы Чыгыштан: Египет менен Ирактын газын Түркия, андан соң Болгария, Румыния, Венгрия аркылуу Австрияга чейин алып келүүнү караган долбоор. Узундугу 3300 чакырымга жетүүчү куур жылына 31 миллиард кубометр газ өткөрө алат деп эсептелген. Бул Европа азыр керектеп жаткан газдын 10%ын эле түзөт, бирок кандай болгон күндө Евробиримдиктин көгүлтүр от боюнча Орусияга көз карандылыгын азайта алат.

Москва менен Киев жараткан газ кризистен кийин быйыл январда Будапеште өткөн конференцияда Набукко долбоорун ишке ашыруу жаатында жаңы убадалар айтылып жана Евробиримдиктин өлкөлөрү Орусияга кирбей турган энергия жолдорун өнүктүрүү маселесинде тилектеш экенин көргөзүшкөндөй болушкан. Бирок эми үч ай өткөн соң Прагадагы саммити алдында Набукко Евробиримдик артыкчылык берген долбоорлордун катарынан чыгып калып жатат. Ал Түштүк корридор деп аталган башка долбоорлордун катарында талкууланмакчы.

Энергия маселеси боюнча италиялык талдоочу Федерико Бордонаро мунун себебин Орусия менен кызматташууга келгенде, Германия менен Евробиримдиктин мурдагы посткоммунисттик өлкөлөрү ортосунда ажырым бар экендиги менен түшүндүрөт:

-Маселе айталы Польша, Балтика өлкөлөрү же Чехия, Румыния, Болгарияга салыштырмалуу Германия Орусияга карата башкача мамиледе экендигинде. Германия үчүн Орусия соода жана энергия боюнча абдан баалуу өнөктөш. Ал стратегиялык ресурстар, бөтөнчө жаратылыш газы менен өзүн Орусия менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдер аркылуу камсыздоого болот деген бүтүмгө келген.

Талдоочу Федерико Бордонаро кошумчалагандай, энергия коопсуздугун Евробиримдиктин алкагында узак талкуулагандын ордуна, Орусия менен эки тараптуу келишимдерди көгүлтүр отко жетүүнүн эң жакшы жана оңой жолу катары караган өлкө жалгыз эле Германия эмес. Франция, Италия, Испания сындуу ири өлкөлөр да мына ушундай багытка ыктап келүүдө.


Узак талкуулардан кийин Евробиримдиктин лидерлери өткөн айда энергия жана аймактарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорго 5 миллиард евро сарптоону макулдашты. Бирок Германия талап кылып жатып, документке 2010-жылдын аягына чейин башталбай турган долбоорлорго бул акча бөлүнбөөсүн караган жобо киргизүүгө жетишти. Набукко куурунун курулушун баштоо эң эрте дегенде 2011-жылга белгиленгендиктен, ал Евробиримдик артыкчылык берген долбоорлордун тизмесинен расмий чыгарылды.

Германиянын азыркы өкмөтү Набукко газ берүүчү өлкөлөр менен келишим кол койгонго чейин Еврошаркет долбоорду каржылоосуна каршы. Өкмөттүн айрым мүчөлөрү атүгүл Набукко жеке булактардын эсебинен гана каржылануусу керек деп эсептешет экен.

Түндүк агым түпкү маселени чечпейт

Германиянын RWE энергетикалык компаниясы 16-апрелде Түркмөнстан менен өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койду. RWE – Набукко долбоорунун акционери катары эсептелген алты компаниянын бири.

Эл аралык жана коопсуздук маселелери боюнча немец институнун эксперти Фрайдеманн Мүллер бул жагдайды мындайча чечмелейт:

-Мен айтып коюшум керек. Немец өкмөтүнүн саясаты - Германиянын энергетикалык компанияларынын баарынын эле кызыкчылыгын чагылдыра бербеген саясат. Бир мисал RWE компаниясы Набуккого абдан кызыгуусун билдирсе, немец өкмөтү өлкөнүн газ импорттогон эки ири: E –On Ruhrgas менен BASF Wintershall компаниялары менен биригип кетти.

Германиянын аталган эки компаниясы болсо Түндүк агым долборуна тартылган. Курулушу 2012-жылы аяктаары белгиленген бул куур Балтик деңизинин түбү аркылуу Германияга 55 миллиард кубометр газ жеткизе алат деп күтүлүүдө. Германиядан ары көгүлтүр от куурлар аркылуу түштүктү жана батышты көздөй агуусу керек.

Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү Түндүк агым долбоору Европага ири көлөмдөгү газды алып келип же жалпы муктаждыктын 10%ын канаатандырарына макул болушканы менен бул түпкү маселени Орусияга көз карандылыктан кутултпайт деген көз карашта. Орусия Түндүк агымдан башка Европага газ алып келүүнүн Түштүк агым деген долбоорун да колдойт.

Германиянын мурдагы канцлери Герхард Шредер -Түндүк агым газ кууруна ээлик кылуучу компаниянын Директорлор кеңешинин төрагасы, азыркы өкмөт башчысы Ангела Меркел да эскертүүлөргө карабай, быйыл январда эле Евробиримдикти ушул долбоорду колдоого чакырган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG