Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Евросоюз жана Гуантанамо маселеси


АКШ -- Президент Барак Обама Гуантанамодогу аскерий түрмөнү бир жыл ичинде жабуу тууралуу жарлыкка кол коюп жаткан учуру.22-январь 2009-жыл.
АКШ -- Президент Барак Обама Гуантанамодогу аскерий түрмөнү бир жыл ичинде жабуу тууралуу жарлыкка кол коюп жаткан учуру.22-январь 2009-жыл.

Евросоюздун тышкы иштер министрлери Брюсселде кезектеги жыйынга чогулушту. Министрлер орус-украин газ талашынын салакаларын, палестин-израил жаңжалына жана Гуантанамодогу аскерий түрмөнүн жабылышына байланыштуу жагдайды жана башка бир катар маселелерди талкуулашат.

Министрлер жыйыны башталар алдында Евросоюздун тышкы саясаты боюнча жогорку өкүлү Хавер Солана Гуантанамо америкалыктардын проблемасы экенин,аны алар өздөрү чечиши керектигин,зарылдыгы чыккан учурда Евросоюз жардамдаша турганын ырастады.

Лагерде азыр 245 туткун бар, алардын көбү бошотулат. Элүүдөйү өз жерине кайта албайт, кайтып барса жазага тартылышы ыктымал. Ушундан улам Вашингтон боштондук алчу 60тай туткунга Евросоюздан баш калка берүүнү суранган.

Финляндиянын тышкы иштер министри Александер Стубб Евросоюз өлкөлөрү муну абайлап карап чыгышарын, бул эми саясий маселеге айланганын белгилеп, Гуантанамадогу лагерди жабуу тууралуу чечимди кубаттады жана аны жакшы башталыш деп мүнөздөдү.
Президент Обаманын бул чечимин өткөн аптада Евросоюздун атынан анын азыркы төрагасы Чехия да кубаттаган эле.

Португалия Испаниянын колдоосуна таянып,Гуантанамого байланыштуу маселени тышкы иштер министрлер жыйынында атайын талкуулап чыгууну талап кылды. Анткени туткундарды кабыл алууну баары эле макул көрүп жатышкан жок. Швеция, Дания, Нидерландия өңдүү өлкөлөр Гуантанамо эл аралык мыйзамдарга каршы түзүлгөнүн айтышып, жоопкерчиликти АКШ өзү көтөрүшү керек деген позицияда турушат.

Башка бир өлкөлөр туткундар бошотулган соң аларды кабыл алгандан ар түрдүү жүйөөлөрдөн улам чочулап жатышат. Германияда ички иштер министри буга караманча каршы чыкты. Бир гана Франция менен Британия даяр экенин ырасташты. Бул жагынан Бириккен падышачылыктын айрым тажрыйбасы барлыгын, ошол тажрыйба тууралуу бүгүнкү жыйында айтканы жатканын Лондон өкмөтүнүн тышкы иштер министри Дэвид Милибанд кеңешме ачылар алдында журналисттерге маалымдады.

Брюсселдеги жыйында Жакынкы Чыгыштагы жагдай да талкууланат. Бүгүн регионго Хавер Солана жөнөп кетет деген маалыматтар бар.

Мындан тышкары Россия менен Украинанын ортосундагы газ чатагы,анын европалыктарга тийгизген салакалары да сөз болот.

Министрлер бүгүнкү жыйында ошондой эле Ирандагы оппозициялык “Элдик можахеддер” кыймылын террордук уюмдардын тизмесинен чыгарышты. Өткөн жылы декабрда европалык айрым соттор аталган кыймылдын банк эсептерине камал салуу тууралуу Евросоюздун чечимин жүйөөсүз деп тапкан эле. Бүгүнкү чечимден соң байкоочулар Брюссел менен Тегерандын мамилеси дагы начарлайт дешет.

“Элдик можахеддер” кыймылын 70-жылдары иран студенттери негиздеген. Иранда ага тыюу салынган. Кыймыл 2001-жылы зобун-зомбулук тактикасынан баш тартып, Ирандагы диний төбөлдөрдүн бийлигине каршы тынч ыкмалар менен күрөшөрүн жарыялаган. Евросоюз аны 2002-жылы террорчул уюмдардын тизмесине киргизген. АКШда бул кыймыл баштагыдай эле “кара тизмеде” турат.

XS
SM
MD
LG