Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

ЕвроКеңеш Иранга кандай чара көрө алат?


ЕвроКеңештин талаптарына Иран президенти Махмуд Ахмединежад эмне деп жооп берери белгисиз.
ЕвроКеңештин талаптарына Иран президенти Махмуд Ахмединежад эмне деп жооп берери белгисиз.

Еврошаркетке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлер Кеңеши кечээ Брюсселде өткөн жыйында Ирандан спутник аркылуу берилген телерадио программаларды өчүрүүнү жана интернеттеги цензураны тезинен токтотууну талап кылды. Бирок бул шарт аткарылбаса кандай чаралар көрүлө турганы билдирүүдө айтылган жок.

Брюсселде кечээ жыйын ачылар алдында Еврошаркеттин эл аралык иштер боюнча катчысы Кэтрин Эштон Иранга каршы жооп кайтаруу чараларын ойлонуп көрүү керектигин айтып, муну министрлер Кеңеште карай турганын билдирген эле.

Кабыл алынган документте чет элдик, анын ичинде Европадагы электрондук маалымат каражаттарын камалоону иран бийликтери тезинен токтотушу керектиги белгиленет.

"Иран ислам республикасы кол коюп, өзү ратификациялаган жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык конвенцияларга ылайык ой-пикирлердин эркиндиги камсыз кылынууга тийиш",- деп көрсөтүлөт билдирүүдө.

Февралдын орто ченинен тартып "Немец толкуну", "Америка авазы" радио станциялары, Би-Би-Синин фарсы тилиндеги программалары Иранда уктурулбай, алардын интернет сайттары ачылбай калды.

Эгер евроминистрлер Кеңешинин талаптары аткарылбаса, анда Тегеранга кандай чаралар көрүлүшү мүмкүн? Документте бул тууралуу эчтеме айтылган жок.

Байкоочулар болсо эки кадамды болжолдошот. Биринчиден, Ирандагы электрондук маалымат каражаттарын, айрыкча англис тилдүү Press TV каналын европалыктар да өчүрүп салышы ыктымал.

Экинчиден, Иранга соода санкциялары салынышы мүмкүн. Мунун аңытында Nokia Siemens компаниясы Тегерандагы бизнесин токтотот.

Мобилдүү телефондордогу сөздөрдү көзөмөлдөгөнгө, интернет сайттарын иштетпей койгонго мүмкүндүк берген жабдуулардын баарын Иранга ушул компания сатканы тууралуу маалыматтар бар. Фирманын жетекчилиги мындан ары ирандыктар менен абайлап иштей турганын айтышты.

Кандай болгон күндө да Европа биримдиги "бул маселенин чечилишине жана азыркыдай кабыл алгылыксыз кырдаалдын жобулушуна жетишкенге толук чечкиндүү турат" деп айтылат документте.

XS
SM
MD
LG