Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:54

Европа Иракка кызыга баштады


 Франциянын президенти Николя Саркози жана Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики Багдаддагы маалымат жыйынында.10-февраль 2009-жыл.
Франциянын президенти Николя Саркози жана Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики Багдаддагы маалымат жыйынында.10-февраль 2009-жыл.

Иракта өткөн аптада француз президенти,ушул жумада немец тышкы иштер министри болуп кетишти. Байкоочулар муну Евросоюздун Ирактагы саясаты өзгөрө баштаганына жоруп жатышат.

Франция Ирактагы коалицияга кирген эмес. Ошол себептен президент Николя Саркозинин Багдадда болгонун байкоочулар ырасмий Париждин президент Барак Обаманын өкмөтүнө көмөктөшүү ыкыласына жорушту.

“Президент Саркозинин визити,менимче,Евросоюздун ичинде Ирактагы миссияга мамиле өзгөрө баштаганын көрсөтөт,-- дейт Лондондогу падышалык институттун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка бөлүмүнүн башчысы Кристофер Панг. – 2003-жылдан бери АКШ менен Франциянын ортосу салкын тартып кеткени белгилүү. Ошо кездеги француз президенти Жак Ширак АКШнын Ирактагы согушуна каршы болгон. Бирок Барак Обама президент болуп шайланган соң француз жетекчилери Ирактан акырындап аскерлерин чыгарганга АКШ администрациясына колдоо көрсөтүүнү чечти”.

Эл аралык иштер боюнча Европа кеңешинин Лондондогу аналитиги,британдык экc-дипломат Даниэл Корски да Иракка байланыштуу АКШ менен Европанын арасына жик салган маселелерде Обаманын өкмөтүнө иркектеш болгонго Париж активдүү кызыкдар деп эсептейт. Саркозинин Багдаддагы визити Франция Ирактагы проблемалар менен кыйынчылыктарды билерин, аларды чечүүдө Обама туура иштерди баштаганын, бул процесске француздар катышарын Вашингтонго каңкуу кылган кабар болду.

Саркозинин соңунан шейшемби күнү Багдадга Германиянын тышкы иштер министри Франк-Валтер Штайнмайер келип, атайын меморандумга кол коюп кетти. Ирактагы аскерий кампанияны Германия да колдогон эмес. Былтыр жайда Багдадда болуп кеткен соода министринен башка немец өкмөтүнүн жогорку даражалуу бир да өкүлү 2003-жылдан бери Иракка келе элек болчу.

Бу жолу Штанмайер өзү менен кошо Багдадга немецтердин жоон топ бизнесмендерин ала келди. Берлин Иракка экономика жана илим тармагында бир нече долбоорлорго жардамдашууга сөз берди, мындан тышкары Багдадда жана Эрбилде өзүнүн соода өкүлчүлүгүн ачмай болду.Немец министри Германиянын Ирактагы саясатында бурулуш жасалганына, Берлин Багдаддагы жаңы бийликке кол сунарына ишендирди.

Евросоюз 2003-жылдан бери Иракка 900 миллион евро өлчөмүндө жардам көрсөттү, бирок акыркы кездерге чейин бул өлкөдөгү кайра куруу иштерине тикелей катышпай келатат. Коалицияга кошулбаган Франция менен Германиянын бул жолку ишаарасынан кийин абал өзгөрө турганын европалык бир катар гезиттер белгилеп көрсөтүштү.

Ошол эле учурда бул ишаарада экономикалык мүдөөлөр бар экени да жашыруун эмес. Париждин Иракка кызыга баштаганын “Le Monde" гезитинин аналитиги “үлкөн бизнес мүмкүнчүлүктөрү” менен түшүндүрдү. “Азыркы бардык кыйынчылыктарына карабастан Ирак абдан бай өлкө, - деп жазды ал.- Былтыр эле анын бюджети мунай экспортунан 85 миллиард доллар киреше тапты. Ирак өкмөтү мынча акчаны эмне кыларын билбей, башы ооруп турган чагы”.

XS
SM
MD
LG