Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:39

Эл аралык Набукко газ кууру боюнча Будапеште өткөн бир күндүк конференция бул долбоорду каржылоо боюнча убадалар менен аяктады. Алгачкы баскычтагы жумуштар быйыл эле башталары айтылды. Бирок Орусия менен Украинанын Европаны газсыз калтырган талашынан кийин мааниси арта түшкөн долбоорго ким канча акча ажыратары азырынча аныктала элек.

Набукко Каспий менен Борбор Азиядан: Азербайжан, Түркмөнстан, Казакстандын жана Жакынкы Чыгыштан: Египет менен Ирактын газын Түркия, андан соң Болгария, Румыния, Венгрия аркылуу Австрияга чейин алып келүүнү караган долбоор. Узундугу 3300 чакырымга жетүүчү куур жылына 31 миллиард кубометр газ өткөрө алат деп эсептелген. Бул Европа азыр керектеп жаткан газдын 10%ын эле түзөт, бирок кандай болгон күндө Евробиримдиктин көгүлтүр от боюнча Орусияга көз карандылыгын азайта алат. Жыл башында Москва менен Киевдин чатагынан улам Евробримдиктин бир нече өлкөсү кыш чилдеде газдын олуттуу тартыштыгына кабылгандан бери долбоордун мааниси арта түшкөндөй болду.

Будапештеги конференция доолборго байланышкан талылуу маселелердин баарын чече албаганы менен оптимисттик маанайда аяктады, ал эч качан курулбайт деген жоромолдорду жокко чыгарды өңдөнөт.

Газ керектөөчү өлкөлөрдүн өкүлдөрү куурга көгүлтүр от толоруна кепилдик алгысы келсе, газ саткан өлкөлөрдүн өкүлдөрү Европада долбоорду ишке ашыргыдай саясий эрк бар экенин жана аны каржылай аларын билгиси келишти.

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун жыйынга күбө болгон кабарчысы Брюс Панниердин баамында, эки тарап тең, албетте, каалаганын баарын уга алган жок. Бирок экөө тең Набукконун келечеги бар деген ишенимде кайтышты.

Жыйындын конок ээси жана болочокто Набуккодон газ алуучу өлкө - Венгриянын премьер-министри Ференс Дюрчандын билдиргенине караганда, Набукко концорциумуна кирген алты компания Евробиримдикти биринчи баскычтагы иштер үчүн 200-300 миллион евро ажыратууга ынандыра алчудай. Андан соң Набукконун акционерлери Евробиримдик менен Европанын каржы институттарына долбоор үчүн 2 миллиард евро бөлүүнү өтүнүп кайрылат.

Айткандай эле Будапешт конференциясы аяктагандын эртеси, шаршембиде Евркомиссия Набуккону насыя менен камсыздоочу үчүн Европанын инвестициялык банкына 250 миллион евро ажыратууну пландап жатканын жарыялады. Бирок бул Набукко үчүн океандагы тамчыдай эле. Адеп башында анын наркы 4,4 миллиард евро деп эсептелген эле, бирок жакында кайра каралганда, чыгым дээрлик эки эсеге көбөйтүлдү.

Долбоор 2013-жылга аяктайт деп болжолдонгон, бирок азырынча куурдун бир метри да төшөлө элек.

Набукко концорциумунун башчысы Рейнхард Митчектин болжолунда, долбоорду ишке ашыруу боюнча маанилүү жумуштар жакын арада башталат:

- Биз инженердик жумуштарды жана транспорттук мүмкүнчүлүктөр боюнча маркетинг иштерин, ошондой эле экологиялык жана социалдык таасирди баалоо боюнча иштерди да быйыл баштайбыз деп күтүп жатабыз. Бул баскычтардын баары үчүн мүмкүн болгон саясий колдоону алабыз деген ишеничтебиз.

Набукко куурун газ менен толтурат деп саналган өлкөлөрдөн Будапештеги конференцияда долбоорго өзгөчө бекем колдоосун Азербайжан көргөздү. Жыйынга президент Ильхам Алиев өзү барып, өлкөсү Набуккону узактан бери эле колдоп келе жатканын баса белгиледи.

- Азербайжан Набукко долбоорун ар дайым колдоп келген. Бүгүн биз колдоону улантаарыбызды дагы бир жолу жарыялагым келет жана даярдалган декларация муну ачык көргөзүүдө.

Набукко курулса, адеп башында Европага ал аркылуу Азербайжандын Каспийдин Батыш жээгиндеги, кору 1,2 триллион кубометр деп эсептелген Шах-Деңиз кенинен чыккан көгүлтүр от кетери мерчемделген. Кийинчирээк куурга Түркмөнстан менен Казакстан да кошулат деп болжолдонууда. Бирок бул үчүн Каспийдин түбү аркылуу Азербайжандын жээгине чейин куур төшөө талап кылынат. Конференцияга Орусия менен газ келишимдери бар Түркмөнстан жана Казакстан делегацияларынын катышуусу оң көрүнүш катары чечмеленди.

Айтор Набукко долбоорун азыр экономика менен катар саясат да алга жылдырып жаткандай. Будапештеги конференцияда Европанын "энергия коопсуздугу", энергия булактарын "диверсификациялоо" жөнүндө утур-утур айтылды. Ушул эле маселелер эми апрелде Болгарияда, май айында Чехияда өтүүчү конференцияларда талкууланат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG