Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Зардари Брюсселден олжолуу кайтты


Белгия -- Асиф Али Зардарини Брюсселде жылуу кабыл алышты.
Белгия -- Асиф Али Зардарини Брюсселде жылуу кабыл алышты.

Евросоюз Пакистанга 100 миллион евродон ашуун каражат бөлөт. Анын көбү Сваттагы качкындарга жардамдашуу ишине жумшалат. Эки тараптын соода-сатыгы да күчөтүлөт. Кечээ Брюсселде Евросоюз жана НАТО жетекчилери менен президент Асиф Али Зардаринин жогорку деңгээлдеги жолугушуусу ушундай жыйынтыктар менен аяктады.

Асиф Али Зардаринин Брюсселде өткөргөн сүйлөшүүлөрүн еврошаркет лидерлери "тарыхый жолугушуу" катары баалаганга үлгүрүштү. Биринчи ирет ырасмий деңгээлде өткөрүлгөн жыйындарда негизинен экономикалык жана соода-сатык маселелерине көңүл бурулду.

Сүйлөшүүлөр аяктаган соң шаркеттин ушу кездеги төрагасы Чехиянын президенти Вацлав Клаус Пакистанга гуманитардык тыкыр жардам жөнөтүү, ошондой эле эркин соодага байланыштуу узак мөөнөттүү чаралар талкууланганын маалымдады. Алардын ичинде Пакистан үчүн Евросоюздун рынокторун ачуу тууралуу да сөз болду.

Эки тараптын ортосундагы соода-сатыктын көлөмү былтыр болжол менен жети миллиард еврого жетти. Алдыда эркин соода аймагын түзүү кыязы бар. Бирок бул иш алыскы келечектин планы бойдон турат.

Азырынча Евросоюз шашылыш жардам катары Пакистанга 100 миллион евродон ашуун каражат бөлүүнү чечти.

"Жайкын калктын, айрыкча Сват өрөөнүн,ага чектеш аймактарды таштап кеткен көп сандаган адамдардын башына түшкөн мүшкүлгө биз өтө камтама болуп жатабыз, - деп билдирди Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу. – Ошону үчүн жабыркап жаткандарга көрсөтүлө турган чукул жардамдын көлөмүн азыркы жети миллиондон 72 миллион еврого жеткирүүнү чечтик. Баары болуп 124 миллион евро бөлгөнү жатабыз, анын теңинен көбү гуманитардык жардам катары, калган 52 миллиону башка максаттарга берилет".

Клаус менен Баррозу Пакистандагы демократияны өнүктүрүү зарылдыгына да токтолушту жана муну "өлкөдөгү стабилдүүлүктүн зарыл шарты" деп аташты.

Өз кезегинде Зардари дүйнөдөгү демократиялык өлкөлөрдүн Пакистан менен байланышы, өлкөнүн өзүндөгү демократиянын өнүгүшү өзгөчө маанидеги иш экенин белгилеп, мындан ары Евросоюздун кеңселеринде Пакистандан келген "диктаторду" кабыл алууга туура келбей турганына ишендирди.

Экс-президент Мушарраф бийликте турган жылдары Европага эки ирет келген,эки ирет тең Европарламентте гана сөз сүйлөгөн.

Зардари НАТОнун баш кеңсесинде алянстын элчилери алдында сүйлөгөн сөзүндө "Талибанга" каршы күрөштө чоң жардам көрсөтүүгө чакырды, бирок аны тактап, конкреттештирген жок. Мунун ордуна бардык операциялар маалында Пакистандын суверенитети кынтыксыз сакталышы керектигин эскертти. Буга кошо НАТОлук күчтөргө караганда Пакистан аскерлери козголоңчуларга каршы алда канча майнаптуу күрөшө алат, анткени алар жер шартын, элдин маданиятын,каада-салтын жакшы билет, эң башкысы - жергиликтүү калк арасында бөөдө чыгымдар аз болот деп ырастады.

XS
SM
MD
LG