Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Кышта газ экспорту кайра кыйындашы ыктымал


"Достук" куурунун картасы.
"Достук" куурунун картасы.

Кечээ Евросоюздун өкүлдөрүнөн турган эки команда Брюсселден Киевге жана Москвага жөнөп кетти. Эки күн ичинде эксперттер орус газынын экспортуна байланыштуу жагдайды иликтеп, шаркеттин эмдиги аптада ачылганы жаткан саммитине атайын доклад даярдашат.

Европа быйыл кышта да Украинанын айынан газсыз калышы ажеп эместигин орус премьер-министри Владимир Путин ушул айданы башталышында Финляндияда жүрүп айткан эле.

"Жер алдындагы кампаларына алдын-ала жетерлик газ толтуруп алмайынча Украина отунсуз калат жана кайрадан экспорт куурларынан газ алганга аргасыз болот. Ушундай жагдай түзүлүшү мүмкүн экенин биз эртелеп эскертип жатабыз",-деп билдирген Путин Хелсинкидеги маалымат жыйыны маалында.

Путиндин айтымында, кычаган кризис учурунда Украина акчадан кынжылып жатканына Москва табасы канып отурган жок, ошол эле учурда орус газы үчүн орустар өздөрү акы төлөбөй турганы да анык. Ошондуктан ал бу жагынан Киевге жарнакташып жардамдашууну Евросоюзга сунуш кылды эле, Брюсселде муну алакан жанып кабыл алышкан жок.

Утурумдук газ үчүн Киев эптеп акча табышы ыктымал. Май ичинде пайдаланган газ үчүн карызын эки күн мурда алда-жалда менен араң төлөдү. Буга кошо кампаларына кышкы керектөөсүнө жетерлик өлчөмдө газ толтуруп алуу үчүн Украинага айына 500 миллион доллар каражат керек.

Европа комиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу украиналыктарга өзгөчө атантайлык кылганы европалыктар мынчалык акча таба албастыгын моюнга алып,бирок бу маселени 17-июнда боло турган саммитте ортого салганга убада берди.

Андан соң Баррозу менен Путин телефон аркылуу эки-үч курдай сүйлөшүп,акыры Еврокомиссия кырдаалды иликтеп көргөнү Москвага жана Киевге эксперттер тобун жиберүүнү чечти.

Соңку жылдары газ экспортуна байланыштуу Россия менен Украина эки ирет чатакташты. Андан европалыктар азар көрдү. Айрыкча быйыл январда газ каатчылыгы өтө катуу сезилди.

Натыйжада Евросоюз "көгүлтүр отун" ала турган башка да булактарды караштыра баштады. Бу маселе жакынкы келечекте гана барып чечилиши мүмкүн. Азырынча болсо европалыктар өздөрү керектеп жаткан бүткүл газдын чейрек бөлүгүн Россиядан негизинен Украина аркылуу өткөн куурлардан алат.

XS
SM
MD
LG