Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:00

Россия-Евробиримдик ортосундагы «чыр дөбө”


Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Россия-ЕБ жолугушуусунан кийинки пресс-конференцияда. Люксембург. 28-апрель 2009
Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Россия-ЕБ жолугушуусунан кийинки пресс-конференцияда. Люксембург. 28-апрель 2009

Евробиримдик менен Россиянын 15 жыл чукулдап калган жигердүү кызматташуусуна карабай, фундаменталдуу саясый маселелер боюнча ортодо чоң карама-каршылыктар кала берүүдө. Россиянын тышкы иштер министри менен ЕБнын делагациясынын шейшемби күнү Люксембургда өткөн кездешүүсүндө да эки арадагы келипестиктерге көңүл бурулду.

Чехиянын тышкы иштер министри, Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Карел Шварценберг башындагы биримдиктин делегациясы менен Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровтун жолугушуусу олуттуу саясый-экономикалык маселелер боюнча тараптар бирин бири али жакшыбилип-түшүнө элегин көрсөттү.

Шварценбергдин сөзүнчө, ачык айрым маанайда өткөн талкуу Россия менен болочоккку кызматташуу боюнча экинчи жактын көзкарашын жакшылап түшүнүүгө мүмкүндүк берген. Брюссель демократиянын негизи болгон сөз эркиндигине, жарандардын саясый укуктарына жана соттордун көзкарандысыз болуусун артыкча баалай турганын Шварценберг кездешүүдөн соңку пресс-конференцияда эскерте кетти:

Чехиянын тышкы иштер министри, ЕБнын учурдагы төрагасы Карел Шварценберг. Апрель 2009

-Евробиримдиктин сөз жана жыйындарды өткөрүү эркиндигине, жарандык коомдун, көзкарандысыз басма сөзгө жана сот системасына чоң маани бергени жалпыга маалым.

Шварценберг 2008-жылы августа Грузияда болгон согуштан жана жыл башында кайталанган Россия-Украина газ чатагына байланыштуу Брюссел-Москва арасында пайда болгон ишенбөөчүлүктөн кутулуу зарылдыгына да токтолду.

Лавров мартта Биримдикти “Чыгыш кызматташуу демилгеси” деп аталган долбоорго жамынып, мурдакы советтик республикаларды өз кучагына тартып алууну көздөйт деп күнөөлөгөн. Шварценберг мындай көзкарашты четке кагып, не Биримдик, не Россия үчүн “эч кандай таасир көрсөтүү чөйрөсү болбошу керек” деп билдирген эле Биримдиктин тышкы иштер министрлеринин 27-марттагы жыйынында.

Брюссел экс-советтик мейкиндикте “таасир көрсөтүү алкагын” түзүүгө умтулбаганына Россияны ишендирүүнүн аракетин кылып жатканын Сергей Лавров да шейшемби күнү Люксембурда ырастады:

-Брюссель бул таасир көргөзүүнүн жаңы чөйрөсүн түзүүнүн аракети эмес, бул жараян Россияга каршы багытталбаган деп бизди ишендирген сөздөрдү айтууда. Биз мындай убадага ишенгибиз келет.

“Чыгыш кызматташуу демилгеси”- Евробиримдик менен Беларус, Украина, Молдова, Грузия, Армения жана Азербайжан арасындагы байланышты- финансылык көмөк аркылуу жакшыртууга багытталган долбоор. Бирок, былтыркы орус-грузин согушунан кийин Брюсселде аталган долбоорду Россиянын таасирин чектөөчү альтернативага айлантуу идеясы айтыла баштады. Жарыша эле президент Медведев Европанын бардык өлкөлөрү толук катышчу “коопсуздуктун жаңы архитектурасын” түзүүнү сунуш кылган.

XS
SM
MD
LG