Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:54

Быйылкы жылдын башталышы Европада газ тартыштыгы менен эсте калды. Европаны эки апта камтамага салган Украина менен Орусиянын өзү бул күндөрү каржы жагынан жоготууга учурады. Бирок узак мөөнөттөн алганда эки коңшунун талашынын кесепеттери мындан да олуттуу болуусу мүмкүн.

Учурда көгүлтүр отко болгон муктаждыгынын чейрек бөлүгүн Орусиядан алган жана ал газдын 80%ын Украинанын куурлар менен ташыган Европада кыш чилдеде жылуулуксуз калтырганы үчүн Москва менен Киевди жазалгандай ыкчам жол жок.

Анткен менен 27 өлкө кирген Евробиримдик быйылкы көрүнүштү унутпасын буга чейин эле ишара кылды. Азыр ал энергия алуунун Украина менен Орусияга альтернативалуу жолдорун издөөдө. Мунун бир мисалы - ушул дүйшөмбү, шейшемби күндөрү Венгриянын борбору Будапеште өткөн саммит. Анда Европага газ алып келүүнүн жаңы багыты талкууланып, Набукко газ кууру долбоорун ишке ашырууну тездетүү чакырыктары айтылды. Биримдиктин учурдагы төрагасы – Чехиянын премьер-министри Мирек Топаланек Набукко боюнча мунаса табуу - Европадагы "тилектештик үчүн сыноо" экенин белгилөө менен төмөнкүлөргө токтолду:

- Бул долбоор Орусиянын жана Норвегиянын газы менен катар биздин мүмкүнчүлүктү кеңейтет. Европанын өлкөлөрү отундун үчүнчү ири булагын колдоно алат. Мен "Орусиянын жана Норвегиянын газы менен катар" деп атайы айттым. Набукко Орусияга каршы долбоор эмес экенин баса белгилегим келди.

Анткен менен чех өкмөт башчысы Орусиянын Түштүк агым жана Түндүк агым долбоорлору Набуккого коркунуч туудурарын кошумчалай кетти:

- Кризис Түндүк агым жана Түштүк агым газ кууру долбоорлорун курууга артыкчылык берген аргументтерди алып чыкты. Бул багыттар Украинаны жана ага катар Борбордук Европаны айланып өтөт, ошол эле учурда Евробиримдиктин энергия жагынан Орусияга жогору деңгээлде көз карандылыгын сактайт. Бул - Набукко долбоору үчүн тикелей коркунуч.

Узундугу 3300 чакырым, сыйымдуулугу жылына 31 миллиард куб газ өткөрө алат деп эсептелген Набукко долбоору Борбор Азиянын жана Каспийдин газын Орусия менен Украинага кирбестен Түркия аркылуу Европага алып келүүнү карайт. Ага Түркия аркылуу Жакынкы Чыгыштын газы да кошулуусу керек. Бирок болочок куурду кантип толтуруу жана долбоорду каржылоо маселеси азырынча макулдашыла элек.

Будапештеги жыйында ага катышкан өлкөлөр Набуккону куруу ниетин дагы бир ирээт ырасташты. Долбоорду ишке ашыруу үчүн "талап кылынган саясий, укуктук, экономикалык, каржылык " шарттарды түзүү боюнча аракеттерди улантууну чечишти.

Евробиримдиктин энергетика боюнча комиссары Андрис Пиебалгс Будапештеги жыйында долбоорго катышуучу өкмөттөрдү Набукко боюнча март айынын соңуна карата расмий милдеттеме берүүгө чакырды. Анын айтымында, азыр Каспий менен Жакынкы Чыгыштын газы Европага Түркия 2015-жылга карата келип калуусуна шарттар бар.

Европанын инвестициялык банкы менен Европанын өнүгүү жана кайра куруу банкынын жетекчилери жыйында, эгер белгилүү бир шарттар аткарылса, алардын институттары Набукко доолборун каржылоого даяр экенин айтышты.

Газ кризисинен кийин көңүлдү дагы бир ирээт бурдурган Орусиянын Түштүк агым долбоор болсо куурду Кара деңиздин түбү, андан соң Болгария жана Греция аркылуу Италиянын жээгине чейин, Түндүк агым долбоору Балтика деңизинин түбү аркылуу Германияга түз жеткирүүнү карайт. Аталган эки куурдун сыйымдуулугу жылына 90 миллиард кубометр деп эсептелген. Бул - азыр Украина аркылуу өткөн 280 миллиард кубометр газдын үчтөн бир бөлүгү.

Жоннатан Стерн – Оксфорд энергетикалык изилдөөлөр иниститунунун газ боюнча адиси. Анын көз карашында, эки апталык тирештин учурунда Орусия да, Украина да кирешесинин бир бөлүгүн жоготту, эгер Европанын компаниялары сотко берсе, чыгымы дагы көбөйүүсү мүмкүн:

- Алар, "Газпром", тикелей 1,2-1,5 миллиард доллар жоготту. Эми кыйыр түрдө алар келтирген зыян үчүн сотко берилүүсү мүмкүн. Алардын контрактарында газ жеткирилбей калган учурулар үчүн айып төөлөөнү караган беренелер бар. Ал эми узак мөөнөттөн алганда келтирилген зыян – буга чейин адегенде СССР, андан кийин Орусия 40 жылдан бери Европага газды толук коопсуз жана үгүлтүксүз жеткирип жатат деп айта алышчы. Мындан ары эч ким минтип айта албайт.

Айрым байкоочулардын баамында, Украина менен Орусиянын газ талашында Евробиримдиктин өзү да утулду. Талашты жөндөөдө Орусия жана Украинага каршы рычагы аз эле экенин аныкталды. Энергия коопсуздугу боюнча италиялык талдоочу Федерико Бордонардонун пикиринде, бул - Евробиримдиктин алсыз жагы жана өзөктүк кубат сыяктуу альтернативалуу стратегияны ишке ашыруу багытында ыкчам чара көрүлбөсө, кырдаал мындан да оорлойт:

- Евробиримдик энергиянын четтен келген булагына көз карандылыгын азыркыга чейин азайта алган жок. Эгер учурдагы тенденция улана берсе, 2030-жылга карата орусиялыктар Евробиримдиктин газ боюнча муктаждыгынын 60%дан ашуунун камсыздап калат. Негизги факт - Еврошаркет Орусия менен мамиле түзүүдө азыр деле экиге бөлүнүүдө. Орусияга карата бир саясатты иштеп чыга албады.

Орусия менен Украинанын талашында тикелей утурган дагы бир тарап – "РосУкрЭнерго" деген далдалчы компания болду. "Газпром" менен украиналык эки ишкер ээлик кылган бул компания эки тараптуу соодада ортомчунун милдетин аткаруучу. Орусиянын "Гапрому" менен Украинанын "Нафтогазы" премьер-министрлер Владимир Путин жана Юлия Тимошенконун кийлигишүүсү астында түзүлгөн соңку келишимде ал компания оюндан чыгарылды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG