Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:42

Евробиримдик Түштүк Кавказ стратегиясын талкуулады


Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер (солдо) жана Европа биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Хавьер Солана жыйын алдында, Брюссель, 15-сентябрь 2009-жыл
Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер (солдо) жана Европа биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Хавьер Солана жыйын алдында, Брюссель, 15-сентябрь 2009-жыл

14-15-сентябрда Европа биримдигинин тышкы иштер министрлери жылдык жыйынына чогулуп, бул ирет Түштүк Кавказ, Ооганстан жана Иран стратегияларын талкуулашты.

Биримдиктин учурдагы төрагасы катары Швеция Түштүк Кавказ боюнча стратегияны жаңылап чыккан. Армения, Азербайжан жана Грузия блоктун “Европалык коңшулар программасына” камтылган. Быйыл жыл башында болсо 3 өлкө шаркеттин “Чыгыш европалык коңшулар” долбооруна кошулду.

Шейшемби күнкү жолугушуудан кийин Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт Армения, Азербайжан жана Грузия досторун жана шериктерин өздөрү аныктоого укуктуу деп белгиледи:

- Көз карандысыз өлкөлөр катары алар өз тагдырын өздөрү тандай алышат. Алар Европа биримдиги менен көбүрөөк кызматташуу жолуна артыкчылык беришти.

Алар кимдир бирөө каалагандай чектөөгө алынбашы керек, - деген Билдт Россиянын короосуна таш ыргыткансыды.

Швеция даярдаган документ сөз болгон 3 мамлекетке мүчөлүктүн ордуна мөөнөтсүз келишим сунуш кылынат. Ага ылайык, болочокто эркин соода жана жеңилдетилген виза режими киргизилиши ыктымал.

Андан тышкары документте Түштүк Кавказ бирдиктүү регион катары бааланууга тийиш делинет. Грузия былтыр эле уюмга мүчө болуп кирүүгө умтулуп жатты эле. Бирок Россия менен болгон август согушу, ага кошул-ташыл оппозициянын демонстрацияларын күч менен таркатуу Тбилисинин андай үмүтүнө балта чапты.

Билдт 3 өлкө тең мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу, демократияны өркүндөтүү, башкаруу системасын Еврошаркеттин стандарттарына ылайыкташтыруу аракетин көрүп келатканын, бирок бардыгы эле каалагандай прогресске жетише албаганын белгиледи.

Айрым кабарларга караганда, шаркет БУУнун Ооганстандагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасын болтурбоо аракетин колдойт. Шейшембиде шайлоо боюнча даттануу комиссиясы шайлоо участкаларынын 10 процентиндейинде бюллетендерди кайра санап чыгууга буйрук берди. Натыйжада, добуштардын 54 процентин алган президент Хамид Карзайдын биринчи эле айлампада жеңиши реалдуу болчудай.

Карл Билдт чет мамлекеттер шайлоонун жыйнытыгы кандай болушу керектигин таңуулабоого тийиш деп баса белгиледи. Шаркет жаңы өкмөт иштей баштаары менен Ооганстандагы экономикалык, саясий жана аскерий эмес чөйрөдөгү аракеттерин күч алдырууга ниеттенүүдө. Биримдик бобордук өкмөт менен талиптердин саясий элдешүүсүнө көп маани берип келет. Билдт тынчтык орнотуу аракеттеринин натыйжалуулугу өлкөнүн тагдырында чечүүчү ролду ойнойт деп айтты.

Блоктун тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Хавьер Солана Коопсуздук Кеңешинин туруктуу 5 мүчөсү жана Германия менен сүйлөшүү өткөрүү боюнча Ирандын соңку сунушу жөнүндө айтып берди.

Финляндиянын тышкы иштер министри Александр Стубб белгилегендей, Тегерандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса же Коопсуздук кеңеши бул маселеде мунасага келе албаса, Евробиримдик бир тараптуу түрдө Иранга каршы санкция киргизүүгө даяр:

- Иран боюнча биз 3 кадамды караштырып жатабыз. Биринчиден, диалог куруу, америкалыктар менен европалыктардын катышуусундагы андай сүйлөшүү жакын арада өткөрүлүшү ыктымал. Экинчиден, диалог жемиштүү болбосо, биз Улуттар уюмунан санкциялардын колдонулушун өтүнөбүз. БУУ санкция киргизбесе, анда бир тараптуу түрдө санкция жөнүндө ойлонобуз.

XS
SM
MD
LG