Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Евробиримдикте кайрадан чоң талкуу


18-июнда кечинде Брюсселде Евробиримдиктин эки күндүк саммити ачылды. Биримдикке кирген 27 өлкө лидерлери бул ирет эки чоң маселе - Евросоюздун конституциялык базасы саналган Лиссабон келишимин жана финансылык системаны дүйнөлүк кризистин кесепеттеринен коргоо жолдорун талкуулайт.

Европа Биримдигинин лидерлери бул эки чоң маселеден башка Жозе Мануэл Баррозуну Еврокомиссиянын президенттигине кайра шайлоого добуш беришет. Саммит – жакында Европарламентке көпчүлүгү оңчул жана жалпы европалык идеяны жактыра бербеген күчтөр шайлангандан кийин чогулуп олтурат.

Евробиримдиктин лидерлери бул ирет Лиссабон келишиминин тегерегиндеги талаштарга чекит коюу ниетинде, бирок орток башкы документти жактыра элек жалгыз өлкө - октябрда 2-ирет референдум өткөргөнү жаткан Ирландия дале Брюсселден бир катар юридикалык кепилдиктерди талап кылууда. Ирландияда өтчү референдум Лиссабон келишиминин тагдырын чечет, Евробиримдиктин лидерлери британ консерваторлору бийликке келсе, маселени кайра бүткүл элдик референдумга алып чыгабыз деген эскертүүсүнөн чочулайт. Ирландиядагы референдумда документ кайра өтпөй калса, Евробиримдиктин конституциялык реформасы дагы кечеңдейт.

Ирландиялык шайлоочулар аскердик бейтараптуулук, салык жаатындагы көз карандысыздык жана абортторго тыюу салуу маселелеринде атайын кепилдиктер алууну көздөп келатат. Дал ушул кепилдиктер Еврошаркеттин мамлекет жана өкмөт башчыларынын Кеңеши тарабынан бекитилиши керек. Андан сырткары Шаркеттин комиссарларынын саны мурдагыдай 27 киши бойдон калат, адегенде алардын санын 18ге чейин кыскартуу сунушталып, ага Ирландия каршы чыккан.

Орток конституциялык маселелерден кийинки орунда Евробиримдик лидерлерин банк чөйрөсүндөгү кризис маселеси күтүп турат.
Еврокомиссия президенттигине кайра шайланаары күтүлүп жаткан Жозе Мануэл Баррозу жакында Шаркет бул маселеге артыкча көңүл буруп жатканын белгилеген.

- Биз үчүн баарынан маанилүүсү – кризистин жумушсуздукка тийгизчү таасирин колдон келишинче азайтып, жарандардын кирешесин мурдагы калыпта сактап калуу. Еврошаркет экономикалык төмөндөөгө каршы баштагыдай эле чапчаң жана биргелешкен аракеттерин уланта берет, - деп ишендирди Еврокомиссия президенти.

Айрым өлкөлөрдүн Еврошаркеттин орток Финансылык жөнгө салуу системасын түзүү сунушу оңой менен өтчүдөй эмес, Британия банк чөйрөсүнүн ишмердигин борбордук орган көзөмөлгө алышын каалабай турганын айтса, Германия жана Швеция элден чогултулган салыкты ар бир өкмөт кандай сарптаарын өзү чечкени оң деп белгилешти. Евробиримдикке алты айдан бери төрагалык кылган Чехия бул саммитке акыркы жолу жетекчилик кылат, 1-июлдан тарта Шаркеттеги лидерлик Швецияга өтөт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG