Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

Европа лидерлери финансы системасын реформалоодо бир пикирде


15-ноябрда Вашингтондо финансылык реформалар боюнча глобалдык саммит өткөнү жатат. Аны утурлап Европа Биримдигинин жетекчилери жума күнү Брюсселде жолугушту.

Жыйында европалык лидерлер АКШнын улам өсүп жаткан соода тартыштыгы сыяктуу кооптуу окуяларга жана финансылык көз боемочулуктарга байкоо салууну алдын-ала эскертүүчү система түзүүнү сунушташты. Жыйынга төрагалык кылган Франциянын президенти Николя Саркози европалык мамлекет жана өкмөт башчылары "келерки аптада Вашингтон саммитинде «чечкиндүү чечимдерди кабыл алуу зарыл деген» бир пикирге келишкенин бышыктады. Дүйнөдөгү эң бай мамлекеттер менен катар өнүгүп келаткан күчтүү мамлекеттердин 20сын бириктирген уюмдун биргелешкен саммити АКШнын баш калаасында 15-ноябрга белгиленген.

Саркозинин ишениминде, бул саммит эл аралык финансы системасын кайра курууга жол ача турган жыйын болуп калмакчы. Ал ошондой эле андан 100 күндөн кийин экинчи курултай өткөрүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.

Саркози менен катар, Европа комиссиясынын президенти Хозе Мануэл Барросо Вашингтондо "сүйлөшүү үчүн гана сүйлөшүүгө" каршы экендигин, дүйнө экономикалык капсалаңдын кучагында турган маалда, убакытты курулай сарптоого болбой тургандыгын мындайча белгиледи:

- Вашингтон жыйынынан сөзсүз бир жыйынтык болушу керек. Бүгүнкү жыйында да ушул тууралуу сөз болду, анын майнапсыз бүтүшүнө жол бере албайбыз. Ал жалпы жоболорду гана аныктабастан, конкреттүү чечимдер да кабыл алынган тарыхый талкуу болуп калышы зарыл.

Ассошиэйтед Пресстин кабарлашынча, Евробиримдиктин мамлекет башчылары Вашингтон курултайынын катышуучуларынын назарына беш жобону: фирмаларга баа берген агенттиктердин ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү, эсеп-кысап эрежелерин жалпылаштыруу, мыйзам камтыбай калган маселелерди тактоо жана финансылык баш-аламандыкты тынчытуу жаатында Эл аралык валюта корунан кеңеш суроону сунуш этишмекчи.


Саркози Вашингтон жыйыны, Валюта кору менен Дүйнөлүк банк негизделген 1944-жылдагы Бретон Вудс жыйыны сыяктуу, тарыхый чечимдерди кабыл алат деген ишенимде. "Биз оюндун эрежелерин өзгөрткүбүз келет" деп айтты ал. Ошол эле мезгилде Валюта корунун аткаруучу директору Доминик Страус-кан дүйнө лидерлери Вашингтон жыйынына ашыкча үмүт артпашы керектигин эскертти. Ал "Файнэншиэл Таймс" гезитине өзгөрүү бир күндө болбой тургандыгын жана Вашингтондо жаңы эл аралык келишим түзүлбөй тургандыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG