Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Базар-Коргондо окуучу эки кабаттуу мектептин чатырынан кулап кетти


Иллюстрация
Иллюстрация

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда 10-класстын окуучусу эки кабаттуу мектептин чатырынан кулап кетти. Окуя Акман айылында Токтогул Сатылганов атындагы №5 мектепте шейшемби күнү болду.

Маалыматка караганда, авиакырсыктан улам 17-январь - Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыялангандыктан, окуучу мектептин чатырына желекти түшүрүү үчүн чыккан.

Мектеп директору Кадырмамат Турдиев “Азаттыкка” билдиргендей, ал бутунан жараат алып учурда райондук ооруканада жатат. Жетекчилик балага ким тапшырма бергенин териштирип жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG