Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:13

Германия менен Франциянын экономикасы кризисте чыгып келатат. АКШда aкция базарлары март айында турукташа баштаган, учурда машина, үйлөр көбүрөөк сатылууда.

Бул жылыштарды бекемдөө үчүн АКШда эл дагы көбүрөөк сарпташы зарыл. Бирок акыркы кездери америкалыктар акчага сараң болуп кетишти. Бул дүйнөлүк экономиканын кайра жанданышына кандай кесепет тийгизиши мүмкүн?

АКШ экономикасынын көлөмү жана байлыгы аны дүйнөлүк өнүгүүнүн кыймылдаткычына айланткан. Бул кыймылдаткычтын кыймылдап турушу үчүн америкалык керектөөчүнүн мааниси айрыкча. Анткени АКШда керектөөчүлөрдүн сарптоолору өлкөнүн улуттук дүң өндүрүшүнүн 70 пайызын түзөт. АКШ - нагыз керектөөчүлөр өлкөсү. Ошондуктан көп мамлекеттер өз товарларын ушул жакта саткысы келет.

Бирок былтыр экономикалык артка чегинүү башталгандан бери америкалыктар азыраак сарптап, көбүрөөк үнөмдөй башташты. Дүйнөлүк экономиканын кайра тирдигишинде бул кырдаалдын таасири кандай?

Десмонд Лачман - Эл аралык Валюта корунун мурдагы экономисти, учурда Вашингтондогу Америкалык Ишкердүүлүк институтунда изилдөө ишин улантууда. Анын ишениминде, бара-бара глобалдык сарптоону жана керектөөнү жаңы нукку салуу керек болот. Кекиртектен алган карыздарынан кутулуу үчүн америкалыктар дагы көбүрөөк үнөмдөп, азыраак сарпташы зарыл.

Ошол эле убакта Европада жана Азияда, айрыкча эң ири өлкөлөр болгон Германия менен Кытайда эл көбүрөөк сарптаса, максатка ылайык болмок. Бирок азырынча мындай өзгөрүш боло элек, натыйжада АКШнын өкмөтү экономиканы кармап туруу үчүн стимулдаштыруу долбоорлоруна ишеним артууга мажбур болууда:

– Эгер АКШнын өкмөтү кийлигишпеген болсо, бизде глобалдык көйгөй азыркыдан да көп болмок. Анткени элдер АКШны дүйнөдөгү эң башкы керектөөчү катары көрөт. Эгер бул керектөөчү керектебесе, ал эми Германия менен Кытай өз керектөөчүлөрүн көбүрөөк сарптоого ынандыруучу чараларга барбаса, глобалдык экономиканын кендири кесилери турулуу.

Бирок АКШда башка да баш оору бар, ал «төлөмдөр тең салмаксыздыгы» деп аталган карыздын ыксыз көптүгү. Лачмандын пикиринде, Германия менен Кытай өңдөңгөн экспорттоочу ири мамлекеттер АКШ менен ынтымакташып, кризиске каршы чогуулап чара көрүшсө болмок:

– Глобалдык экономикага стимул керек, бирок Европадан, Кытайдан да көбүрөөк стимул болгондо, Кошмо Штаттарына мынчалык стимулдаштыруунун зарылдыгы болмок эмес. Ошондо тең салмак болмок. Анын ордуна, мына экономика оңоло баштады, бирок АКШ оңолуунун даңгыр жолуна түшөөрү менен, бул өлкөнүн эбегейсиз көлөмдөгү карызынын маселеси кайра бөгөт болот.

Бул өз кезегинде экспорттоочу өлкөлөргө кысымды күч алдырып, азыр алар көрүп жаткан оңолуунун белгилери жокко чыгат.

Мындай пикирге бардык эле изилдөөчүлөр кошулбайт. Алан Мелтсер - Питсбургдагы Карнеги Меллон университетинин экономика профессору. Анын оюнча, бардык кыйынчылыктан өкмөттүн кийлигишүүсү куткарат деген туура эмес. Анын айтымында, Германия сыяктуу өлкөлөргө өкмөттүк кеңири кийлигишүүнүн зарылдыгы жок, тескерисинче, өкмөт бут тоспосо, жеке менчик өнөр-жай өзү жол таап кетет:

– Менимче, немистер этиет, зиректик менен аракет кылышууда. Алар Обаманын администрациясынчылап, дүрбөлөң түшкөн жок. Өкмөттүк чектөөлөр, салыктар муундурбаса, Германиянын жеке менчик тармагы дараметтүү көп. Келерки жылга чейин жеке аракеттер жемишин бере баштайт.

Ошол эле убакта, Кошмо Штаттарынан айырмаланып, Европада, анын ичинде азыр оңолуунун белгилери айгине болуп жаткан Германия менен Францияда мамлекеттин көзөмөлү башынан эле күчтүү болчу, ал эми эли азыраак сарптап, акчасын көбүрөөк үнөмдөгөндө ык алган. Ошого карабастан, Мелцер өкмөттөр экономикага өз оюн таңуулабай, ишкердүүлүк менен инвесторлордун колун бош койсо, алардын аркасы менен дүйнө экономикалары кризиске кандай батса, андан жолду ошондой таап кетээрин бөркүндөй көрөт.
XS
SM
MD
LG