Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:11

Экономисттердин айтымында, дүйнөлүк экономикалык кризистин экинчи толкуну Кыргызстанга катуу тийбейт, бирок өлкөдө экономикалык кырдаал кыйындата турган коркунучтар да бар.

Дүйнөлүк экономикалык кризистин экинчи толкуну башталганы айтылып, дүйнөнүн ар кыл аймактарында экономисттер түрдүүчө жорумдарын жасай башташты. Бишкек либералдык клубунун кезектеги отуруму дал ушул маселеге арналып, адистер дүйнөлүк экономикалык кризистин Кыргызстанга тийгизген таасирин талкуулашты.

Экономикалык кризис кай жактан урушу мүмкүн?

Дүйнөлүк экономикалык кризистин биринчи толкуну өтүп, эми экинчи кезеги келип калганы айтылып, дүйнөдөгү бир катар окумуштуулар буга байланыштуу иликтөөлөрүн, байкоолорун жарыялашкан. Көптөгөн экономисттер дүйнөдөгү экономикалык абал латынча V тамгасы түрүндө эмес, W тамгасы түрүндө өнүгөрүн айтышат. Биринчисинде, экономикалык төмөндөөлөрдөн кийин өсүү мезгили келери көрүнүп турат. Ал эми экинчисинде, төмөндөөдөн кийин жогорулоо, андан соң биз айтып жаткан экинчи толкунду билдирген кайра төмөндөө, андан кийин гана жогорулоо болмокчу.

Бишкек либералдык клубунун талкуусунда да дүйнөлүк экономикалык кризистин таасирлери тууралуу түрдүүчө пикирлер айтылды.

Улуттук банктын мурдагы жетекчиси Улан Сарбановдун пикиринде, дүйнөлүк экономикалык кризис Кыргызстанга ири өлкөлөрдөгүдөй катуу тийбейт. Бирок өлкөдө экономикалык кырдаал кыйындап кетишин шарттай турган коркунучтар да бар. Мындайда, өлкөнүн экономикалык саясатын сабаттуу жүргүзүү, экономикалык өзгөрүштөргө даяр болуу жана дүйнөлүк масштабдагы саясий-экономикалык оюнчулардын кабак-кашын карап туруу керек.
Улан Сарбанов

- Азыр өлкөдөгү абал бюджеттеги дефициттин өлчөмүнө байланыштуу оор десе деле болот. Анын себеби мигранттардан келген каражаттардын азайышына, жаңы салык кодексинин киршине да байланыштуу. Бирок бир жагынан Орусия, АКШ, эл аралык уюмдар сыяктуу донорлор менен алдыдагы эки-үч жылга каражат алуу боюнча сүйлөшүүлөргө жетиштик. Мындайча айтканда эки-үч жылдык каржы маселебизди чечип алдык. Бирок мындай суроо турат да. Андан ары эмне кылабыз? Эл аралык уюмдар менен иштеше беребизби же өз алдынча болобузбу. Анткени карыздарды төлөш керек да.

Ошондой эле Улан Сарбановдун айтымында, ички дүң продуктусунун (ИДП) өсүү деңгээли абдан төмөн болуп келаткандыгына байланыштуу да Кыргызстандын экономикасы бутуна туралбай келатат. Маселен, АКШдай ири экономикасы бар өлкө үчүн ички дүң продуктусунун (ИДП) жыл сайын эки-үч пайызга өсүшү жакшы көрсөткүч. Кыргызстандай мамлекет үчүн ИДП өсүшү 5-6 пайыздан ашса гана жылыштар болушу мүмкүн. Ал эми статистика боюнча көрсөткүчтөр 5 пайызга да жетпей келет.

Адистер ошондой эле, жакынкы келечекте экономикада кризистик жагдайлардын пайда болуусуна тышкы карыздардын көбөйүүсү, валюталык курстун өзгөрүшү, каржылык булактардын азайышы, бюджетке каражаттын аз топтолуусу, өлкөдө өндүрүлгөн товарларга талаптардын азайышы жана мигранттардан келген каражаттардын кыскарышы себепчи болорун айтышты.

“Kyrgyz Concept” компаниясынын президенти Эмил Үмөталиевдин айтымында, соңку кездери өлкөгө ири суммадагы каражаттарды салып турган ошол эле мигранттардын Кыргызстанга кайтып келүүсү эселеп көбөйгөнү байкалууда. Ал эми Орусия, Казакстан сыяктуу өлкөлөргө кетип турган эмгек мигранттарынын саны тескерисинче эселеп азайган. Ошол себептүү бул көрүнүш күчөп отуруп айлампа сыяктуу башка тармактарды да өзүнө тартып, кризистин тереңдешине себепчи болушу ыктымал.

Жел сандар жана тышкы саясаттын экономикалык маселелерди чечүүдөгү орду

Кыргыз-орус славян университетинин ага окутуучусу, экономист Абдыкалы Иманалиев, Кыргызстанга дүйнөлүк кризис көп деле таасирин тийгизбесин айткандарга кошулат. Анын айтымында, Кыргызстанда банк системасы деле анча өнүккөн эмес. Анткени өлкөдөгү бардык жүгүртүүдөгү акчалардын 90 пайыздайы колдо болсо, 10 пайыздайы гана банктарда жатат. Анын үстүнө банктардагы каражаттардын 70 пайызы чет элдик валюталар менен сакталса, 30 пайыздайы гана сом менен турат. Ошол себептүү дүйнөлүк кризис маалында Кыргызстанда монетардык (акча-кредиттик) эмес, фискалдык (бюджеттик-салык) саясатына көбүрөөк көңүл буруу керек:

- Бардык көйгөйлөр экономикабыз транспоренттүү (ачык) эмес экенинде болуп атат. Эгер бардык акчалар колдо жүрүп атса, экономика ачык эмес деген сөз. Ал эми расмий булактарда көрсөтүлгөн экономикалык көрсөткүчтөр чындыкка дал келбейт. Ошол себептүү фискалдык саясатка басым жасалышы керек.

Азыр дүйнөлүк интеграция күчөп, ири өзгөрүүлөр тездик менен жүрүп аткан татаал мезгил. Андыктан айрым адистер, дүйнөлүк экономикалык кризистин тамыры такыр башка жакта жатканын айтышат.

Коомдук саясат институтунун президенти, профессор Муратбек Иманалиевдин пикиринде, акыркы 20-30 жылдан бери карай дүйнөдө жалпы адамзаттын кризиси башталган. Азыркы жалпы экономикалык кризис ошол ири кризистин бир көрүнүшү:

- Дүйнөлүк жалпы чоң кризис болуп атат. Мунун негизи экономика же финансы эмес. Бул деген жалпы адамзаттын кризиси. Диндердин, ар кандай коомдук, саясий, экономикалык концепциялардын кризиси болуп атат. Албетте мындай болуп аткандан кийин каржы кризиси анын бир гана бөлүгү. Ошондуктан азыркы болуп аткан окуя, кризистин экинчи толкуну Кыргызстан үчүн анча чоң маселе эмес. Маселе башкада. Дүйнөдө болуп аткан ошол кыймылдар, жаңы пайда болуп аткан саясий-экономикалык агымдар качан стабилдешет, качан ордуна келет? Ошол чоң маселе. Ошондуктан бул Кыргызстан үчүн эң оболу тышкы саясатынын маселеси.

Тышкы саясат демекчи, президент Курманбек Бакиевдин жаңы реформалык багыттарына ылайык, Тышкы иштер министрлиги өкмөттүн курамынан чыгарылып, ага мамлекеттик деген даража ыйгарылуу менен анын деңгээли башка министрликтердикинен жогору коюлду. Демек логика боюнча президентке гана баш ийген Тышкы иштер министрлигинин тышкы саясатка байланыштуу көрсөтмөлөрүн жалпы өкмөт аткарууга тийиш болот. Ал эми бири-бирине чырмалышкан дүйнөлүк экономика, андагы процесстердин таасирлери да кайсы бир денгээлде Тышкы иштер министрлигин ишмердүүлүгүнө жараша болот. Өкмөт өз кезегинде фискалдык жана монетардык саясатын ага жараша жөндөгөнгө үйрөнүүсү абзел.
XS
SM
MD
LG