Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:12

Америкалык экономисттер эмнеге Нобель сыйлыгын көп алат?


Экономисттер (солдон оңго) Питер Даймонд, Дэйл Мортенсон, Кристофер Писсаридестин Стокольмдо аларга Нобель сыйлыгы ыйгарылып жатканы жарыяланган залдагы сүрөттөрү. 11-октябрь, 2010

Экономисттер (солдон оңго) Питер Даймонд, Дэйл Мортенсон, Кристофер Писсаридестин Стокольмдо аларга Нобель сыйлыгы ыйгарылып жатканы жарыяланган залдагы сүрөттөрү. 11-октябрь, 2010

Нобелдин экономика боюнча сыйылыгы быйылкы жыл үчүн үч окумуштууга ыйгарылды.

Питер Даймонд, Дэйл Мортенсон жана Кристофер Писсаридес өз эмгектеринде жумуш жана кардар табуудагы кыйынчылыктардын себептерин изилдешкен. Ошондой эле эмне үчүн улам жаңы жумуш орундары ачылып жатканына карабай, көптөгөн адамдар ишсиз жүргөнүн жөн-жайын талдашкан.

Нобель сыйылыгына татыган эмгек

Нобель сыйлыгына татыктуу болгон Питер Даймонд менен Дэйл Мортенсон - АКШдан жана Кристофер Писсаридес - теги кипрлик Британ жараны. Үч аалым өз эмгектеринде, Нобелдик комитет түшүндүргөндөй, “кардарлар менен сатуучулардын”, “иш берүүчү менен жумуш издеген адамдын” түздөн-түз бири-бирин таба албаганынын себептерин талдап да түшүндүрүп да беришет. Бул кардар жана сатуучу базарда бирин-бири эч кандай тоскоолдуксуз табат деген эски теория жаңылыш экенин далилдейт.

Жаңы үч лауреттын эмгегинин практикалык мааниси жөнүндө экономикалык илимдер боюнча Нобель комитетинин төрагасы Бертил Холмлунд 11-октябрда жаңы лауреаттарды жарыялап жатып мындай деди:

- Эмгек рыногунда кээ бир фирмалар үчүн бош жумуш орундарына татыктуу адамдарды табуу жеңил иш эмес. Айрым бир жумушу жок адамдар да өзүнө ылайыктуу ишти тапканга чейин бир кыйла убактысын жоготот.


Эки жактын бирин бири табуусундагы берегидей тоскоолдуктар менен бейпайда жоготкон убакытты – үч илимпоз - рыноктун “бодур-бүдүрүнүн бейпайда сүрүлүүсү” (англисче, friction) деп аташат.

Даймонд, Мортенсон жана Писсаридестин теориялык изилдөөлөрүн мамлекеттик финансы, кыймылсыз мүлк базары, акча саясатында, атүгүл үй-бүлөлүк чарба жүргүзүүдө колдонсо болот. Алардын изилдөөсүнүн экономикалык мааниси тууралуу Стокольм университетинин профессору Петр Фридриксон мындай дейт:

- Нобель сыйлыгына татыктуу болгон үч экономист рыноктун өзгөчөлүгүнү friction же бейпайда сүрүлүү аркылуу ишенимдүү талдап чыгышты. Адамдар иш издегендегидей эле ишкана өзүнө даярдыгы ылайык жумушчу издеп жатып канча убактты теке кетирет. Үч илимпоз бул кубулуш аркылуу эмгек рыногунун реалдуу моделин түзө алган. Сиз эгер жумушсуздарга берилчү жөлөк пулдун экономикага, экономикалык саясаттын жумушсуздукка жана бош жумуш орундарынын эмгек акысына тийгизген таасирин билгиңиз келсе, Нобель сыйылыгын жаңы лауреаттарынын реалдуу моделин пайдалана аласыз.

Үч экономисттин изилдөөсү жумушсуздарга берилчү жөлөк пул канчалык чоң болсо, алар ошончо көп убакыт иш издээрин, анын натыйжасында жумушчу адистик чеберчилигин жоготорун, мындан экономика да зыян тартарын ырастайт.

“Алардын эмгеги Европаны 1980-90-жылдарда аксаткан жумушсуздуктун проблемаларын изилдегени менен бүгүнкү АКШ жана Испания, Грекия сыяктуу Европа өлкөлөрү үчүн да актуалдуу. Себеби, аалымдар эмгек рыногунун чыныгы моделин түзгөн”, - дейт профессор Фридриксон.

Испанияда эмгекке жарамдуу ар бир бешинчи адам жумушсуз болсо, АКШ менен Грекияда жумушсуздуктун деңгээли 10 проценттен бийик.

Советтик же экс-советтик экономисттер эмнеге Нобель сыйлыгын албайт?


Альфред Нобель өз мурасында экономика илиминдеги бараандуу эмгектерди сыйлоо жөнүндө эч нерсе айткан эмес. Андыктан, Нобелдин экономика боюнча сыйылыгы 1968-жылы Швециянын мамлекеттик банкы өзүнүн 300 жылдыгында түзүп, кийинки жылдан тарта бериле баштаган. Анын суммасы 1,5 миллион доллар. 1969-жылдан бери Питер Даймонд, Дэйл Мортенсон жана Кристофер Писсаридести кошкондо 69 аалымга ыйгарылды. Алардын 44ү америкалыктар, британдар 7 жолу, Норвегия, Швеция жана Израил жарандары эки жолудан сыйланды.

Мурдакы Советтер Союзунан 1976-жылы жалгыз гана Леонид Канторович бул сыйлыкка "Ресурстарды оптималдуу бөлүштүрүү теориясына кошкон салымы үчүн" татыктуу болгон. Ал теги голландиялык АКШ жараны Тьяллин Кунманс менен сыйлыкты тең бөлүшкөн.

Эмне үчүн экс-советтик өлкөлөрдөн бир да экономист-окумуштуу Нобель сыйылыгын албады? Профессор Шайлообек Мусакожоев сыйлыкка талапкерди мурда сыйлык алган адам көррсөткөндүктөн, АКШлык экономистер Нобель сыйылгын башка өлкөлөрдүн илимпоздорунан көп алууда деп эсептейт:

- Экономикалык илимдеги ачылыштары үчүн Нобель сыйлыгына талапкерди көрсөтүүгө биринчи иретте мурда ошол сыйлыкка лауреат болгон адам укуктуу экен. Ошон үчүн 1970-жылы Нобелдин экономикалык сыйлыгына татыктуу болгон профессор Пол Энтони Самуэлсон өзү иштеген Массачусетс технологиялык институттунда иштеген 15 адамга бул сыйлыкты алып берген. Мына ушнитип эле бирин-бири жылдыра беришет да алар.

Профессор Мусакожоевдин мындай пикирине швециялык илимпоз Петр Фридриксон макул эмес. Ал АКШда эркин экономиканын кубулуштарын изилдөөгө көп каражат бөлүнгөндүктөн америкалык илимпоздор Нобель сыйлыгына көп татыктуу болгонун айтат:

- Менин оюмча, экономикалык иликтөөлөр рынок экономикасына көүрөөк багытталган. Нобель сыйлыгы да рынок мамилелерин изилдеген эмгектерге көп көңүл бурганы жашыуун эмес. Кошмо Штаттарда эркин экономиканын өзгөчөлүктөрүн жана проблемаларын изилдөөгө олчойгон каражат жумшалат. Ошон үчүн Нобель сыйлыгы АКШнын илимпоздору алып жатпайбы.

Нобель сыйылыгы үч илимпоз-экономистке 10-декбарда Норвегиянын борбору Ослодо тапшырылат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG