Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

18-декабрда Билим берүү жана илим министрлиги 14 жогорку окуу жайынын билим берүү укугун чектеп, лицензияларын алып койду. Министрликтин адистери аны сандан сапатка өтүү процесси катары түшүндүрүшүүдө. Көз карандысыз адис, “Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Кубанычбек Өмүралиев “Азаттыктын” буга байланыштуу суроолоруна жооп берди. Адис менен кабарчыбыз Илим Жанузаков байланышты.

“Азаттык”: - Кубанычбек мырза, мына 18-декабрда Билим берүү жана илим министрлиги 14 жогорку окуу жайдын билим берүү укугун чектеп, лицензияларын алып койду. Андан тышкары 15 окуу жайдын 70 адистик боюнча лицензиясы токтотулуп, 17 окуу жайдын 67 адистик боюнча лицензиясы үч айга токтотулду. Сиз билим берүү жаатындагы мындай кадамдарды кандай бааладыңыз?

К.Өмүралиев: - Мен биринчиден, эгер ошонун бардыгы калыстык менен, ачык-айкын жүргүзүлгөн болсо билим берүү министрлигинин мындай саясатын колдойт элем. Эгер ушундай чечим кабыл алардан мурда коомчулукка, ошол окуу жайлардын студенттерине айтылган болсо. Анткени бул жерде ошол студенттерге кыйыныраак болуп калып атат да. Ошондуктан булардын бардыгына алдынала айтылган болсо, анда мындай кадам эң туура болгон.

Бирок менин мындай саясатты колдогонумдун дагы бир себеби, бул – билим берүүнүн сапатына байланыштуу. Чынында биз көбүбүз учурунда жогорку окуу жайларында билим алдык. Эми болсо Ала-Букада, Кызыл-Кыяда, Баткенди айтпаганда райондордун борборлорунда институттар, университеттер ачылып кеткен экен. Биз эми кичинекей мамлекетпиз, чакан өлкөбүз, баарыбыз бири-бирибизди жакшы билебиз, тааныйбыз. Андыктан анча көп жогорку окуу жайлар көптүк кылат, алардын бардыгынын зарылчылыгы жок эле. Бул өтө көп деп ойлойм.

Ал эми башка маселе, алардын кайсынысынын канчалык деңгээлде лицензиялары туура токтотулганы. Бирок негизинен мындай маселе толук бойдон бар. Ошондуктан муну бүгүн же эртең чечиш керек эле.

Мен дагы бир нерсени айтып кетким келет. Кыргыз элинде “Карга баласын аппагым дейт” дегендей, ар ким эле балдарына билим бергиси келет. Жакшы келечеги болсо экен деп ойлойт. Ошондон улам билим берүү туура эмес коммерциялашып кеткен да. Анан элдердин мүмкүнчүлүктөрү да чектелүү эмеспи. Анан кийинчерээк көптөгөн жогорку окуу жайлардын, тээтиги Москваныкы баштап, биздин эле борбордогу окуу жайлардын филиалдары жер-жерлерге, айылдарга чейин ачылып кеткен. Бирок алардын сапаты канчалык болгону менен эч кимдин жумушу болгон эмес.

Эми муну башынан карап, мурда эле чара көрүлүшү керек эле. Бирок ушундай кескин чаралар дагы керекпи деп ойлойм. Бирок дагы бир жолу айта кетейин, бул канчалык деңгээлде акыйкаттык менен жасалды айта албайм.

“Азаттык”: - Кубанычбек мырза, жанагы лицензиясы алынган 14 жогорку окуу жайынын арасында Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун академиясы дагы бар экен. Буга байланыштуу ЕККУ жана анын академиясы тынчсыздануусун билдиришти. Алар академиянын билим берүү сапаты жогору эле экенин айтып атышат. Бул боюнча эмне дейсиз?

К.Өмүралиев: - Бир гана Бишкектеги ЕККУнун академиясы гана эмес кээ бир ири окуу жайлардын деле айрым предметтери боюнча лицензияларын чакыртып алышыптыр. Эми бул канчалык түрдө акыйкат жана туура чечилгени боюнча менин так жообум жок.

Маселен ЕККУнун академиясында менин билишимче политология боюнча адистерди даярдашчу. Анан бул жерде айта кетсек, ЕККУ дүйнөдөгү белгилүү эл аралык уюм да. Анан аны биздеги Ала-Букада же Кызыл-Кыяда жайгашкан институттардын денгээли менен салыштырууга болбойт го дейм.

“Азаттык”: - Сизге маегиңиз үчүн чоң рахмат!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG