Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Өмүрбек Текебаевге кылмыш иши козголгону айтылууда


Башкы прокуратура УКМКнын документтеринин негизинде “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ак үйдөгү жеке булактар кабарлады.

Кылмыш иши 2012-жылдагы MegaCom акцияларынын алкагында “алдамчылык” беренеси боюнча козголгону кабарланды.

Өмүрбек Текебаев өзүнө козголгон иштен кабары жок экенин, учурда Австриянын борбору Вена шаарында депутаттык топ менен Европарламенттин жыйында жүргөнүн билдирди. Ал эртең гана Бишкекке учуп келе турганын, бирок ага карата козголгон иш күтүлгөн, УКМК тарабынан пландалган экенин кошумчалады.

УКМК жана Башкы прокуратура азырынча козголгон иш боюнча комментарий бере элек.

2016-жылы ноябрда УКМК “Ата Мекендин” депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова “Альфа Телекомдун” (Мегаком) 50% акциясын сатууну көздөгөн, муну Белиз өлкөсүнөн алынган документтер ырастады деген. (SDz)

XS
SM
MD
LG