Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:37

А.Мамараимов: Үгүт эрежелерин бузгандарга чара көрүлөт


Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдымомун Мамараимов “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берип, үгүт иштери башталаар алдында кызыкдар тараптарга оюн эрежелерин дагы бир ирет эске салды.

- Абдымомун мырза, мына эртең үгүт иштери башталат. Буга байланыштуу үгүт иштерине катышып аткан маалымат каражаттарынын иштерине кандайча көзөмөл жүргүзүлөт?

- Биринчи кезекте айтып кетиш керек, ошол үгүт иштерине катышуу үчүн бизде республика боюнча 183 маалымат каражаты БШКдан аккредитациядан өтүшкөн. Алардын мыйзамга ылайык иш алып баруусун көзөмөлдөө боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн. Бул жумушчу топ буга чейин деле иштеп келген.

Мына азыр бизге көп жерден ар кандай маалыматтар келип түшүп атат. Партиялардын өкүлдөрү, жеке жарандар кайрылып атышат. Үгүт иштерин алдын-ала баштап жиберишкенин айтып атышат. Ушул сыяктуу маалыматтардын негизинде биз иликтеп чыгып, он чакты партияга эскертүүлөрдү бердик.

Андан тышкары маалымат каражаттарында да мүчүлүштүктөр болуп атты. Булардын бардыгын биздеги жумушчу топ иликтеп чара көрүп атат.

Эми азыр биздин чаралар азырынча эскертүүлөр менен чектелип турат. Анткени бизде Шайлоо кодексинде жазылган, “экиден көп мыйзам бузуулар болгондо гана партияларга чара көрүү керек” деп. Эгер кайсы бир партия үгүт маалында экиден көп мыйзам бузган учуру катталса, аны шайлоодон алып коюшубуз мүмкүн.

- Маалымат каражаттары боюнчачы... ММКлар мыйзам бузган учуру катталса кандай чаралар көрүлөт?

- ММКлар мыйзам буза турган болсо, алардын аккредитациясын алып салабыз.

- Маселен, шайлоо өнөктүгүн жаңылык катары чагылдырып аткан маалымат каражаттары менен коммерциялык негизде партиялар менен иштешкендерди кандай жол менен аныктайсыздар?

- Бул боюнча бизде атайын көрсөтмө иштелип чыккан. Ал көрсөтмө БШКда бекитилген. Ал жакта так көрсөтүлгөн, кандай учурларда жөн гана маалымат деп саналат, кайсы учурда үгүт деп эсептелет. Бул боюнча Шайлоо кодексинде да так жазылган.

Биринчиден, жөн эле маалыматты чагылдыруу маселеси турса, анда ал жерде бир партияга басым жасалбашы керек. Бардык партиялар бирдей аталыш керек, алар тууралуу бирдей маалымат берилиши керек. Мындай маалыматтарда кайсы бир партияга добуш берүү же бербөөгө үндөгөн чакырык болбошу керек. Ал эми үгүт иштеринде болсо, ММКлар кайсы бир партияга так, ачык добуш берүүгө чакырып, үгүттөй беришет.

- Үгүт маалында партиялардын маалымат таркатуу саясаты кандайча көзөмөлдөнөт? Маселен жарнамаларды илүүдө, берүүдө талаптар коюлабы. Мамлекеттик тил мыйзамы боюнча талаптар?

- Азыр бизге көп партиялар жеке өздөрүнүн демилгелери менен келип атышат. “Тил маселеси боюнча кандай болот? Тил комиссиясынан документтер керекпи?” дегендей суроолорду берип атышат.

Эми бул боюнча айта кетсек, азыр мамлекеттик тил күнү жакындап келатат. Менин оюмча бул маселеге партиялар өздөрү жоопкерчилик менен карап, буга кам көрүүлөрү керек. Эгер алар кыргызча туура эмес жазып же тил мыйзамын бузуп коюшса, өздөрүнүн эле үгүт иштерине чоң залакасы тийип калышы мүмкүн. Жазгандары же которгондору туура эмес болсо, Мамлекеттик тил комиссиясы да карап турбаса керек.

- Мыйзам бузуу иштери арыздардын негизинде каралабы?

- Булардын бардыгы кодексте так жазылган. Партиялар улуттар аралык, диндер аралык араздашууларга жол бербей турган маалыматтарды таркатпашы керек. Эгер ушул сыяктуу эрежелер бузула турган болсо партиялар же жеке жарандар бизге кайрылуулары мүмкүн. Арыз түшсө эле биздеги жумушчу топ карап чыгат.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG